Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - ЭКОЛОГИЯЛЫК МЕНЕДЖМЕНТ ЖАНА ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ

ЭКОЛОГИЯЛЫК МЕНЕДЖМЕНТ ЖАНА ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ

БИЗДИН БИР ГАНА ЖЕРИБИЗ БАР. АДАМЗАТТЫН АЛДЫНДАГЫ ЭҢ ЧОҢ КОРКУНУЧТАРГА КАРШЫ ЧЕЧИМДЕРДИ ТАБА ТУРГАН АДИСТЕР КЕРЕК. МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮНҮН ЫКМАЛАРЫН КАНТИП КОЛДОНУУ КЕРЕКТИГИН ҮЙРӨНҮҢҮЗ

Профиль тууралуу

“Экологиялык менеджмент жана туруктуу өнүктүрүү” факультети Борбордук Азиянын экология тармагында адистерге болгон муктаждыгын канагаттандыруу, Борбордук Азиядагы Америка университети чөлкөмдүн социалдык, экономикалык жана экологиялык кызыкчылыктарды тең салмакта кармаган өнүгүү жолуна түшүшүндө колдоо көрсөтүү максаты менен түзүлгөн. Бул программа билимдүү, ишине жан дили менен берилген, глобалдык деңгээлде ой жүгүрткөн, өз жерине ылайык иш аткарган, Борбордук Азиянын шарттарын мыкты билген жетекчилерди даярдоо миссиясына толугу менен жооп берет.

Факультеттин кеңеши

Факультеттин кеңеши БААУ “Экологиялык менеджмент жана туруктуу өнүктүрүү” программасынын кеп-кеңеш берүүчү органы болуп саналат. Бизнес, өкмөт, илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү кеңешке мүчө болуп, бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы, келечекте бүткүл дүйнөдөгү экологиялык проблемаларды чечүү үчүн студенттерди даярдаган окуу планын түзүшөт.

Факультеттин болочок бүтүрүүчүлөрү үчүн маалымат

“Экологиялык менеджмент жана туруктуу өнүктүрүү” факультетинин бүтүрүүчүлөрү окуусун уланта алышат же жумушка орношо алышат. Экология жана айлана-чөйрө илимдери боюнча магистратура жана докторантурада билимин жогорулатуу үчүн коюлган талаптарга жооп беришет. Бизнес, бейөкмөттүк, эл аралык уюмдарда иштөө үчүн эң керектүү жөндөмдүүлүктөргө, коом тууралуу өзөктүү билимге жана түшүнүктөргө ээ болушат. Окутуу, диссертацияларга кеп-кеңеш берүүдө тышкы эксперт болуу, ар түрдүү стаждык даярдыктар аркылуу биздин бүтүрүүчүлөр өздөрүн профессионалдык чөйрөдө өнүктүрүүдө жана керектүү байланыштарды түзүүдө ийгиликтүү болушат.

ИШ-САПАРЛАР

“Кумтөр” алтын кенине жана NABU уюмунун илбирстерди багуу жайына аткарылган практикалык сапарлар айлана-чөйрөнүн туруктуулугун жана абалын талдоодо негизги көз караштар боюнча түшүнүк берет.

ФАКУЛЬТЕТТИН ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028