Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Аслан Алпаров: “БААУнун “Колдонмо геология факультети мага кантип жашоого билет берди?”

Аслан Алпаров: “БААУнун “Колдонмо геология факультети мага кантип жашоого билет берди?”

19-июль 2022-жыл

БААУнун “Колдонмо геология” факультетинин 2021-жылкы бүтүрүүчүсү Аслан Алпаров эмне себептен БААУга окугусу келбегендиги, университетте билим алуу ага эмне бергендиги жана мунун баары анын жашоосун кантип өзгөрткөндүгү жөнүндө кеп курат.

– Социалдык түйүндөр менен ММКларда БААУ тууралуу терс пикирлер айтылып жүрөт: кимдир-бирөөлөр билим алуунун акысы биз үчүн абдан кымбат дешсе, башкалар билим берүү деңгээли түшүп кеткенин айтышат. Мен БААУ, тактап айтканда “Колдонмо геология” факультети мага кандай мүмкүнчүлүктөрдү бергенин айткым келет. Ал мага дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү менен тажрыйбадан да маанилүү нерсени тартуулады  – университет мага үмүт берди. Ал үмүт өз күчүң жана билимиң менен Кыргызстанда гана эмес, ошондой эле Эл аралык деңгээлде да ийгиликке жетсе болот деген үмүт эле. 

 

БААУга окууга тапшыруу жана факультетти тандоо

Кеп башынан болсун. 2017-жыл. Мен мектепти жаңыдан аяктап, эмне менен алектенерим тууралуу эч кандай оюм жок жүргөн кезим. Ойлонуп отуруп акыры Россия Федерациясынын абройлуу окуу жайларынын биринин юридика факультетине окууга тапшырдым. Азыр артка кылчайып, жашоомду юриспруденция менен байлабаганыма чексиз кубанычтамын. 

 

Чынын айтсам, ошол мезгилде мен эң оңой жолду тандагам. Анткени кандайдыр-бир аракет жасап, башка окуу жайга тапшыруудан эрингем. Ошентип, баары өз нугу менен жүрүп отурган. Сапарга аттанмакчы болгондо апам мага БААУда соңку кабыл алуу сынактары болору тууралуу айтып калат. Каалоомдун жоктугуна карабастан апамдын мажбурлоосу менен кабыл алуу сынактарына жазылгам. Ал мезгилде БААУда билим алуу окуу акысынын кымбаттыгына жана үй-бүлөлүк шартыбыздын оордугуна байланыштуу кол жеткис нерседей көрүнчү. Натыйжада мен сынактарга баары бир БААУда окубайм деген ой менен баргам. Кабыл алуу сынактарынын жыйынтыгында мен каалаган факультетти тандамакмын. Ошентип техникалык багыттардын бирине токтолууну чечтим. Менде эки гана жол бар болчу: Колдонмо геология жана Программалоо. Анда ноутбугум жок болуп, күнү бою компьютер тиктеп отуруу мен үчүн кызык да эмес эле. Андыктан тандоом белгилүү болчу - “Колдонмо геология”. Геология жөнүндө маалыматым жок болсо да, сайттагы маалыматтар менде кызык болот деген кандайдыр-бир ойлорду жаратты. Чынында окууга өтүү жарым иш да эмес эле, анткени менин негизги максатым окутууга арзандатуу алуу эле. Канчалык көп болсо ошончолук жакшы дегендей. ЖРТнын Алтын сертификатына ээ боло албагандан соң, сапаттуу билим алууга соңку мүмкүнчулүгүм БААУнун өзүнүн арзандатуусу эле. Бактыма жараша менин атам ийгиликтүү жеке ишкер эмес эле жана чоң суммадагы карызыбыз да бар болчу. Биздин оор каржылык абалыбыз мага 40% өлчөмүндөгү максималдуу арзандатуу алуу мүмкүнчүлүгүн берди. Арзандатууга ээ бллгондон кийин менин биринчи окуу жылымдын акысын төлөө үчүн ата-энем жалгыз машинабызды сатууга аргасыз болгон. Эми коюмдун баасы жогорулап, жакшылап билим алуу зарылчылыгы жаралган. 

Геолог эмне менен алектенет?

Билим алуунун алгачкы күндөрүндө кесибимдин маанисин түшүнгөн эмесмин, бирок Колдонмо геологиянын профессорлору маалыматтарды кызыктуу түрдө берип, билим алуу абдан кызыктуу боло баштаган. Алгачкы айдан кийин жок дегенде өмүрүмдү эмне менен байлап жатканымды билүү үчүн практикалык ыкма керек экендигин түшүнгөм. Тоо-кен тармагында тааныштарым жок болгондуктан, мен окутуучуларыма кайрылгам. Алар өз кезегинде мени университеттеги карьера борборуна багытташты. Ал жакта мени кылдаттык менен угуп, резюме түзүүнү үйрөтүштү, баарлашуударга даярдашты жана университет кызматташкан компаниялардын тизмесин беришти. Ошондой эле байланышы жок бирок менин кызматыма кызыкдар болуусу мүмкүн болгон компаниялар тууралуу да багыт беришти. Бир нече аптанын аралыгында БААУнун көмөгү менен КAZ Minerals тоо-кен компаниясы менен тажрыйба арттырууну макулдаштым. Аталган компания менен өмүрүмдүн жакынкы 4 жылы тыгыз байланыштуу. Мен КAZ Minerals компаниясына жана минералдык ресурстар башкармалыгына абдан ыраазымын. Ошентип, баары жакшы нукта уланган: университетте кызыктуу окуу, ар тараптан өнүгүү мүмкүнчүлүгү жана белгилүү бир чыгымдарды жапкан жумуш. 

Үй-бүлөдөгү көйгөйлөр жана университеттин жардамы

Бизде баары ойдогудай болуп жаткан күндөрдүн биринде карыздарынын айынан атамды уабктылуу кармоочу жайга киргизип коюшат. Андыктан менде дароо 2 суроо жаралды. Үй-бүлөмдү кантип багам жана БААУда окуунун акысын кантип төлөйм? Биринчи суроо заматта чечилди: KAZ Minerals компаниясынын жетекчилиги менин эмгегимди баалап, айлык акымды жогорулатып берди. Бул үчүн аларга терең ыраазычылык. Ошентип, экинчи маселе калган. Чынында мен ошол мезгилде окуудан рахат алып баштагам жана аны таштагым келген эмес. Эмне кылышты билбей деканыбыз Жеенбек Куленбековго бардым. Профессор Куленбековго баарын болгондой ачык айтып бердим. Мени чоо-жайымды уккан соң ал университеттин администрациясына мага жардам берүүнү өтүнүп кат жазды. Жыйынтыгында администрация менин абалымды түшүнүп, мага 100% арзандатуу тартуулады. Бул окуя менин орто упайларымдын жогору болушуна жана факультеттин өнүгүшүнө салым кошушума (бардык иш-чаралардагы ыктыярчылык, БААУ менен KAZ Minerals ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү) таасирин тийгизди деп ойлойм. Мен оор кырдаалда мага колдоо көргөзүп жардам бергендердин баарына ыраазычылык билдирем. Буюрса жакын арада колдоо көрсөткөндөрдүн баарына менин да пайдам тиет деген үмүттөмүн. 

Чет өлкөдө магистратурага кантип окууга тапшырса боолт?

Ошентип мен билим алуумду уланттым жана 3-курста унвиерситетти аяктагандан кийин эмне менен алкетенүү тууралуу ойлоно баштадым. Кыргызстанда көптү үмүттөндүргөн карберага карабастан, бир нече жылдан кийин белгилүү бир чекке такалып, андан ары өсүү оор болорун түшүнүп калдгам. Анын үстүнө мен жаш да болчумун. Мындай абалда мен “Колдонмо геология” факультетинин нассатчылары менен профессорлоруна кайрылдым. Алар чет өлкөдө магистратурада билим алууну улантуу кеңешин беришти. Көпкө созулган даярдыктан кийин АКШнын үч жана бирден Канада, Швейцария, Швеция жана Норвегиянын университетинин магистратураларына кабыл алындым. Финалдык тандоом АКШдагы Пенсильвания университети менен Канададагы Саскачевана университети болду. Пенсильвания универстити мени аброю менен тартты, анткени баары анда билим алууну самачу. Ал эми Саскачевана университети изилдөө программалары жана толук стипендиясы менен мени өзүнө кызыктырды. Кылдат ойлонуу менен Саскачевана окуу жайына токтолдум. Университет менин академиялык жана кесипкөйлүк эмгектеримди баалады. Мында бизди изилдөө жүргүзүү, илимий сынактар менен конференцияларга катышууга шыктандырган факультетибиздин профессорлоруна ыраазычылык билдиргим келет. Канадада окуунун биринчи күнүнөн тарта бакалавриат менен магистратуранын айырмасы асман менен жердей жана магистрантта жоопкерчилик чоң экенин түшүнүп жеттим. Бактыга жараша менин жолум болуп БААУда билим алыптырмын, окуу процесси жактан кыйналган жокмун. Учурда мен Canadian Light Source борборунун изилдөөлөрүнө катышып жатам. Canadian Light Source - бул айыл-чарба, заманбап материалдар, курчап турган айлана-чөйрө жана саламаттыкты сактоо тармактарында синхротрондук нурланууну колдонуучу Канаданын улуттук изилдөө борбору. Мындан тышкары бакалаврлар үчүн лабораториялык сабактарды өтөм. Биринчи семестрдагы талыкпас эмгегим үчүн факультеттин жетекчилиги мени Teaching Assistant Fellowship наамы менен сыйлады. Бул сыйлык окутуудагы эмгегим жана профессорлорго колдоом үчүн стипендияма кошумча болду. Ошондой эле мен жайкы эс алуу учурунда SSR Mining Эл аралык тоо-кен өндүрүү компаниясына талаа геологу катары жумушка орноштум. Менин милдеттериме берилген аймактарда изилдөө иштери жолу менен пайдалуу кен байлыктардын бар же жок экендигине геологиялык чалгындоо жүргүзүү кирет. Белгилеп кетчү нерсе, жогоруда аталгандардын баарына жетишмек эмесмин эгер БААУдан башка каалаган окуу жайды аяктасам. Анткени БААУ мага сын көз-карашта ойлонууну, коюлган маселелерди чечүүнү жана көздөгөн максаттарга жетүүнү үйрөттү. Андыктан БААУга рахмат!

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028