Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Профиль тууралуу

ПРОФИЛЬ ТУУРАЛУУ

 

MИССИЯ:

ЭТКнын профилин түзүү зарылчылыгы Борбордук Азиянын эколог-эксперттерге болгон муктаждыгынан жана социалдык, экономикалык жана экологиялык кызыкчылыктарды тең салмактуулук абалына келтирген аймактын өнүгүү жолуна түшүүсүн колдоо болгон БААУнун миссясынан келип чыккан. Бул программа БААУ менен Бард колледждин глобалдуу ой жүгүрткөн жана Борбордук Азиянын жергиликтүү шарттарын эске алуу менен аракеттенген агарган кадрлар менен күчтүү лидерлерди даярдоодогу миссияларына төп келет. 

Профилдин максаты болуп туруктуу өнүгүүнүн шаймандарына ээ болгон жана ошондой эле климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн жоголушу, суунун жетишсиздиги, жаан-чачындар менен түшүмдөрдүн азайышы, жапайы жаратылыштын жоголушу сыяктуу экологиялык көйгөйлөрдү терең түшүнүү жөндөмүнө ээ жоопкерчиликтүү менеджерлерди даярдоо эсептелет. Бул профиль негизги көңүлдү өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн көйгөйлөрүнө буруп, аны дүйнө жүзү боюнча экологиялык изилдөөлөрдө колдонууга болот. Ошондой эле ал АКШнын табигый ресурстар институтуна, өнүккөн мамлекеттердин университеттерине жана туруктуу бекем өнүгүү, климаттын өзгөрүшү, курчап турган айлана-чөйрө, ага байланышкан жана ал тууралуу маалыматтарды чогултуу жана анализдөө маселелериндеги бекем тажрыйбага ээ башка дүйнөлүк алдыңкы уюмдарга таянат.  

Максаттары:

1-максат: Тандалган ишмердүүлүк чөйрөсүндө иштөө жөндөмүнө ээ, универсалдуу компетенциялары бар коммуникативдүү жана жоопкерчиликтүү жарандарды даярдоо. Алар өз кезегинде социалдык жактан мобилдүү жана эмгек рыногунда атаандаштыкка туруктуу болуп, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жолунда командада иштөө жана эмгектин бардык шарттарына көнүп кете ала тургандай жөндөмдүүлүктөргө ээ болушат.    

2-максат: Экологиялык көйгөйлөрдү башкаруу тармагында туруктуу бекем өнүгүүнү башкаруу менен байланышкан техникалык жана илимий концепцияларга ээ адис-практиктерди даярдоо.

3-максат: Борбордук-Азиялык аймактын өнүгүү жолуна өтүүсүнө колдоо көрсөтө алган курчап турган айлана-чөйрөнүн маселелери боюнча эксперттерди даярдоо. Ал эми өнүгүү жолуна түшүү социалдык, экономикалык жана экологиялык кызыкчылыктардын баарын теңдетет. 

 

Окутуунун жыйынтыктары:

Окутуунун 1-жыйынтыгы: Эл аралык долбоорлор менен иштөө мүмкүнчүлүгүн берген чет тилдерде ишкерлик баарлашуунун деңгээлинде баарлашуунун коммуникативдик ыкмаларына ээ болуу;

Окутуунун 2-жыйынтыгы:  Экологиялык маселелерди чечүү үчүн теориялык жана практикалык билимдерди колдоно билүү;

Окутуунун 3-жыйынтыгы: Маселелерди иш жүзүндө чечүү үчүн зарыл болгон заманбап ИТ технологияларды колдонуу;

Окутуунун 4-жыйынтыгы:  Теориялык жана практикалык изилдөөлөрдү өткөрүү, маалыматтарды чогултуу, чечмелөө жана тыянактарды чыгаруу;

Окутуунун 5-жыйынтыгы:  Команданын мүчөсү катары жеке түрдө эффективдүү иштөөнү билүү жана ошондой эле команданы башкаруу.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028