Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - ЭРЕЖЕЛЕР

ЭРЕЖЕЛЕР

1. Стипендиялардын (жеңилдиктердин) аныктамалары: Scholarship/стипендия деген терминдер БААУда окуган студенттер үчүн сырттан берилген стипендияларга тиешелүү, ал эми каржылык жардам деген термин БААУнун бюджеттик фондунан бериллүүчү стипендияга тиешелүү.

2.Стипендия алуучулар Окуу эрежелери жана процедуралары менен катар

Студенттин укуктары, жоопкерчиликтери жана жүрүм-турум кодексин сакташы керек. Бул эрежелерди бузуу стипендия, каржылык жардам көрсөтүүнүн токтотулушуна алып келет.

3. Эгерде студенттин университетке төлөнө элек карызы болсо, каржылык жардам же Scholarship жаңыртылбайт. Ошондуктан студенттер бардык төлөмдөрдү убагында жүргүзүшү керек.

4. Эгерде стипендияга укугу бар студенттердин саны мүмкүн болгон стипендиянын санынан көп болсо, каржылык жардамга көп муктаж эмес кээ бир талапкерлер стипендия албай калышат.

5. АКШ долларынын курсу каржылык колдоо бөлүмү тарабынан ошол күнкү КРнын Улуттук банкы бекиткен көлөмгө жараша аныкталат.
6. Стипендиялар арыз берүүчү берген маалыматтардын негизинде чегерилет. Каржылык жардам көрсөтүү кызматы берилген маалыматтын тактыгын аныктоо үчүн тереңдетилген текшерүү жүргүзүүгө укуктуу. Арыз берүүчүнүн укукгун каалаган учурда кайра текшерүү укугун БААУ өзүнө калтырат. Алдын ала эскертилбеген текшерүү арыз берүүчүнүн, анын ата-энесинин үйүндө же ата-энесинин иштеген жеринде жүргүзүлүшү мүмкүн. Жалган маалымат берилгендиги аныкталган студент стипендиядан алыстатылат. Зарылчылыгына жараша кошумча документтерди талап кылууга БААУ укуктуу.
7. Төмөнкү субъективдүү факторлор муктаждыктын негизинде суралып жаткан жардамды кароого таасир кылат:

-Кымбат баалуу автоунаасынын жана кыймылсыз мүлкүнүн болушу

-Студенттин же анын үй-бүлөсүнүн кирешеси тууралуу башка кошумча булактардан келип түшкөн маалыматтар.

8. Эгер ички стипендия ыйгарылган студент бир жылга академиялык тыныгууга чыкса, стипендиясы сакталбайт. Студент кийинки жылы кайрадан каржылык жардамга арыз бериши керек.
9. Эгер ички стипендия ыйгарылган студент жарым жылга академиялык тыныгууга чыкса, стипендиясынын жарымы сакталат, жарымы сакталбайт.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028