Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ -
БААУда эң баалуу нерсе - бул сын көз-карашта ойлонууну өнүктүрүү

Аскар Сыдыков

Аскар Сыдыков, “Эл аралык жана бизнес укук” программасынын (2012), Кембридж университетинин юридика факультетинин коммерциялык жана корпоративдик укук адистиги боюнча магистрдик программасынын (2014) бүтүрүүчүсү, “Эл аралык ишкерлик кеңеш” ассоциациясы юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору, биз менен программа тууралуу маек курду.

 

 

Сизге БААУда билим алуу учурунда эмне жакты?

Программа өзүнө ырааттуу түрдө Кыргызстандын мыйзамдарын изилдөөнү, Эл аралык укуктун негизги жоболорун жана юридикалык кесиптин ыкмаларын камтыйт. Ошол эле учурда студенттеге керексиз теоретикалык базалар жана келечекте зарылчылыгы жок болгон сабактарды берип, ашыкча жүк артпайт.
Биздин группа анча чоң эмес болгондуктан, кызыктырган суроолорду узатуу мүмкүнчүлүгү бар эле. Ал эми милдеттүү окуу жана тапшырмаларды жасоонун көлөмү нормалдуу болчу. Мунун өзү бизге толук кандуу окуу жана студенттик ийримдерге активдүү катышуу мүмкүнчүлүгүн берчү. Жогорку курстарда жада калса биз окууну жумуш менен айкалыштырып, алынган билимдерди иш жүзүндө өздөштүрүүгө жетишчүбүз.

Кандай билимдерге ээ болдуңуз? Кайсы ыкмаларды өздөштүрдүңүз? 

БААУда эң баалуу нерсе - бул сын көз-карашта ойлонууну өнүктүрүү. Бул адамдын маалыматтарды механикалык түрдө жаттоо эмес, а өзү талдап тыянак чыгаруусу, көрсөткүчтөр менен иштөөнү үйрөнүүсү. Мунун баары юридика илиминде абдан маанилүү. Анткени ишти ар тараптан талдоо, мыйзамдарды Эл аралык практика жана жашоо чындыктары менен салыштыруу зарыл. Андыктан сын көз-карашта ойлонуу, юридикалык ыкмалар жана маалыматтар базасы менен иштөө боюнча өзүнчө сабактардын өтүлгөндүгү бекеринен эмес. Биз сабак учурунда өз-ара гана эмес, ошондой эле окутуучуларыбыз менен да көп талкууларды уюштурчубуз. Баарыбыз муну жакшы кабыл алчубуз жана бул айтылуу “soft skills” (адамдар менен иштешүү ыкмалары, өз көз-карашыңды жактоо, өз алдыңча чечимдерди кабыл алуу) ыкмаларынын иштелип чыгышына түрткү болчу. Ошол эле учурда топтук тапшырмаларды да аткарчубуз жана ал ишмердүүлүктүн бардык тармагында зарыл болгон командада иштөөнүн ыкмаларын бекемдөөгө жардам берчү.
БААУнун спецификалык насыялык системасына байланыштуу адистештирилген юридикалык сабактардын чөйрөсү чектелүү болчу. Бирок бул бизге 4 жылда жетишерлик даражада жарандык, жазык жана Эл аралык укуктун негиздерин иликтөөгө тоскоолдук жаратчу эмес (көптөгөн ЖОЖдордо окутуу 5 жылдын аралыгында жүргүзүлөт).
БААУнун укуктук программасынын дагы бир өзгөчө белгиси - бул студенттерге юридикалык терминдерди англис тилинде үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнүн берилгендиги. Бул төмөнкү учурларда артыкчылыктарды берет: билим алууну чет өлкөдө улантууда, чет элдик мыйзамдар, маалымат булактары жана Эл аралык өнөктөштөр менен иштөөдө. Жогоруда саналып кеткен ыкмалар карьерада да, жашоодо да андан ары өнүгүүгө жардам берет.

Учурда кайда эмгектенесиз? Негизги милдеттериңизге эмнелер кирет?

Учурда мен Кыргызстандагы Эл аралык ишкерлик кеңештин аткаруучу директору болуп эмгектенем. Бул 100дөн ашуун уюмдарды (өлкөнүн ири салык төлөөчүлөрү жана өнүгүү боюнча өнөктөштөр) бириктирген бизнес-ассоциация. Биз өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты жаратуунун үстүндө иштейбиз, прогрессивдүү экономикалык реформаларды иштеп чыгабыз жана алга жылдырабыз, бизнестин таламын мыйзамдык демилгелер боюнча талашабыз, укук бузуулар учурунда бизнести коргойбуз, инвестицияларды тартууга жана компаниялар арасында кызматташууну өнүктүрүүгө жардам беребиз. Уюмдун башчысы катары менин милдетим аталган багыттардын баарын координациялоо, ассоциациянын андан аркы максаттары менен милдеттерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу болуп саналат.


ЭИКтин аткаруучу директору катары мен инвестициялык климатты, ишкерлик чөйрөнү жана мамлекеттик-жеке менчик баарлашууну жакшыртуу боюнча төмөнкү аянтчалардын мүчөсү болуп эсептелем:
- Евразиялык экономикалык комиссиясынын ишкерлик маселелери боюнча консультативидик комитетинин;
- КРны туруктуу бекем өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин өндүрүштү жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитетинин;
- КРнын Жогорку Кеңешинин алдындагы бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин;
- КРнын Өкмөтүнүн алдындагы бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин;
- Ошондой эле мамлекеттик жана жеке сектордун 10дон ашуун координациялык структураларынын.
Эл аралык ишкерлик кеңеште иштеген мезгилде КРнын инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча бир катар долбоорлорго катышкам. Аларды атай кетсем, “Жөнгө салуунун системалык анализи” долбоору (Бишкектеги ЕККУнун борбору менен биргеликте), курулуш материалдары секторунда кошумча нарктын чынжырчасын талдоо боюнча долбоорлор, КРнын инвестициялар жөнүндө мыйзамына турукташтыруу режимин киргизүү, КРнын экономикалык өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын калыптандыруу жана башкалар.
Инвестициялык климатты, ишкерлик чөйрөнү жакшыртуу жана жигерлүү кызматташууга кошкон салымым үчүн КРнын Премьер-министринин арналган сааты, КРнын экономика министрлигинин, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматтын ардак грамоталары жана ошондой эле мамлекеттик органдар менен чарбалык субъектилердин ыраазычылык каттары менен сыйлангам.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028