Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Камкорчулар Кеңеши

КАМКОРЧУЛАР КЕҢЕШИ

ДЭВИД ЛАХДИР

КАМ КӨРҮҮЧҮЛӨР КЕҢЕШИНИН БАШЧЫСЫ

ДЭВИД ЛАХДИР соңку 30 жылдан бери Paul, Weiss, Rifkind, Wharton & Garrison LLP Эл аралык юридикалык фирмасынын өнөктөшү болуп эсептелет. 2002-жылдан тарта фирманын Лондондогу кеңсесин башкарган өнөктөштөрдүн бири болсо, 1993-1997- жылдары Токиодогу кеңсенин өнөктөш-жетекчиси болгон. Трансчектеш корпоративдикт сатып алуулар, инвестициялар жана биргелешкен мекемелер, алардын арасында
каржылык, медиалык, жарым-жартылай жол көрсөтүүчү, энергетикалык жана электрондук секторлордо чоң тажрыйбага ээ.

Лахдир мырза Human Rights Watch, Inc. компаниясынын директору жана анын Азиялык консультативдик комитетинин жана Лондондогу комитетинин төрагасы болуп саналат.  Лахдир мырза Гарвард колледжин жана Гарвард укук мектебин артыкчылык менен аяктаган. Гарварддагы укук боюнча Мамлекеттик департаментте окутуучу болуп
эмгектенген. Ал эми окууну аяктагандан кийин Нью-Делидеги Индиялык юридикалык институтунда атайын чакырылган окумуштуу катары 1 жыл сабак берген. 


Лахдир мырза 1999-жылдан 2001-жылга чейин Нью-Йорк шаарынын адвокаттарынын
ассоциациясынын Эл аралык укук боюнча комитетинин төрагасы болуп, ошондой эле
бир катар комиссияларда жана изилдөө топторунда эмгектенген.

 

ДЖОНАТАН БЕКЕР

КАМКОР КЕНЕШЕНИН МҮЧӨСҮ

ДЖОНАТАН БЕКЕР Бард-колледжде Жарандык активдүүлүк борборунун директору болуп эсептелет. Мындан тышкары ал аталган окуу жайда вице-президенттин, Эл аралык иштер жана жарандык активдүүлук боюнча декандын, саясий изилдөөлөр боюнча доценттин жана глобалдык жана Эл аралык изилдөөлөр программасынын директорунун милдеттерин аркалайт. Ошондой эле ал “Ачык коом” университеттеринин түйүнүнүн вице-канцлери болуп саналат. Доктор Бекер Бард-колледж аркылуу Барддын бир катар өнөктөш-университеттерине колдоо көргөзүп келет. Алардын катарында Эркин искусстволор жана илимдер факультети/Смольный колледжи (Санкт-Петербург, Россия), Аль-Кудс университети (Палестина) жана БААУ бар. Белгилей кетсек, БААУнун Кам көрүүчүлөр кеңешинде 2008-жылдан тарта мүчө болуп келет.  


Ал Soviet and Russian Press Coverage of the United States: Press, Politics and Identity in Transition (1999, 2002) китебинин автору катары белгилүү. Мындан тышкары анын калемине төмөнкү басылмалардагы макалалар таандык: European Journal of Communication, Journalism and Mass Communications Quarterly, Globalist жана башкалар. 


Буга чейин ал Будапешттеги Борбордук-Европалык университетинин вице-президентинин жана “Жарандык билим берүү” европалык долбоорунун директорунун жардамчысынын милдеттерин аркалаган. Ошондой эле ал АКШ менен Россиянын жарандык коомунун өнөктөштүк программасынын жогорку билим берүү боюнча тобунун тең төрагасы жана “Глобалдык тенденциялар 2020” долбоору боюнча Улуттук чалгындоо кеңешинин кеңешчиси болгон.


Доктор Бекер бакалавр даражасын Макгилл университетинде жана философия
илимдеринин доктору даражасын Оксфорддогу Ыйык Антонио колледжинде алган.

АЙЖАН ЧЫНЫБАЕВА

КАМ КӨРҮҮЧҮЛӨР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ

АЙЖАН ЧЫНЫБАЕВА 15 жылдык ишкерлик карьера жана Эл аралык тажрыйбага ээ. 

Чыныбаева айым “Ротари Клуб Бишкек” (2007) кайрымдуулук уюмунун мүчөсү жана экс-президенти, “Курак аялдар форуму” өкмөттүк эмес уюмунун мүчөсү, Кыргызстандын кыз-келиндеринин “Курак” коомдук бирикмесинин төрайымы болуп эсептелет. Ал позитивдүү ой-жүгүртүү жана мотивацияны активдүү түрдө пропагандалап келет. Ошондой эле социалдык ишкерлик ассоциациясынын кеңешинин мүчөсү, ASP мектебинин насаатчысы, “Мен Кыргызстанга инвестиция жасайм” республикалык жаштар долбоорунун нассатчысы жана машыктыруучусу, “Таза Ысык-
Көл” кыймылынын демилгечиси катары көптөгөн жаштар стартап-долбоорлорун колдоп келет.


Чыныбаева айым “Эко-Деми” коомдук фондунун негиздөөчүсү болуп саналат. Аталган фонд 2015-жылдан тарта бүткүл Кыргызстанда аймактарды тазалоо боюнча ири акцияларды өткөрүп келет. Ал 2021-жылы “Let's Do it World” Эл аралык уюмунун Борбордук Азиядагы өкүлү болуп дайындалган жана учурда анын Кыргызстандагы элчиси болуп саналат. Мындан тышкары ал башка жергиликтүү жана Эл аралык уюмдардын мүчөсү болуп саналат. Атап кетсек:


 2016 - 2020 Норвегия Падышачылыгынын Кыргыз Республикасындагы Ардактуу
консулу 
 2017 - 2020 Кыргыз Республикасынын консулдарынын клубунун президенти 
 2018 - Woman Expo Kazakhstan`дын элчиси
 2020-2021 Бишкектин социалдык өнүктүрүү маселелери боюнча вице-мэри
2019-жылы апрелде Делиде (Индия) өткөн аялдар экономикалык форумунда “Мыкты лидерлик” сыйлыгына арзып, чыгаан лидердин үлгүсү катары таанылган. 2019-жылы бизнесте аялдардын укуктары менен мүмкүнчулүктөрүн кеңейткендиги үчүн КРнын премьер-министри тарабынан сыйланса, ал эми COVID-19 менен күрөшкөн жергиликтүү
ооруканаларды дары-дармектер менен камсыздагандыгы үчүн ыраазычылык кат алган. Чыныбаева айымдын жетекчилиги астында Кыргызстан 150 өлкөнүн ичинен Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн жеңүүчүсү (1-орун) аталган. 2012-жылдан тарта БААУнун башкармалыгын мүчөсү болуп келет.

АЛМАС ЧУКИН

КАМ КӨРҮҮЧҮЛӨР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ

АЛМАС ЧУКИН Борбордук Азиядагы түздөн-түз инвестициялар боюнча ири компаниялардын бири болгон Visor Kazakhstan компаниясынын өнөктөшү болуп эсептелет. Чукин мырза Halyk Bank, Compass Asset Management жана Kazyna Capital Management компанияларында жетекчилик кызматтарды аркалоосунун натыйжасында банк жана инвестиция тармактарында чоң иш тажрыйбасына ээ. Акыркы жылдары экономиканын ар кандай секторлоруна Visor инвестицияларын башкарган - телекоммуникация, фармацевтика, чекене соода. Ал эми соңку күндөрү негизинен
калыптанма энергетиканы өнүктүрүүгө бүт күч-аракетин жумшаган. Жеке секторго өткөнгө чейин 1997-жылы Экономика жана каржы министрлигинде жетектөөчүлүк кызматтарды ээлеп, КРнын АКШдагы элчилигинин Иштеги ишенимдүү адамы болгон. 


Өз карьерасын Москва мамлекеттик университетинин бакалавриат менен аспирантурасын аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинде саясий экономия кафедрасынын доценти катары баштаган. 

Чукин мырза БААУнун Кам көрүүчүлөр кеңешинин мүчөсү болуп ал түптөлгөн 1998- жылдан тарта эсептелет. Белгилей кетсек, дал ошол жылы КУУнун Кыргыз-Америкалык факультети Кыргызстандагы Америкалык университет болуп кайра түзүлгөн. Кийинчерээк БААУ болуп кайра өзгөртүлгөн. Ал БААУнун жаңы кампусунун
курулушунун башкы жактоочусу болуп саналат.

АСЕТ АБДУАЛИЕВ

КАМ КӨРҮҮЧҮЛӨР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ

АССЕТ АБДУАЛИЕВ - башкаруу боюнча Эл аралык консультант. Алматынын мэринин инновациялар жана шаардык өнүктүрүү боюнча кеңешчиси болуп иштеген. Ал Борбордук Азиянын тарыхында алгачкы “Акылдуу шаар” долбоорунун алкагында 200дөн ашуун инновациялык долбоорлор менен стартаптарды аныктап, колдоого алган. 


Ошондой эле ал Алматыдагы 5 ири коомдук мейкиндиктердин ишке кигизилүүсүн жана дизайнын координациялаган. Буга чейин Алматыда 2017-жылы орун алган Кышкы Универсиаданын уюштуруу комитетинде жетекчилик кызматтарды ээлеген. 


Абдуалиев мырза MPA даражасын Кеннеди Гарвард мектебинде жана менеджмент боюнча магистр даражасын Стэнфорд жогорку бизнес мектебинде алган.

ГРЭМ О’ДОНАХЬЮ

КАМ КӨРҮҮЧҮЛӨР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ

ГРЭМ О’ДОНАХЬЮ - мамлекеттик башкаруу, коммерциялык жана коомдук укук, логистикалык операциялар жана чийки заттар менен соода-сатык иштерин жүргүзүү тармактарында иш тажрыйбасына ээ жеке ишкер жана юрист. 2013-жылдан 2015-жылга чейин Mina Group компаниясынын президентинин жана башкы менеджеринин милдетин аткарып, бардык глобалдык операцияларга жооптуу болгон. Буга чейин юрист жана консультант болуп эмгектенип, мультиулуттук компанияларга, үй-бүлөлүк кеңселерге, өнүгүп бараткан мекемелерге жана ишкерлерге өз кызматын көрсөткөн. Ишкерлердин ишмердүүлүгү ар кандай өндүрүш багыттары жана географиялык аймактарды камтыган.
Ошондой эле ал телекоммуникациялык коопсуздуктан баштап кымбат баалуу буюмдар жана чийки заттарды сатуу тармактарында директорлор кеңешинин директору жана жоопкерчиликтүү өкүлү катары иш тажрыйбасына ээ. 


Бир аз мурда О'Донохью мырза нью-йорктук Weil, Gotshal & Manges LLP юридикалык фирмасында адвокат болуп иштеп, татаал коммерциялык соттук процесстерге жана трансулуттук талаштарга адистешкен. 


2007-жылдан 2009-жылга чейин Ак үйдө АКШнын президентинин кеңешчисинин жардамчысы болуп эмгектенген, ал эми ага чейин кеңешчинин жардамчысынын орун- басары болгон. Бул кызматта О'Донохью мырза Ак үйдүн АКШнын Конгрессиндеги жана башка федералдык мамлекеттик мекемелериндеги көп сандаган иликтөөлөрү жана
кылдаттык менен чечиле турган назик маселелерине катышкан. 

 

Айтылуу АКШнын Колумбия аймагы боюнча Аппеляциялык сотунун өкүлү Лоуренс Х. Зильбермандын тушунда соттук клерк болуп иштеген. 


Колумбиялык юридикалык колледжинин юрист даражасына жана Гарвард университетинин философия илимдеринин бакалавр даражасына ээ. О'Донохью мырза БААУнун алдындагы Жаңы муун академиясынын Директорлор кеңешинин курамына кирет. Айта кетсек, ЖМА Борбордук Азиянын орто мектептеринин алдыңкы бүтүрүүчүлөрүнө Университетке окууга тапшыруу үчүн бир жылдык интенсивдүү программанын алкагында даярдануу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.

 

КРИСТИНА САРАЧАКОВА

КАМ КӨРҮҮЧҮЛӨР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ

КРИСТИНА САРАЧАКОВА - инвестициялоо тажрыйбасына ээ инвестор жана Friday Properties компаниясынын түптөөчүлөрүнүн бири. Банк тармагын жакшы билген адис, Казакстандын HSBC банкында 7 жыл иштеген. Мындан тышкары ал Бишкектин Эл аралык Экономика жана бизнес мектептеринде сабак берет. Бул анын жаш муундун
өсүп-өнүгүшүнө анын кошкон жеке салымы десек жаңылышпайбыз. 


Сарачакова айым экономиканын бакалавры даражасын Борбордук Азиядагы Америкалык университетинде (2005) жана MBA даражасын Москва мамлекеттик университетинде алган. Ал өлкөдө билим берүүнү колдоо максатында Кыргызстандагы кесипкөйлөрдүн ассоциациясы ProKG  менен кызматташат. Кристина 3 кыздын апасы
жана кыз-келиндердин укугун коргоонун активдүү тарапташы болуп саналат.

ЛЕОНАРД БЕНАРДО

КАМ КӨРҮҮЧҮЛӨР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ

ЛЕОНАРД БЕНАРДО - “Ачык коом” Фондунун (OSF) аткаруучу вице-президенти. Буга чейин Евразия боюнча аймактык директор жана Ачык коом стипендиясынын директору болгон. 


Бенардо мырза өзүнүн “Ачык коом” фонддорундагы ишин Соростун Москвадагы фондунда баштаган. Ошол кезде ал эмне себептен жаңы россиялык профсоюздар жаңыn өкүлчүлүк органдарын түзбөстөн, СССРдеги белгилүү болгон мурдагыдай байлыкты бөлүштүрүү органдарын кайра калыбына келтирип жаткандыгы тууралуу диссертация
жазып жүргөн. 1990-жылдардын ортосундагы америкалык саясат таануу бир калыпта жүрүм-турумдук рационалдуулук жана экономикалык үлгүлөрдү көздөй багыт алып, маданият жана идеология маселелеринен четтеп кеткен. Ал Фонддо толук кандуу жумуш күнү бою иштөө мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган эмес. 


Тез арада Бенардо мырза “Ачык коомдун” бүткүл Россия боюнча өкүлчүлүгүн жетектеп, өз милдеттерин кеңейткен. Эми алардын катарына Борбордук жана Чыгыш Европа да кирген. Анын милдеттерине кенен гранттарды берүү, аймактагы көп сандаган фонддордун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана Фонддун ишмердүүлүгү боюнча
стратегиялык сунуштар менен рекомендацияларды берүү кирген.  


2008-жылы Фонддо ишке камырабоочулук менен карагандык пайда болгондо Бенардо мырза стипендиялар программасын түзүүнү сунуштайт. Бул программа ортогоналдуу болуп, Фонддун көксөгөн идеяларына чакырык таштаган адамдарды аныктамак. Программа ой-жүгүртүүсү фондго зарыл болуп жаткан динамизм менен сын көз
карашты берген адамдарды ачыктамак. Бенардо мырза “Ачык коом стипендиясы” программасынын директор-негиздөөчүсү болгон. Аталган программа 2016-жылы кеңейтилип, өзүнө айрым адамдарга багытталган 3 кошумча демилгелерди камтыган. 


2017-жылы күзүндө Бенардо мырза “Ачык коом” фондунун вице-президенти болсо, ал эми быйылкы жылдын башында аткаруучу вице-президенти болуп дайындалды. Өзүнүн учурдагы кызматында Бенардо Фонддун географиялык программаларынын кенен спектрин башкарып, анын бир топ кенен стратегиялык жана интеллектуалдык багытына
катышуу менен татаал институтту башкарууга жардам берүүдө. Мындан тышкары ал “Ачык коом” университеттеринин түйүнү үчүн программаларды иштеп чыгууну башкарууга жана анын каржылык абалын көзөмөлдөөгө көмөк көрсөттү.  
Бенардо мырза Бард колледждин, БААУнун жана Европалык гуманитардык университеттин (Литва) Директорлор кеңешинин курамына кирет.


Бенардо мырза Мичиган университетинин тарых илимдеринин бакалавры жана Колумбия университетинин саясат таануу боюнча магистри даражаларына ээ. Анын макалалары төмөнкү басылмаларда жарык көргөн: New York Times, New York Review of Books, International Herald Tribune жана Bookforum. Эки китептин авторлошу болуп саналат: Brooklyn by Name: How the Neighborhoods, Streets, Parks, Bridges, and More Got Their Names, жана Citizen-in-Chief: The Second Lives of the American Presidents. Бенардо биргеликте авторлош болуп көбүнчө жакын досу Иван Крастев менен эмгектерди жазып турат.

ЛИВИУ МАТЕЙ

КАМ КӨРҮҮЧҮЛӨР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ

ЛИВИУ МАТЕЙ - Борбордук-Европалык университетинин провосту (университетте президенттен кийинки экинчи адам) жана жогорку билим берүү саясатынын профессору. Ал Европа менен АКШнын университеттеринде сабак өткөн, жогорку билим берүү саясаты тармагында көптөгөн консультацияларды берген жана Бүткүл дүйнөлүк банк,
ЮНЕСКО, ЕККУ, Европанын кеңеши, Европалык комиссия жана башка Эл аралык уюмдар (өкмөттүк жана өкмөттүк эмес), улуттук органдар жана Европа менен Азиянын университеттери үчүн колдонмо изилдөө долбоорлорун өткөргөн. 


Матей мырза БААУнун Кам көрүүчүлөр кеңешинин мүчөсү болуп саналат жана “Жогорку билим берүүнү интернационализациялоо” жана жогорку билим берүүнүн европалык басылмаларынын курамына кирет. Ал философияны Клуждагы Бабеш-Бойяи университетинде жана социологияны Бухарест университетинде иликтеген. Акыркы ЖОЖдо ал философиянын доктору даражасын алган. Ал Брюсселдеги социалдык билим берүү жана коммуникация институнда, социалдык изилдөөлөрдүн жаңы мектебинде, Париж Х Нантер университетинде, Савойи университетинде, Зальцбург семинарында (the Salzburg Seminar) жана адамдар жөнүндө илимдер үйүндө (Maison des Sciences de l’Homme) стипендия алган.


Анын компетенцияларынын негизги тармактары өзүнө университеттерди башкарууну, каржылоону, жогорку билим берүүнү интернационализациялоону, академиялык эркиндикти, университеттердин автономиясын, сапатты камсыздоону камтыйт. Ал академиялык эркиндик боюнча Глобалдык обсерваториянын негиздөөчүсү болуп эсептелет.

 

НАЗИРА БЕЙШЕНАЛИЕВА

КАМ КӨРҮҮЧҮЛӨР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ

Назира Бейшеналиева “Азия Банкы” ЖАКынын Директорлор кеңешинин төрайымы болуп саналат жана банктын саясатын калыптандыруу жана стратегиясын ишке ашыруу боюнча Директорлор кеңешинин ишмердүүлүгүн башкарат. Буга чейин Бейшеналиева айым Бишкектик бизнес клубдун төрайымы болчу. Аталган бизнес-ассоциация өлкөдөгү
чакан жана орто бизнестин кызыкчылыктарын жайылтуу жана колдоо менен алектенет. Мындан тышкары ал 2013-2014-жылдары Бишкектин “Ротари-клубунун” президенти болуп, клубдун ар кандай кайрымдуулук иштерине жооптуу болгон. Соңку 7 жылдын аралыгында Бейшеналиева айым өлкөнүн билим берүү, маданият жана социалдык
кайрымдуулук долбоорлоруна активдүү катышып келет.


2013-жылы ал социалдык-экономикалык жашоого кошкон салымы үчүн Бишкек шаарынын мэринин жана Социалдык коргоо министрлигинин сыйлыктарына арзыган. Бейшеналиева айым БААУнун журналистика жана коомчулук менен байланыштар тармагында бакалавр (1998), Москва Ишкерлик жана укук институтунун бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит тармагында даражага (2004) жана Кыргыз-Орус Славян университетинин укук тармагында даражасына (2005) ээ. Ал ошондой эле Гарварддын бизнес мектебинин өркүндөтүлгөн менеджмент программасын аяктаган (2014).

СКОТТ ХОРТОН

КАМКОР КЕНЕШЕНИН МҮЧӨСҮ

Билими 1973-1976 – Людвиг-Максимилиан атындагы Мюнхен Университети (Германия), гуманитардык илимдердин бакалавры 1977 – Мэрилэнд Университети (дипломду мыктылык менен жактаган) 1978 – Йоханнес Гутенберг атындагы Майнц Университети (Германия) (Фулбрайттын укук боюнча стипендиаты) укук доктору Иш тажрыйбасы 1985 – азыркы күнгө чейин «Patterson, Belknap, Webb & Tyler LLP» (1990-жылдан бери өнөктөш) 1981-1985 «Cleary, Gottlieb, Steen & Hamilton» 1997-азыркы күнгө чейин Колумбия университетинин юридикалык мектебинин чакырылуучу профессору УЮМДАР Америкалык юристтер ассоциациясы, Нью-Йорк штатынын адвокаттар ассоциациясы, Нью-Йорк штатынын адвокаттар ассоциациясы (1994-1997, КМШ маселелери боюнча комитеттин төр агасы; Адамдын эл аралык укугу боюнча комитеттин төр агасы, 2000-2003; Эл аралык укук боюнча комитет, 2004-азыркы күнгө чейин), Эл аралык юристтер ассоциациясы (Эл аралык соттук доолор боюнча комитет; Чек-ара талаштары боюнча комитет); Эл аралык укук ассоциациясы (ардактуу казыначы, 1990-1994; аткаруучу комитет) Эл аралык мамилелер боюнча кеңеш; Эл аралык укук боюнча америкалык коом; Андрей Сахаров Фонду (мүдүр); Адам укуктары боюнча эл аралык лига (президент); Билим берүү боюнча америкалык-кытай фонду (төр ага); Коммерциялык эмес укук боюнча эл аралык борбор (мүдүр); Борбордук Азиядагы Америкалык Университет (камкор).

СТАНИСЛАВ КАРПОВИЧ

КАМКОР КЕНЕШЕНИН МҮЧӨСҮ

СТАНИСЛАВ КАРПОВИЧ 1997-жылкы БААУнун алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн бири. Ошол мезгилден тарта ал бизнесте топ-менеджер катары бир нече консалтингдик жана инвестициялык компанияларда эмгектенип, көптөгөн ийгиликтерге жетишти. Учурда ал Silk Road Investments компаниясынын директору жана FNT Consultants компаниясынын
башкаруучу директорунун орун басары болуп эсептелет. 


Карпович мырза Enactus Kyrgyzstan`дын (http://www.enactus.org/) башкармалыгынын төрагасы, ошондой эле Бишкектин Ротари-клубунун экс-президенти (http://www.rotary.org/). БААУнун Кам көрүүчүлөр кеңешинин 2004-жылдан бери
мүчөсү.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028