Рождестволук көркөм сүрөт көргөзмөсү – 2020.
20 жылдан кийин

Достор, баарыңыздарды майрамыбызга чакырабыз!
10-декабрда саат 17:30да «Дубовый парк» галереясында «Рождестволук көргөзмө – 2020. 20 жылдан кийин» аттуу көргөзмөнүн ачылышы болот.
Рождестволук көргөзмөлөрдү өткөрүү салты 1980-жылдардын аягында – 1990-жылдардын башында MUSEUM архитектуралык студиясында башталган. Акыркы рождестволук көргөзмө 1990-жылдардын экинчи жарымында өткөн.
Арадан 20 жыл өткөндөн кийин MUSEUM студиясы БААУнун Социалдык инновациялар лабораториясы менен биргеликте бул салтты кайра жандандырып, эски жана жаңы досторун жолугушууга чакырат.
Көргөзмөгө сүрөтчүлөр менен архитекторлордун үч муунунан турган чыгармачыл достор тобунун эмгектери коюлат. Алардын арасында живопись, акварель жана графика чыгармалары бар. Бул эмгектерде ар кыл сезимдер жана маанайлар чагылдырылган: чыныгы, жүрөккө жакын, кайраттуу, назик, жөнөкөй, турмуштук жана...
Көргөзмөгө коюлган чыгармаларды өзүңүздөр үчүн же досторуңуздарга, жакындарыңыздарга белек катары сатып алууга болот.
Катышуучулар (алфавиттик тартипте):
Азимбек Муратов

Айбек Майлыбашов
Айзуура Бакалова
Арсен Джапаров
Бакыт Саргазаков
Дарина Манасбек
Жаныл Табышалиева
Малика Умарова
Марат Раймкулов
Медер Ахметов
Мунара Абдукахарова
Олеся Роскос
Улан Джапаров
Эмиль Насритдинов












