Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Окууга тапшыруунун эрежелери

 

Окууга тапшыруунун эрежелери

Сиз ЖМБнын бир бөлүгү боолууну каалайсызбы? Эң сонун! Бардык абитуриенттер БААУнун жалпы кабыл алуу сынактарын тапшыруусу жана Журналистика жана массалык байланыштар факультетинин талаптарына жооп берүүсү кажет.

ЖМБга окуу тапшыруунун талаптары:

  • TOEFL – 480
  • Математика боюнча тест – 20
  • Эссе үчүн баа – 60

Которулуу саясаты
Ильхамыңыз келип, өз баяндарыңызды бүт дүйнөгө жар салгыңыз келип жатабы? БААУнун башка факультеттеринен жана программаларынан Журналистика жана массалык байланыштар факультетине которулууну каалаган студенттер төмөнкү талаптарга ылайык келген учурларда гана кабыл алынат.

БААУга которулуунун жалпы талаптары:

  • Студенттер которулуу укугун биринчи окуу жылын аяктагандан кийин гана алышат
  • Студенттер тандаган негизги факультетинин талаптарынын баарын так аткаруусу кажет.
  • Студенттер эки факультеттин тең макулдугун алышы керек
  • Орто балл 2,7 жана андан жогору

 

Студенттер төмөнкү документтерди тапшыруусу кажет:
1. Башка факультетке которулуу тууралуу толтурулган арыз;
2. БААУнун соңку транскрипти.


Кошумча документтер
Checklist JOUR-119
Checklist JOUR-120
Checklist JOUR-121
Checklist JOUR-2022

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028