Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - КАРАКОЛ

КАРАКОЛ

Каракол — Кыргызстандагы шаар, Ысык-Көл областынын административдик борбору. 1889-1922, 1939-1992-жылдары Пржевальск деп аталган. Калкы – 63,4 миң киши.

 

1869-жылы Орус Падышачылыгына кызмат өтөгөн штабс-капитан барон Каульбарс тарабынан Чүй өрөөнүнөн Кашкарга карай жолдо аскердик-административдик борбор катары негизделген. Каульбарска жаңы шаар үчүн ыңгайлуу жер табылсын деген буйрук берилген. 1869-жылдын 1-июлунда көчөлөр, аянттар жана дүкөндөр катарлары түптөлгөн. Бул күн Каракол шаарынын түзүлгөн күнү деп белгиленген, ал эми шаардын аты жанында аккан суунун атынан алынган.

 

Кышкы мезгилде Каракол шаары чаңгы (лыжа) жана картакта (сноуборд) тебүүчүлөр үчүн эң сонун жерге айланат. Жайкысын жолтандабас унаалар менен же ат минип, же жөө эле  тоолорду кызыктуу жолдор аркылуу кыдырса болот.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028