Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Грант арызын берүү боюнча көп берилген суроолор

Грант арызын берүү боюнча көп берилген суроолор

Тандоо критерийлери жана грантты бөлүүдө коюлган приоритеттер:

Студенттин окуусундагы жетишкендиги:  Студент окуп бүтүргөн эң акыркы семестрдин жыйынтыгы боюнча топтогон жалпы орточо упайын (GPA) көрсөтүш керек, бул көрсөткүч гранттын берилишинде эң негизги критерий болуп саналат. Арыз формасында бейрасмий транскриптиңизди .pdf форматында тиркегенди унутуп калбаңыз.  Грант албай калганынын эн негизги сбебтеринии бири бул "F" баасы.

Башка критерийлер: СИЖК төмөндөгүлөрдү көңүлгө алат:

  • Ар түрдүү долбоорлорго катышуу (конференциялар, жайкы мектептер, изилдөө саякаттары);
  • Активдүүлүк (конференцияларда доклад окуу, мастер-класстар, семинарлар);
  • Илимий жетишкендиктер жана сунушталган долбоорлордун натыйжалары (окуудагы жетишкендиктерине жана илимий изилдөөлөрүнө түздөн түз тиешелүү; жалпысынан алып караганда БААУ студенттерине жана жалпы коомчулугуна алып келген пайдасы);
  • Иш-чаранын олку-солкусуз болушу, илимий баалуулугу: иш-чаралардын көбү көңүл ачуу үчүн сунушталгандай көрүнөт (биз көптөгөн конференциялардын веб-сайттарын жана алардын программаларын текшердик), жана илимий жактан баалуулугу төмөн. Мындай иш-чаралар “маданий алмашуу программалары” катары бааланат (СИЖК баракчасын караңыз), бирок биз, комитеттин аталышы айтып тургандай, атыбызды затыбызга жараша колдонуп, өзгөчө өлкө тышы саякаттар үчүн акча каражаттары бөлүнгөндө, иш-чаранын интеллектуалдык маанисине басым кылышка мажбурбуз.
  • Географиялык алыстык;
  • Арыздын туура тартипте берилиши (арыз берүү тартибинин катуу сакталышы, талап кылынган бардык документтердин ордунда болушу, коюлган максаттардын ачык-айкын белгиленишине көңүл бурулат). Арыздардын көбү начар жазылып, кош көңүлдүк менен даярдалганы билинүүдө.
  • Максатты так көрсөтүү: бул программа билимиңизге кандай салым кошорун, ошондой эле бул билим жана тажрыйба БААУ коомчулугуна кандайча пайдалуу болорун так түшүндүрүү зарыл.
  • Арыз ээси тууралуу окутуучу жазган жакшы рекомендациялык кат; Бул рекомендациялык кат ушул негизги проектке тиешелуу болушу керек жана ушул окуу жылында жазылышы керек.
  • Арыз формасын туура толтуруу. Арыз формасында саякаттын күнү, баасы, жана башка маалыматтар боюнча бурмаланган факттар болбош керектигин эсиңерге түйүп алгыла. Бул ишке олуттуу мамиле көрсөтүп, арыз формасын этияттык менен толтургула.
  • Чыгымдарды бөлүшүү – студенттер өздөрүнүн чыгымдарынын белгилүү бир бөлүгүн өздөрү көтөрүшсө, СИЖК калган бөлүгүн каржылап бергенге аракет кылат жана мындай демилге жогору бааланып, буга артыкчылык берилет.

 

  • БААУ студенттери гана арыз бере алышат.
  • Биринчи семестрде окуп жаткан биринчи курстун студенттери жана акыркы семестрде окуп жаткан акыркы курстун студенттери СИЖК грантын АЛА АЛЫШПАЙТ.
  • Студенттер СИЖК каржылаган программалар боюнча саякатка чыкканда, сабактарды бир жумадан көп мөөнөткө КАЛТЫРБАШ КЕРЕК.
  • Алмашуу программасы менен келген студенттер грантты алуу үчүн үчүнчү курста болуп, ошондой эле окууда жакшы жетишкендиктерге ээ болушу керек.
  • СИЖК гранттары TOEFL жана GRE тесттеринин төлөмдөрүнө, магистратура/докторантура программаларынын катталуу төлөмдөрүнө, жана башка ушундай сыяктуу чыгымдарга жумшала албайт. Бул чыгымдар оор болуп, студенттерибиздин көбү үчүн да талап кылынгандан сырткары, студент Борбордук Азиядагы Америка университетин бүтүргөндөн кийин, анын өзү үчүн гана пайда алып келет.
  • Спорттук иш-чаралар СИЖК тарабынан каржыланчу долбоорлор катары эсептелбейт.
  • Плагиаттык арыздар каралбайт.
  • СИЖК студенттик клубдарды каржылабайт. БААУ ичинде клубдардын өздөрүнүн каржы булактары бар.

 

  • Ар түрдүү конференцияларда жана иш-чараларда активдүү катышып, пайда алып келген студенттерге артыкчылык көрсөтүлөт.
  • Илимий-изилдөө долбоорлоруна артыкчылык көрсөтүлөт.
  • СИЖК гранттары толук жана жарым-жартылай каржылоо түрүндө берилет.
  • СИЖК гранттары өткөн күн менен берилбейт, б.а. иш-чара өткөрүлүп бүтүп, ага катышып келгенден кийин, чыгымдар кайтарылып берилбейт.

 

  • Арыздар ар бир айдын 15-күнүнө чейин кабыл алынат, бардык талап кылынган формалар толтурулуп, интернет аркылуу берилиши зарыл. Электрондук дарек аркылуу берилген арыздар кароого алынбайт. Эң акыркы күндөн (айдын 15нен) кийин берилген арыздар кабыл алынбайт.

 

  • Жыйынтыктоочу рапорт/финансылык документтер иш-чарадан/долбоор бүткөндөн кийин 30 күндөн кеч эмес мөөнөт ичинде берилиши талап кылынат. Студенттер бир-эки барак рапорт жазып, алган тажрыйбасы жөнүндө БААУ коомчулугу астында айтып бергенге даяр болушу керек.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028