Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - ЭЛ АРАЛЫК БААУ ЖАТАКАНАСЫ

ЭЛ АРАЛЫК БААУ ЖАТАКАНАСЫ

БААУ эл аралык жатаканасында ар улуттун өкүлдөрү ынтымакта жашайт. Жатакана бардык керектүү жабдыктар жана коопсуздук системалары менен жабдылып, студенттердин ыңгайлуу жана коопсуз жашоосу үчүн эң ылайыктуу турак жай болуп саналат.

Алмашуу программасы менен бир семестр окуй турган студенттер Жатаканада жашоосу шарт. Алмашуу программасы менен бир окуу жылы окуй турган студенттер, экинчи семестрде өздөрү каалаган жерде жашай алышат – же жатаканада, же ижарага алынган батирде калса болот.

Чет элдик студенттер, өзгөчө Жаңы Муун Академиясынын студенттери жатаканада калгандары артык көрүлөт, себеби бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган, коопсуз, ар улуттун өкүлдөрү жашаган жерде калуу ынтымактуу университеттик жамаатка, Бишкекте жашоого, университеттин тартибине тезирээк ыңгайлашууга көмөк көрсөтөт. Стипендия алган студенттер БААУ Грант кеңсеси менен жатакана төлөмдөрү жөнүндөгү шарттарды тактап алышы зарыл.

БААУ жатаканасы Бишкектин 6-микрорайонунда, БААУ жаңы кампусуна, ири соода, маданий, көңүл ачуу,  медициналык жайлардын жанында жайгашкан.

Жатакананын ыңгайлуу бөлмөлөрү, ашканасы, кир жуучу жайы, компьютердик лабораториясы, сабак окуу бөлмөсү, спорттук машыгуулар үчүн керектүү шаймандар менен жабдылган кенен короосу бар. Бул жерде 24 саат бою Wi-Fi интернет жана телевизорлор орнотулган. Бөлмөлөр эки жана төрт кишилик болот.

2017-2018, 2018-19 окуу жылында, турак акысын өзү төлөгөн студенттер үчүн төлөм айына 190 АКШ долларын түзөт.

Чектөөдөн ашканда, күнүмдүк турак акысы 10 АКШ долларын түзөт.

БААУ жатаканасында жашоо эрежелери менен бул баракчада таанышыңыз.

Жатакана тургундарынын окуудан тышкары иш-чаралары менен таанышуу үчүн бул шилтемени басыңыз.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028