Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - РЕСУРСТАР

РЕСУРСТАР

БААУнун бүтүрүүчүлөрүнүн коомчулугунун мүчөсү катары сиз артыкчылыктар менен кызматтардын кенен спектринин кызматтарынан пайдалана аласыз. БААУнун китепканасынын кызматтарынан пайдалануудан, кесипкөйлүк өнүгүүнүн ар тараптуу мүмкүнчүлүктөрүнөн, БААУнун өнөктөштөрүнүн арзандатууларынан жана башкалардан рахат алыңыз. БААУнун бүтүрүүчүлөрүнүн бардык жеңилдиктери менен кызматтары Универсалдуу идентификациялык картанын ээлерине акысыз бекер түрдө жеткиликтүү. 

КИТЕПКАНА 

Бүтүрүүчүнүн мүчөлүк билети бар БААУнун бүтүрүүчүлөрү университеттин китепканасынын кызматтарынан пайдалана алышат. Сиз төмөнкү китептер менен справочниктерди пайдалана аласыз: EBSCO, JSTOR, Columbia International Affairs Online, LexisNexis Academic, Oxford Reference Online, Cambridge Journals Online, EastView жана башкалар. Биз EBRARY маалыматтар базасы аркылуу 30 миңден ашуун аталыштагы толук тексттүү электрондук китеп, монографиялар жана илимий басылмаларга жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздап беребиз. 

Пайдалануу укугу БААУнун кампусу аркылуу гана берилет. 

БААУнун китепканасы

Тел .: (+996) 312 915 000 кошумча номур 305

E-mail: library@auca.kg

Сайт: https://library.auca.kg/

 

ТРАНСКРИПТ ТАЛАМДАРЫ

БААУ академиялык билдирмелерди, окууга кабыл алынгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана башка сиздин университеттеги студенттик ишмердүүлүгүңүзгө байланышкан документтерди бере алат. Сиз мындай документтердин көчүрмөлөрүн акысыз бекер буйрутма бере аласыз. Документтердин түрлөрүнөн көз каранды түрдө айрымдарын чакан акы төлөө менен алуу мүмкүн. 

Бирдиктүү тейлөө борбору

Тел .: (+996) 312 915 000 кошумча номур 289

Электрондук почта: service@auca.kg

Өмүр бою берилүүчү e-mail 

 

БААУда өмүр бою колдонууга берилүүчү электрондук почталардын каттоо эсеби каралган (Фамилия_а@alumni.auca.kg). Аны сиз студент катары каттоо эсебиңиз аяктагандан кийин да пайдалана аласыз. Айтор иш которууларыңыздан көз карандысыз түрдө досторуңуз сиз менен БААУнун бүтүрүүчүлөрүнүн электрондук дареги аркылуу оңой байланыша алат.

 

Аламни реюнион жана башка иш-чараларга катышуу

Бүтүрүүчүлөр менен байланыштар боюнча кеңсе жыл сайын бүтүрүүчүлөр үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүп келет. Алардын арасында Grand Reunion жана Карьера жарманкеси сыяктуу ири жана башка чакан иш-чаралар бар. Ошондой эле ар бир бүтүрүүчү өз алдынча бүтүрүүчүлөр үчүн жолугушуу уюштура алат. Биз сиздин кайсы өлкөдө жайгашканыңыздан көз карандысыз түрдө иш-чараны уюштуруу боюнча ар тараптуу жардамдарды көрсөтөбүз. 

 

Карьералык кызматтар

Сиз жумуш берүүчү катары БААУнун Карьералык кеңсесинин кызматынан пайдаланып, биздин студенттер менен бүтүрүүчүлөргө жумуш табууга, тажрыйба арттырууга жардам бере аласыз. Же болбосо өзүңүз жумуш издеп аткан болсоңуз, анда БААУнун Карьералык кеңсеси болгон бош орундардын ичинен сизге туура келген жумушту табууга жардам берет.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028