Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Евразиялык экономикалык биримдигиндеги оюндук соттук процесстерди жөнгө салуу боюнча Эл аралык сынак

Евразиялык экономикалык биримдигиндеги оюндук соттук процесстерди жөнгө салуу боюнча Эл аралык сынак

 

Евразиялык экономикалык биримдигинин оюндук соттук процесстерди жөнгө салуу боюнча Эл аралык сынагы - бул жыл сайын өтүүчү оюндук соттук процесстердин Эл аралык сынагы. Аны Россиялык сот адилеттигинин мамлекеттик унвиерситети Эл аралык жана салыштырма укукту изилдөө борбору менен биргеликте өткөрүп келет.
Оюндук соттук процесстердин сынагы уникалдуу билим берүү платформасы болуп саналат. Анын негизинде укук тармагындагы болочок адистер ЕАЭБдин алкагында талаштарды жөнгө салуунун үлгүлөрүн иликтөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Аталган сынактын максаты ЕАЭБ өлкөлөрүндө Эл аралык укук тармагындагы жаңы муундун жогорку квалификациялуу адистерин алга жылдыруу болуп саналат.
БААУнун IBL программасынын студенттери бул сынакта мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, 2018-2019-жылдары өткөн сынактарда байгелүү 3-4-орундарды ээлешкен.

 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028