Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Филип К. Джессоп атындагы сынак

Филип К. Джессоп атындагы сынак

 

БААУнун IBL программасынын студенттери Филип К. Джессоп атындагы Эл аралык укук боюнча оюн соттук процесстеринин сынагына катышып келет. Бул оюндук соттук процесстер боюнча дүйнөдөгү ири сынак. Ага 100 өлкө жана юрисдикциялардын 700дөн ашуун юридикалык ЖОЖдорунун өкүлдөрү катышат. Алардын арасында Оксфорд университети, Торонто университети, Гарвард юридика мектеби жана башкалар бар.
Сынак БУУнун соттук органы болгон Эл аралык соттогу мамлекеттер арасында ойлонуп табылган талаштын үлгүсүндө өтөт. Командалар доочу менен жооп берүүчүнүн позицияларын аргументтөө менен оозеки жана жазма чыгууларды даярдашат. Бул сынак студенттерге Эл аралык укук тармагында тереңдетилген билимдерди алууга жана ийгиликтүү юрист болуу үчүн зарыл болгон ыкмаларды өнүктүрүүгө жардам берет.
Филип К. Джессоп атындагы сынакка 2021-жылы катышкан БААУнун командасынын мүчөлөрү тандап алуу баскычтарынан ийгиликтүү өтүп, White & Case сынагынын жогорку даражадагы раундуна өтүшкөн. Дүйнө жүзү боюнча 700 команданын ичинен 168и гана аталган баскычка чейин жеткен. БААУнун IBL программасынын Program Jessup командасы мындай бийиктикти багынткан кыргызстандык жападан жалгыз команда болгон.

 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028