Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Көңүл ачуу

КӨҢҮЛ АЧУУ

МУЗЕЙЛЕР

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейи - Орто Азиядагы ири музейлердин бири, Бишкек шаарынын борборунда, Ала-Тоо аянтында жайгашкан.

XIX кылымдын аягында XX кылымдын башында жыйналган археологиялык жана этнографиялык экспонаттардын бай коллекциясына ээ. Алардын арасында аска-таш сүрөттөрү, коло, керамика буюмдары, асыл металлдардан жасалган көркөм өнөр буюмдар, улуттук музыкалык аспаптар, улуттук кийим, ат жабдыктары, кийиз буюмдары бар.

Башкалар:

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи – Абдрахманов көчөсү 196, Шр-Жш 09:00-17:00

Кыргыз элдик жана көркөм өнөрүнө; орус жана советтик көркөм өнөрүнө арналган. Алгач Эмен токоюндагы Ыйык Николай Чиркөөсүндө Мамлекеттик сүрөт галереясы катары ачылган. Азыркы учурда Чиркөөдө Советтик сүрөтчүлөр биримдигинин галереясы жайгашкан.

М.В.Фрунзе атындагы музей – Фрунзе көчөсү, 346 – Шр-Жм 09:00-17:00; Иш-Жш 09:00-16:00
М.В.Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттик мемориалдык музей үйү – Кыргызстанда Михаил Фрунзенин өмүрүнө жана ишмердигине арналган биринчи музей, 1925-жылы ачылган.

1967-жылы М.В.Фрунзе музейинин жаңы имаратынын курулушу бүтүрүлгөн. Курулуштун ичинде орун алган, камыш чатырлуу саман үй негизги экспонат катары белгиленген. Музей үйүнүн экспозициялык аянты 240 м2тан 2000 м2ка чейин өскөн.

2001-жылдын 1-январында музейдин негизги фондунда 6583 экспонат сакталган. Музейде көрсөтүлгөн экспонаттар – түп нускалар, М.В.Фрунзенин үй-бүлөсү жана достору берген буюмдар, эмеректер, идиш-аяктар, китепкана. Үйдүн ичиндеги абал Кыргызстанда 19-кылымда, 20-кылымдын башында жашаган орустардын жашоосун чагылдырат.

Тыныбек Садыков музейи –Тоголок Молдо көчөсү – Дш-Жм 09:00-12:00 + 13:00-16:00

Скульптор Тыныбек Садыковдун чыгармаларынын кичирейтилген нускалары сакталат. Түп нускалары Филармониянын алдында, Көтөрүлүш үчүн күрөшүүчүлөр аянтында, Жеңиш Аянтында орун алган.
Аалы Токомбаев музейи – Чуйков көчөсү 109, Дш-Жм 09:00-17:00

Токомбаев – атактуу кыргыз акын, поэт жана жазуучу. Анын үйү жашоосуна жана ишмердигине арналган музейге айландырылган. Кирилл алфавитиндеги кыргыз тилинин стандартташтырылышына көмөктөшкөн. Музейде падышага каршы 1916-жылкы көтөрүлүшкө чыккан кыргыздардын Кытайга көчү – Үркүн жөнүндө көргөзмө өткөрүлгөн.
Гапар Айтиев студиясы – Тыныстанов-Чокморов көчөлөрүнүн кесилиши

Айтиев – сүрөтчү жана скульптор, анын музей-студиясында айрым чыгармалары, пейзаждар, көмүр, пастель менен тартылган сүрөттөр, жыгачтан жасалган скульптуралар жайгашкан.

Семён Чуйков музейи – Чуйков көчөсү, 87

Ачык абадагы скульптуралар музейи – Эмен Токою

Кыргыз ССРнин 60-жылдыгына арналып, 1984-жылы ачылган. СССРдин бардык республикаларындагы скульпторлор “Тынчтык жана эмгек” темасында өз чыгармаларын сунуштаганга чакырылышкан. Аткарылган чыгармалар паркта жайгаштырылган. Көптөгөн металл конструкциялары, анын ичинде Юрий Гагариндин коло бюсту да уурдалып кеткен.

Токтогула Сатылганов атындагы адабият музейи – Токтогул көчөсү 109, Дш-Жм 08:00-12:30 + 13:30-17:30. Кыргыз адабиятына арналган. Көптөгөн сүрөттөр, эстеликтер, документтер көрсөтүлөт.

Минералогиялык музей Чүй проспекти 164, - Дш-Жм 09:00-15:30
Музейде республикада табылган минералдардын үлгүлөрү сакталат.

Зоологиялык музей – Пушкин көчөсү 78, Дш-Жм 10:00-17:00
Кыргызстанда жашаган жана чет өлкөлөрдөгү жаныбарлардын (сойлоп жүрүүчүлөр, куштар, сүт эмүүчүлөр, омурткасыздар) кургатылган дене сөөктөрү (чучело) жайгаштырылган. Тирүү сойлоп жүрүүчүлөр да сакталат. Музей имаратында (Достук үйү) мурда республиканын биринчи өкмөтү жайгашкан. Имарат ыктыярдуу “Интергельпо” тоу тарабынан 1927-жылы курулган. Курулуш бүткөндөн кийин Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин имараты Тарых Музейинин балансына өткөн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын музейи – монеталар, банкноталар, казына документтеринин түп нускалары жана жасалмалары көрсөтүлөт.

«Ала-Арча» Улуттук Паркынын музейи – Парктын ичине бир нече километр жүрүү керек. Тарыхый имараттын атайын бөлмөсүндө Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көлдүн тегерегинде жашаган жан-жаныбарлардын түрлөрү жайгашкан.

Улуттук Китепкана – Китепкана 1934-жылдан бери иштейт. 50-жылдыгына карата, 1984-жылы азыркы имаратка көчкөн. Китепканада республикада чыккан бардык басылмалардын көчүрмөлөрү, ошондой эле КМШ өлкөлөрүндө жана алыскы чет өлкөлөрдө чыгарылган басылмалар сакталат.

 

  

ТЕАТРЛАР ЖАНА МУЗЫКА

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясы - Чүй проспекти, 251.  

Классикалык, кыргыз улуттук, популярдык-эстрадалык музыка үчүн эки концерттик зал.

 

 

Башкалар

Кыргыз драма театры

Панфилов көчөсү 273
Тел.: 665802, 216958; 
Иш убакыты: 8:00-20:00; 
Билеттер – 20-200 сом
Оюндар кыргыз тилинде коюлат.

Орус драма театры
Тыныстанов көчөсү 122, Эмен Токою; 
Тел.: 662032, 621571; 
Иш убакыты: Дш-Жм, 10:00-18:00; Билеттер – 30-100 сом
Оюндар орус тилинде коюлат

Бишкек шаардык драма театры
К.Баялинов атындагы Балдар жана жаштар республикалык китепканада жайгашкан. Чет элдик жана жергиликтүү оюнчулардын оюндары коюлат.


Куурчак театры
Совет – Мичурин кесилиши
Жекшемби күндөрү - 11:00

К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы

Жантөшев көчөсү, 115, тел.: 479542
Консерватория студенттери жана профессорлорунун концерттик чыгуулары

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028