Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Жанара Курманбаева. Эберсвальдедеги туруктуу өнүгүү боюнча университет

- Менин атым Жанара. БААУнун “Эркин искусстволор жана илимдер” факультетинин “Экологиялык менеджмент жана туруктуу өнүгүү” адистиги боюнча 3-курсунун студентимин. 2018-жылдын күзгү семестрин Германияда, Эберсвальдедеги туруктуу өнүгүү боюнча университетте (The Eberswalde University for Sustainable Development - HNEE) өткөрдүм. Ал жакка мен БААУ менен HNEE кызматташтыгынын eAGROFORST долбоорунун негизинде бардым. 

 

HNEE Германиянын эң жашыл окуу жайы болуп саналат. Ал 1830-жылы Токой академиясы катары негизделген. Университет төмөнкү багыттар боюнча адистешкен. 

 

  • Токой жана курчап турган айлана-чөйрө (Forest and Environment);
  • Ландшафттык башкаруу жана жаратылышты коргоо (Landscape Management and Nature Conservation);
  • Жыгач иштетүү (Wood Engineering);
  • Туруктуу бизнес (Sustainable Business).

 

Эберсвальде шаары Берлинден 40 мүнөттүк аралыкта (эгер ылдам поезд менен жүрүп отурса) Бранденбург аймагында жайгашкан. Университет 2 кампуска ээ: шаардык кампус (city campus) жана токой шаарча (forest campus). Мен токой шаарчасында окуп, “Токой чарбасы системасынын кайра курулуш” магистрдик багытынын курстарын өткөм. Төмөнкү курстарды жыйынтыктадым:

 

  • Ресурстарды пайдаланууга киришүү жана экономикалык концепциялар (Introduction to resource uses and economic concepts);
  • адамдардын жыргалчылыгы, эко-системалык функциялар, баалоонун кызматтары жана балоо жолдору (human wellbeing, ecosystem functions, services and valuation approaches);
  • экосистемалык кызматтар үчүн токойлорду башкаруу системасы (forest management systems for ecosystems services);
  • Чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн өсүүнү үлгүлөөнүн негизинде токой чарбасын башкаруу (silvicultural management based on growth modeling for decision support);
  • экологиялык саясат жана жаратылышты коргоо (environmental policy and nature conservation);
  • мейкиндиктүү өлчөм, баалоо жана чечимдер (spatial dimension, assessment and solutions);
  • экосистемаларды үлгүлөө (ecosystem modeling);
  • немис тили  B1 + (German B1+).

Класста биз Vensim жана GIS программалары менен иштечүбүз. Vensim - бул концептуалдуу түрдө үлгүлөө, документациялоо, аткаруу, анализдөө жана системалык динамиканын үлгүлөрүн оптимизациялоо мүмкүнчүлүгүн берген үлгүлөөнүн визуалдык каражаты. GIS - популярдуу географиялык маалыматтык система, ал менен көбүнчө токойчулар менен экологдор иштешет. Профессорлор өз предметин так билип, ар дайым жардам берүүгө даяр болушчу. 

 

Ал жактагы студенттик жашоо ар түрдүү: жума күндөрү студенттер футбол ойношсо, шейшемби жана бейшемби күндөрү волейбол же баскетбол жана шаршемби күнү бадминтон ойноп чер жазууга болот. Бассейндерде студенттер үчүн арзандатуулар каралган. Мындан тышкары университет мага бүткүл Бранденбург боюнча эркин саякаттоо мүмкүнчүлүгүн берген жашыл карта тартуулаган. 

Мен жалпы батирлерде (WG) германиялык жана румыниялык 2 кыз менен жашадым. Алардан вегандык тамак жасоону үйрөндүм. Өзгөчө мага вегандык жупкалар жакты - абдан даамдуу болот экен! Мага немистердин курсташтар менен бир үйдө чогулуу салты жакты. Мындай чогулуштарда биз тамак жасап, немис тилин практикалап, бири-бирибиз жөнүндө жакында билип жана жөн гана убакытты чогуу өткөрчүбүз. 

Мындан тышкары университеттин Эл аралык кеңсеси бир семестрда 2 ирет студенттердин тур-сапарларын уюштурчу. Ошондой сапарлардын биринде кооз Польша мамлекетин көрүү бактысы буюруп, музейлерди көрүп, тамак-аштарынан даам сыздым. 

Мен Эберсвальдеде ар кайсы өлкөлөрдөн келген кызыктуу адамдар менен тааныштым. Бул алмашуу мага жаңы таасирлерди, унутулгус эскерүүлөрдү тартуулап, менин күндөрүмдү жаркын учурлар менен көрккө бөлөдү. Мага ар тараптан колдоо көрсөткөндүгү үчүн HNEE жана БААУдагы профессорлорума ыраазычылык билдирем.  Ошондой эле менин Эберсвальдеге болгон сапарымды каржылаган Германиянын Билим берүү министрлигине рахматымды айтам.  

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028