Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ -

Бермет Момоева

ES-121

Мага саясат, тарых, маданият жана адабиятты, ошондой эле социалдык, саясий жана экономикалык мамилелерди иликтөө жагат. БААУ - аталган мультидисциплиналарды иликтөө жана зарыл болгон билимдерди алуу үчүн мыкты платформа. Мен билим алууну, тажрыйбамды тереңдетүүнү уланткым жана өлкөбүздө саясий жана маданияттар аралык мамилелерди өнүктүрүүгө жардам берген өкүл болгум келет.

Бакай Молдошев

ANTH-120

Мындай мүмкүнчүлүк үчүн терең ыраазычылыгымды билдиргим келет. Бүтүрүүчүлөрдүн стипендиясы - менин максаттарым менен умтулууларыма толугу менен дал келет жана мен аны абдан барктайм. Бул стипендиянын жардамы менен БААУнун бүтүрүүчүлөрүнүн коомчулугуна жардам берүү менен гана чектелбестен, ошондой эле өсүп-өнүгүүгө умтулуумду улантып, академиялык жана кесипкөйлүк жолумда позитивдүү таасир берүүгө жетишем. 

Арууке Масалбекова

AMI-121

Менин атым - Арууке, Колдонмо математика жана информатика факультетинин үчүнчү курсунун студентимин. Чынында мен жашоону өзгөрткөн мындай стипендия алып жатканыма абдан кубанычтамын. Бул мени каржылык стресстен гана арылтпастан, мен үчүн изилдөөлөр менен карьералык өсүп-өнүгүүнүн эшиктерин ачат. Инсандык өсүп-өнүгүүмдү жана болочок ийгиликтеримди калыптандырат. Ошондой эле бул мага окуумда ийигиликтерге жетишип, кыялымдагы магистратурага тапшырууга түрткү болот деп ишенем. 

Мадина Салиева

JMC-122

Мен Мадина Салива “Журналистика жана массалык байланыштар” факультетинин экинчи курсунун студентимиин. Бүтүрүүчүлөрдүн стипендиясы жана Өнүктүрүү кеңсесинде эмгектенүү мага өсүп-өнүгүү, командада иштөө, коомчулук менен баарлашуу тажрыйбаларын берет.

Жыпара Кадыракунова

ESCS-121

Менин аты-жөнүм - Жыпара Кадыракунова, “Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультетинин үчүнчү курсунун студентимин. Бул стипендия мага академиялык жетишкендиктеримди колдоо менен бирге абройлуу окуу жайда жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мындан тышкары бүтүрүүчүлөр менен байланыштарды түзүүгө жана ийгиликтүү кесипкөйлөрдөн баалуу кеңештер менен тажрыйбаларды алууга жардам берет. 

Мукаддас Мамадбокирова

ICP-122

Мен Эл аралык мамилелерди жана адам укуктарын иликтөөгө абдан кызыккан коомдук ишмермин жана мындай умтулуум инсандык жактан өнүгүүгө гана түрткү болбостон, ошондой эле глобалдык масштабда позитивдүү салым кошууга чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Магистрдик даражага ээ болгондон кийин менин түпкү максатым адам укуктары жана гендердик теңсиздик менен алектенген БУУга кирүү. Анткени адам укуктары жаатындагы маселелерди чечүүгө умтулам жана анын үстүндө активдүү түрдө иштейм. Позитивдүү өзгөрүүлөргө себепчи болгум келет. Бул максатта башкаларды да шыктандыргым келет. Бүтүрүүчүлөрдүн стипендиясын алуу - чоң сыймык. Мындай мүмкүнчүлүк долбоорлорго, иш-чараларга жана семинарларга катышууга гана эмес, ошондой эле максатка жетүүдө курсташтарыма колдоо көрсөтүүгө түрткү болот. 

Шахзода Миракова

JMC-122

 

Мен БААУнун “Журналистика жана массалык байланыштар” адистиги боюнча экинчи курсунун студентимин. Мен өз өлкөсүн Европа, АКШ жана Борбордук Азиядагы Гарвард конференциясы, Өзбекстандын жаш лидерлеринин программасы, ЕБнын Жаштар кеңешинин отуруму сыяктуу иш-чараларда Өзбекстанды тааныткан активдүү студентмин. Мен жарандык катышуу долбоорлору жана баяндарды айтып берүүнүн жардамы менен активдүү жарандык позициямды жайылтып келем. Бүтүрүүчүлөрдүн стипендиясын алуу бул мен үчүн кыз-келиндердин укугу, сөз эркиндиги жана экологиялык көйгөйлөр тармагында Борбордук Азия жөнүндө түшүнүктөрдү өзгөртүү жана бул максатта биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгү.

Аман Абылгазиев

AMI-121

Мен үчүн бүтүрүүчүлөрдүн стипендиясын алуу чоң сыймык. Бул стипендия мени билим алуу жана окуудан тышкаркы ишмердүүлүккө байланышкан максаттарыма жетүүгө шыктандырат. Мен каржы, экономика жана математикага абдан кызыгам. Андыктан аталган тармактарда ийгиликке жетишип, өз жашоомду банк чөйрөсү менен байланыштыргым келет. 

Салима Алмазбекова

JMC-121

Мен журналистика менен алектенем жана аны социалдык жана глобалдык маселелерди чечүүнүн мыкты шаймандарынын бири деп эсептейм. Ошондой эле мен маектешүү жана тематикалык макалаларды жазууну жактырам. Окууну аяктагандан кийин мен бир аз тажрыйба топтоп, андан соң магистратурага тапшырууну пландаштырып жатам. Бүтүрүүчүлөрдүн стипендиясын экинчи ирет алуу мен үчүн чоң сыймык. Ал мага билим алууда жана окуудан тышкаркы ишмердүүлүгүмдө өсүп-өркүндөөгө жардам берет.

Алихан Турсунбеков

SFW-120

Адамдардын жашоо сапатын жакшыртуучу жаңы технологияларды күн сайын иликтөө менин программалык камсыздоолорду иштеп чыгууга кызыгуумду арттырат. Бүтүрүүчүлөрдүн стипендиясы менин бул тармакка баш-отум менен тереңдеп кирүүмө түрткү болду. Мындай колдоо менин академиялык жолумду байытуу менен бирге программалык камсыздоо тармагындагы инновациялардын жардамы менен жашоо жыргалчылыгын жакшыртууга умтулуумду бекемдеди.

Айгерим Батырбек кызы

SOC-120

Менин аты-жөнүм - Айгерим Батырбек кызы. Социология факультетинин төртүнчү курсунун студентимин. Бүтүрүүчүлөрдүн стипендиясы гендердик маселелерге арналган изилдөөчүлүк долбоорлорду ишке ашырууга, ал көйгөйлөрдү чечүүнү түшүнүүгө жардам берет. 

Салия Хурова

JMC-120

Мен абдан чечен аңгемечимин. Массалык байланыштар менен журналистиканы иликтейм. Мен ЮНИСЕФ, Kloop жана Limon.KG сыяктуу медиа платформаларда эмгектенип, баалуу тажрыйба топтоого жетишкем. БААУнун ыктыярчылар клубунун мурунку президенти жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган долбоорлордун координатору катары мен өз коомумду кайтарууга умтулам. 

Alumni Scholarship стипендиясын алуу менин билим алуума колдоо көрсөтүү менен биргеликте БААУнун бүтүрүүчүлөрү менен байланышты үзбөөгө жардам берет. Натыйжада мен бүтүрүүчүлөрдүн ортосундагы мамилелерге жана альма-материмдин өнүгүшүнө өз салымымды кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээмин.

Амира Касымова

ICP-121

Менин атым Амира жана мен ICP`нин кенже курстарында окуйм. Бул стипендия мага кыялдарымды ишке ашырууга жардам берет десем жаңылышпайм. Өз өлкөмдүн күчтүү лидери жана альма-материмдин улуу өкүлү болгум келет. Колдооңуздар үчүн чоң рахмат!

Нурайым Кадыркулова

TCMA - 121

Мага видеороликтерди жаратуу абдан жагат жана бүтүрүүчүлөрдүн стипендиясына жеткениме абдан кубанычтамын. Бул стипендия өз тармагымда ыкмаларды өнүктүрүү жана мүмкүнчүлуктөрдү алууда чоң роль ойнойт. Бул мага окууда ийгиликтерди жаратууга жана өз тармагымда болгон күч-аракеттеримди жумшоого дем-күч берет.

Асиф Мамедов

IBL-121

Менин аты-жөнүм - Асфи Мамедов, БААУнун юридика факультетинин үчүнчү курсунун студентимин. Академиялык өркүндөөгө жана окуудан тышкаркы сабактарга кызыгуум күч. БААУнун ар кандай соттук сынактарына активдүү катышып келем жана сот жана юридикалык фирмаларда тажрыйба арттыруу боюнча чоң тажрыйбам бар. Бүтүрүүчүлөрдүн стипендиясы мага өзүмдү толугу менен билим алууга арноого жана укук тармагындагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү иликтөөгө жардам берди.

Сабина Талантбек кызы

BA-121

Мен - Сабина Талантбек кызы, учурда “Бизнес башкаруу” факультетинин үчүнчү курсунда окуп келем. Бүтүрүүчүлөрдүн стипендиясы мага өз академиялык милдеттериме басым жасоого жана болочок карьерама бекем пайдубал курууга чоң мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Жаркынай Маратбек кызы

BA-120

Жаркынай Маратбек кызы - “Бизнес башкаруу” факультетинин 4-курсунун студенти. Мен амбициясы күч жана көп нерселерди билүүгө умтулган адаммын. Мен инсан жана өз ишине берилген кесипкөй катары өсүп-өнүгүүгө умтулам. Бул максатта тынымсыз изденүүнүн жана тырышчаактык менен билим алуунун үстүндөмүн. Мен бүтүрүүчүлөрдүн стипендиясы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем. Ал мага билим алуучулук максаттарыма жетүүгө жардам бермекчи. Бул жардам чынында баа жеткис.

Сабина Акбаралиева

SOC-120

Мен БААУнун “Социология” адистиги боюнча төртүнчү курсунун студентимин. Билим алуу учурунда ар кандай изилдөөчүлүк долбоорлор, маалыматтардын анализи жааттарында баа жеткис тажрыйба топтоп, OSUN`дун мобилдүүлүк программасы боюнча алмашуу программасынын негизинде Венадагы Борбордук Европалык университетинде окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Мындан тышкары мен бүтүрүүчүлөрдүн стипендиясынын алуучусу болдум. Бул талашсыз түрдө академиялык максаттарыма жетүүгө жардам берип, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана мага маданияттар аралык компетенттүүлүккө ээ болууга түрткү болот.   

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028