Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - БААУ виртуалдык музейи

БААУ ВИРТУАЛДЫК МУЗЕЙИ

20 гана жылдын ичинде, БААУ көч башында болуп, аймактагы өзгөрүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн жетекчилерди даярдап, Борбордук Азиянын эң натыйжалуу институтуна айланды. БААУ Виртуалдык музейи алдыдагы 20 жылга өз эшиктерин ачкан, Борбордук Азиядагы эң мыкты университет катары Борбордук Азиядагы Америка университетинин түптөлүшүнө жардамын тийгизген бардык кишилердин кошкон салымдарына терең ыраазычылык билдирет.
БААУ Виртуалдык музейи БААУ тарыхын 6 багыт боюнча көрсөтөт:
• Ачылыш
• Студенттер
• Профессордук-окутуучулук курам жана административдик кызматкерлер
• Бүтүрүүчүлөр
• Бард Колледж менен кызматташтык
• Келечек

Бул багыттар Борбордук Азиядагы Америка университетинин кайталанбас мүнөзүн көрсөткөн аспектилерди чагылдырат: Кыргыз-Америкалык Факультеттин баштапкы күч кубаты жана жигердүүлүгү; таланттуу жана жаратман студенттик коомчулук; кыйышпаган окутуучулар жана кызматкерлер; кайраттуу жана ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр; Бард Колледждин ак ниеттүүлүгү жана Борбордук Азиядагы Америка университетине кошкон салымы; Университеттин өзүн-өзү өнүктүрүү, аймактагы жана дүйнөдөгү жогорку билим берүүдө алдыңкылардын катарында болуу үчүн умтулуусу.
Жергиликтүү жана чет элдик өнөктөштөргө, өзгөчө Ачык Коом Фондуна (Open Society Foundations) жана АКШ Эл аралык Өнүгүү Агенттигине (USAID), БААУ азыркы абалына жетишкендиги үчүн колдоо көрсөткөнүнө жана кошкон салымдарына ыраазычылыгын билдирет.
БААУ Виртуалдык Музейинде БААУ коомчулугунун мүчөлөрүнүн Университетте өткөргөн жылуу, эстен кеткис сүрөт, видео, текст түрүндөгү материалдарын бөлүшө алышат. Бардык материалдарды pr@auca.kg дареги боюнча жиберсе болот. БААУ коомчулугунун бардык мүчөлөрүн кызматташууга чакырабыз.

Ачылыш

Студенттер

Бүтүрүүчүлөр

Бард

Келечек

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028