Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Онлайн-арбитраж

Онлайн-арбитраж

 

БААУнун IBL программасынын студенттери онлайн-арбитражга 2019-жылдан тарта катышып келет. Аны россиялык арбитраждык ассоциация өткөрүп келет. Сынактын максаты коммерциялык арбитражды жана жеке менчик укугун жайылтуу болуп саналат. Талкуулар орус тилинде жүргүзүлөт. IBL программасынын студенттери Россия жана КМШнын мыкты университеттеринин командалары менен таймашкан. Студенттер жазуу түрүндөгү меморандумдарды даярдашып, өз аргументерин оозеки онлайн-раундда тартуулашты.
Сынакка катышуу студенттер үчүн көптөгөн артыкчылыктарды ачып берет. Мисалы арбитраж жана жеке менчик укук боюнча билимдерди бекемдөө, юридикалык анализдөө, эл алдына чыгып сүйлөө жана юридикалык каттын ыкмаларын курчутуу мүмкүнчүлүктөрү. Мыкты командалар гана Москвада өтчү финалдык баскычка чакырылат.
Арбитраж боюнча онлайн-машыктыруучулар - Динара Асанбаева жана Наталья Аленкина.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028