Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Bishkek Legal Hackathon 201

Bishkek Legal Hackathon 201

 

6-7-май 2019-жыл
БААУ, Аалы Токомбаев көчөсү 7/6

 

Уюштуруучулар

GRATA International - 1992-жылы түптөлгөн Эл аралык юридикалык фирма. Бүгүнкү күндө фирманын карамагында дүйнөнүн 20 өлкөсүндө 250дөн ашуун адис эмгектенип, алар укуктун дээрлик бардык тармактары боюнча кеп-кеңеш берүү тажрыйбасына ээ.

 

http://www.gratanet.com/

 

Борбордук Азиядагы Америка университети - 1993-жылы негизделген Эл аралык университет. Гуманитардык илимдер тармагында америкалык билим берүүнүн мыкты салттарында окуткан мультидисциплинардык коомчулук болуп саналат. Университеттин окутуу планы даярдоо программасын (Жаңы муун академиясы), 14 бакалавр жана 9 магистрдик программаны камтыйт.

 

https://www.auca.kg/

 

 

Хакатон деген эмне?

Хакатон (англ. hackathon, hack(хакинг) жана marathon(марафон) сөздөрүнөн куралган - адатта эки күндүк иш-чара. Бул аралыкта ар кандай тармактардын адистери, анын ичинде программалык камсыздоонун иштеп чыгуучулары кандайдыр-бир маселени чечүүнүн үстүндө интенсивдүү жана өз-ара аракеттенишүү аркылуу активдүү иштешет.


Хакатондун багыттары

Биринчи багыт: Сот адилеттигине жетүү

  • адамдарга өз мыйзамдуу укуктарын пайдаланып, дискриминацияга каршы күрөшүүгө жардам бере турган азыктарды жаратуу
  • калктын юридикалык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча долбоорлорду өнүктүрүү
  • Калк үчүн жеткиликтүү юридикалык кызматтар
  • Чыр-чатактарды чечүү же алдын-алуунун альтернативдик жолдору.

Экинчи багыт: юридикалык бизнес жана компаниялар үчүн инновациялар

  • шаблондуу юридикалык процесстерди автоматизациялоо үчүн инновациялык чечимдер
  • Кайталанма операциялык маселелер үчүн инновациялык алгоритмдер

 

Хакатонго кимдер катыша алат?

Эң оболу биз студент-юристтерди жана студент-программисттерди, ошондой эле үйрөнчүк юрист менен программисттерди күтөбүз. Мындан тышкары бизнес, маркетинг, дизайн жана башка тармактардын өкүлдөрүнүн катышуусу колдоп-кубатталат.

 

Байге фонду

1000 АКШ доллары.

 

Каттоо

Иш-чарага каттоо шилтеме аркылуу

 

Эрежелер

Хакатонго катталуу менен сиз Bishkek Legal Hackathon 2019дун эрежелерине макулдугуңузду берген болосуз. 

 

Хакатондун жүгүртмөсү

6-7-май 2019-жыл

6 мая

09:00

Катышуучуларды каттоо, кофе-брейк, нетворкинг

 

09:45

Уюштуруучулардын ачылыш сөзү

 

10:00

Иш-чаранын спикерлеринин лекциялары

 

12:00

Брейншторминг жана командалардын курамдарын бекитүү

 

13:00

Иш-чаранын катышуучулары жана уюштуруучулары үчүн түштөнүү

 

14:00

Командаларда иштөөнүн башталышы (24 саат)

 

20:00

Онлайн чек-пойнт (катышуучулардын прогрессин текшерүү)

 

 

 

7 мая

10:00

Катышуучулар үчүн эртең мененки тамак

 

14:00

Командалардын чогулуусу, кофе-брейк, бет ачарлардын тартибинин чүчү кулагы, бет ачарларга техникалык даярдык

 

14:30

Командалардын бет ачарларынын башталышы

 

16:30

Кофе-брейк, тыныгуу

 

17:00

Командалардын бет ачарларынын уландысы

 

18:30

Бет ачарлардын бүтүшү, калыстардын баалоосу, жеңүүчүнү аныктоо

 

19:00

Кулактандыруу жана Хакатондун жеңүүчүлөрүн сыйлоо

 

 

Хакатондун спикерлери жана калыстары

Жанабиль Давлетбаев- Кыргызстандын юристтеринин асоциациясынын мүчөсү. Соттук реформаларга байланышкан демилгелердин катышуучусу, КРнын Президентинин алдындагы соттук реформалар боюнча кеңештин эксперттик тобунун мүчөсү. “Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фондунун программаларынын координатору. Борбордук Аизиядагы блокчейн-коомчулугунун асоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Азис Абакиров- IT-ишкер, Кыргызстандык программалык камсыздоо жана кызматтардын иштеп чыгуучулар ассоциациясынын төрагасы, КРнын Жогорку технологиялар паркынын, IT Академиясынын негиздөөчүсү. 
Каныбек Чериков- жеке ишкер, салык маселелери боюнча юрист. Салык системасында 10 жылдык иш тажрыйбасы бар, анын ичинде “чоң төрттүккө” кирген компаниялардын катарында. Учурда “Чериков жана өнөктөштөр” бухгалтердик компаниясынын директору жана негиздөөчүлөрүнүн бири болуп эсептелет. legatech тармагында эки стартапты жаратуу тажрыйбасына ээ. Бизнес жана IT-чечимдерге баалуулуктар аркылуу жол табуунун жактоочусу.
Канат Сейдалиев- GRATA International`дын Кыргызстан жана Тажикстандагы кеңселеринин өнөктөшү жана жетекчиси. Каржы институттарын трансчегаралык биригүү жана кошуп алуу, ошондой эле Эл аралык долбоорлук каржылоо маселелери боюнча консультациялайт. Мындан тышкары чет элдик компанияларга банк, телекоммуникация жана өндүрүштүк секторлорго инвестициялоо маселелери боюнча кеп-кеңешин берип келет. 
Галина Кучерявая- “Скай Мобайл” (Beeline СМ) ЖЧКнын укуктук маселелер жана мамлекеттик органдар менен өз-ара аракеттенишүү боюнча директору. Банк системасында 19 жылдык иш тажрыйбасына ээ. 2015-жылы “Демир Кыргыз Интернешнл Банк” ЖАКынын Башкармалыгынын төрагасынын орун-басары кызматынан “Скай Мобайл” ЖЧКсына жумушун алмаштырган. Эл аралык ишкердик кеңешинин төрагасынын орун-басары, AmCham директорлор кеңешинин мүчөсү, Байланыш операторлорунун ассоциациясынын башкармалыгын мүчөсү болуп саналат. “The Best Lawyers” басылмасынын тандоосу боюнча кесиптештери тарабынан КРнын мыкты банк кызматкери деп бир нече ирет табылган. 10 жылдан ашуун убакыттан бери КРнын соода-өндүрүштүк палатасынын Эл аралык бейтарап сотунун арбитри болуп эмгектенип келет.

 

Алтынбек Исмаилов - КРнын Жогорку технологиялар паркынын директору. Алтынбектин жетекчилиги астында ЖТП жаңы рынокторду ачууда, стартаптар үчүн жагымдуу шарттарды жана технологиялык компаниялар үчүн физикалык инфраструктураны түзүүдө. БААУда “Эксперименталдык изилдөөлөргө киришүү” курсунан сабак берет. Ал БААУнун экономика факультетинин бүтүрүүчүсү жана мамлекеттик башкаруу боюнча Колумбия университетинин (Нью-Йорк) магистри болуп саналат. Жеке, өкмөттүк эмес жана мамлекеттик тармактарда 7 жылдык иш тажрыйбасы бар.

 

Эмануэле Коста БААУда 2009-жылдан тарта эмгектенип келет. Учурда ал SEBA`дагы FII институтунун окутуучусу жана директору болуп саналат. Эмануэле математика жана компьютердик илимдер тармагында Ланкастер университетинин (Улуу Британия) бакалавр жана жасалма интеллект тармагында Эдинбург университетинин (Улуу Британия) магистр даражаларына ээ. Ушул тапта Болонья университетинде (Италия) MBA даражасын алууда.

 

Медер Акенеев - GRATA International`дын Бишкек кеңсесинин юристи. Ал каржылык жана корпоративдик, ошондой эле КРнын банк жана инфраструктуралык тармактарындагы биригүү жана кошуп алуу маселелери менен алектенет. Медер укуктун магистри даражасын Борбордук-Европалык университетте, ал эми укук боюнча бакалавр даражасын артыкчылык менен БААУда алган. Bishkek Legal Hackathon 2019 иш-чарасынын уюштуруучуларынын бири жана модератору.

 

FAQ

Суроо: Хакатон кантип өткөрүлөт?
Жооп: Биринчи күнү катышуучуларды спикерлердин чыгуулары жана потенциалдык долбоорлор үчүн идеяларды талкуулоо күтөт. Андан соң командаларды бекитүү орун алып, алар 24 саат аралыгында жеке долбоорлорун иштеп чыгуунун үстүндө иштешет. Экинчи күнү командалар долбоорлордун үстүндө иштөөнү улантып, аларды калыстар тобунун назарына коюшат. Экинчи күндүн жыйынтыгында Хакатондун жеңүүчү командасы аныкталат.

Суроо: Хакатонго кантип катталса болот?
Жооп: Хакатонго бул шилтеме аркылуу катталса болот.

Суроо: Хакатонго канча киши катыша алат?
Жооп: Хакатонго максималдуу түрдө 60 киши же 10 команда катыша алат.

Суроо: Хакатонго катышуунун баасы канча?
Жооп: Иш-чарага катышуу акысыз бекер.

Суроо: Конок катары катышса болобу?
Жооп: Ооба. Конок катары спикерлердин чыгууларына биринчи күнү күбө болуп, экинчи күнү командалардын бет ачарларын көрүүгө болот.

Суроо: Хакатонго ким катыша алат?
Жооп: Эң оболу биз студент-юристтерди жана студент-программисттерди, ошондой эле үйрөнчүк юрист менен программисттерди күтөбүз. Мындан тышкары бизнес, маркетинг, дизайн жана башка тармактардын өкүлдөрүнүн катышуусу колдоп-кубатталат.

Суроо: Командада канча киши болуусу керек?
Жооп: Командада 4төн 6га чейин киши боло алат. Ар бир командада жок дегенде бирден юрист жана программист болуусу кажет. Мындан тышкары курамда маркетолог, дизайнер жана башка багыттардын өкүлдөрү боло алат жана алардын катышуусу колдоп-кубатталат.

Суроо: Программалоо / коддоо зарылбы?
Ответ: Жок. Техникалык даярдыгы каалаган деңгээлде болгон катышуучулар катыша алат! Сиз командаңызга идеялар, юридикалык жана бизнес билимдер, ошондой эле бет ачарларды жасоо ыкмалары менен көмөктөшө аласыз.

Суроо: БААУда түнөп калса болобу?
Ответ: Ооба. Хакатондун форматында абдан берилген катышуучулар үчүн азыкты тынымсыз иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. БААУда түнөп калууну чечкендер өзү менен кошо тиешелүү буюмдарын алып алганы оң.

Суроо: Эгер менин командам жок болсо Хакатонго каттала аламбы?
Ответ: Ооба, командасыз эле каттоодон өтсө жана иш-чара учурунда командалардын бирине кошулуп кетсе болот. Командалардын курамын бекитүү Хакатондун биринчи күнүндө орун алат.

Суроо: Өзүм менен кошо эмнелерди ала келишим керек?
Ответ: Ноутбук, смартфон жана зарыл болгон заряддоочу орнотмолорду камдоо абдан маанилүү.

 

Өнөктөштөр
  • Кыргызстандык программалык камсыздоону жана кызматтарды иштеп чыгуучулардын ассоциациясы (КАРПОУ);
  • IT-Academy;
  • Чериков & Өнөктөштөр;
  • Кыргызстандын юристтеринин ассоциациясы;
  • “Юристтер адам укуктары үчүн” коомдук фонду;
  • «Скай Мобайл» ЖЧКсы (Beeline СМ);
  • Жогорку технологиялар паркы (ЖТП).

 

Отчет

Хакатонго жалпысынан 10 команда катышып, алардын арасында студент-юристтер, студент-программисттер, үйрөнчүк юристтер жана программисттер жана ошондой эле маркетинг, дизайн жана башка багыттардын өкүлдөрү болдушту. Командалар байге фонду 1000 АКШ долларын түзгөн сыйлык үчүн күрөш жүргүзүштү. Спикерлик жана калыстык милдетти өлкөбүздүн алдыңкы юристтери жана IT-ишкерлери аркалашты.

24 сааттык тынымсыз эмгектенүүнүн жыйынтыгында бардык командалар өзүлөрүнүн legal tech азыктарынын прототиптерин иштеп чыгууга жана калыстардын назарына коюуга жетишишти. Алардын арасында юридикалык документтердин конструкторлору, инсандыкты тастыктаган документтерди унификациялоо жана санариптештирүү чечимдери, чет элдик студенттерге юридикалык жардам көрсөтө турган сайт жана жада калса юридикалык сабаттуулукту жогорулатуучу квест жанрындагы онлайн-оюн да болду.


Ошентип, Bishkek Legal Hackathon 2019дун жеңүүчүсү деп Ala-Too командасы табылды. Команда калыстардын назарына соттук талаштарды каржылоо үчүн онлайн-платформанын долбоорун койгон. Жеңүүчү өз азыгынын актуалдуулугун, туруктуу бизнес-үлгү экенин көрсөтө алды жана өз сайтынын иштеп жаткан прототибин тартуулады.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028