Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Кыргызстандын жарандарынын арыз берүүсү

Кыргызстандын жарандарынын арыз берүүсү

 

ТАПШЫРУУГА КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР


БААУга АРЫЗ БЕРҮҮ 
• ДИЛБАЯН
КИРҮҮ СЫНАГЫНЫН НАТЫЙЖАЛАРЫ 
ОРТО МЕКТЕПТИ БҮТҮРГӨНДҮГҮ ТУУРАЛУУ АТТЕСТАТ 
• ПАСПОРТТУН КӨЧҮРМӨСҮ 

• СҮРӨТ

• РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТ БОЮНЧА НАТЫЙЖАЛАРДЫН КӨЧҮРМӨСҮ (Кыргызстандын ГАНА жарандары үчүн)

РЕСПУБЛИКАЛЫК ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАЛАРЫНЫН ДИПЛОМДОРУНУН  КӨЧҮРМӨЛӨРҮ (Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн гана жарандары үчүн)

 

 

ОН-ЛАЙН түрүндөгү АРЫЗДЫ толтуруңуз же БААУнун кабыл алуу арызын тийиштүү документтер менен бирге университетке төмөнкү дарек боюнча жөнөтүңүз:

Кыргызстан
720060, Бишкек
Аалы Токомбаева 7/6 
Борбордук Азиядагы Америка Университети
Кабыл алуу бөлүмү , G20-бөлмө
телефону: (+996 312) 915-000,  +406, +409
эл.дареги: admissions@auca.kg

 

ДИЛБАЯН

Борбордук Азиядагы Америка университетин программаларынын бирин тандап алууңуздун себептерин, о.э. сиздин БААУда билим алууңуз жашоо максатыңызга жетүүдө кандай жардам бере тургандыгын баяндаган дилбаян жазыңыз. Жана сиз эмнелерге берилүү менен кызыгасыз жана ал сиздин турмушуңузга кандай таасир бере тургандыгы жөнүндө бизге айтып бериңиз. өз максатыңыз жөнүндө 700 сөздүн чегинде дилбаян жазып өз арызыңызга тиркеп коюуну өтүнөбүз.


КАБЫЛ АЛУУ СЫНАКТАРЫНЫН НАТЫЙЖАЛАРЫ

Англис тили боюнча расмий сынактын сертификаты (бир гана сертификат тапшырылышы керек):

◦ Англис тилин билүү боюнча БААУнун кабыл алуу сынагынын сертификаты же
TOEFL боюнча расмий сертификаты (кагаз жүзүндөгү же интернет аркылуу) – БААУ үчүн КОДУ 0419 же
IELTS боюнча расмий сертификат - БААУ үчүн КОДУ 0419 же 8306 (бакалавриат программасы үчүн), 8305 – (магистратурада окугандар үчүн) 

Кирүү сынактарынын расмий натыйжасы (бир сынак боюнча гана сертификат берилиши керек): 
БААУнун кабыл алуу сынагы

◦ SAT  – БААУ үчүн КОДУ 5825 же 
ACT тести, ага кошумча жазуу иши БААУ үчүн КОДУ 5479


ОРТО МЕКТЕПТИН АТТЕСТАТЫ (баа коюлган барагы менен)

◦ орто мектепти кесиптик-техникалык окуу жайды бүтүргөндүгү тууралуу аттестаттын көчүрмөсү, болбосо азыр акыркы жылы мектепте окуп жаткандыгын тастыктай турган далилкат.
◦ (Эскертүү: БААУга тапшырууда аттестаттын же кесиптик-техникалык окуу жайдын дипломунуну түп нускасы тиркемеси менен бирге Кабыл алуу бөлүмүнө тапшырылышы керек)
◦ (Эскертүү: окуу мекемелерин Кыргызстан чегинен сырткары жерден бүтүрүп келген абитуриенттер орто билим жөнүндөгү КРнын мамлекеттик үлгүсүнө төп келүүчү аттестатка ээ экендигин тастыктай турган документ тапшыруулары керек. Университетке келгенден кийин чет элдик окуу жайынан алынган документ жана нотарис тарабынана тастыкталган орусча котормосу (анын ичинде баалардын баракчасы) КРныны Билим берүү министрлигине билимдин деңгээли менен мазмунун ырастоо максатында тапшырылышы керек. Министрлик кайрылуучунун билимин тааный турган Сертификат берет, ал Кабыл алуу бөлүмүнө тапшырылат.


ПАСПОРТТУН КӨЧҮРМӨСҮ

Паспорттун ээси жөнүндө жеке маалымат камтылган беттери жана,

• Кыргызстандын жарандары эмес, бирок Кыргызстанда жашоочу абитуриенттер үчүн Кыргызстандын визасы коюлган беттин көчүрмөсү (чет элдик студенттер КРга келгенден кийин 2 күн ичинде Эл аралык иштер боюнча бөлүмүнөн каттоодон өтүп, өзүнүн кыргыз визасынын көчүрмөсүн жана  Ички иштер министрлигине документтерди каттатуу үчүн тапшырышы керек


2 түстүү сүрөт (3 х 4 см - ак фондо болуш керек)

 

 

 

РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТ БОЮНЧА СЕРТИФИКАТ (Кыргызстандын жарандары үчүн ГАНА)

Эскертүү: Республикалык тесттин сертификатын тапшыруу милдеттү. Ал сиздин кабыл алуу чечимге таасир кылбайт, бирок каржылык колдоо жана стипендия сурап кайрылгандар үчүн республикалык тесттин жыйынтыктарынын жана\же алтын сертификаттын көчүрмөсүн Каржылык колдоо бөлүмүнө тапшыруу маанилүү


Республикалык жана Эл аралык олимпиадалардын дипломдорунун көчүрмөлөрү

• Конкреттүү темалар боюнча бардык Республикалык жана Эл аралык олимпиадалардын дипломдорунун көчүрмөлөрү (Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн гана жарандары үчүн)

 

 

 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028