Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Өнөктөштөр

Өнөктөштөр

 

НОРВЕГИЯЛЫК ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР УНИВЕРСИТЕТИ (UMB)

Норвегиялык табигый илимдер университети (The Norwegian University of Life Sciences) (UMB), Норвегиялык билим берүүнү аккредитациялоо агенттигинен (Nasjonalt organ for kvalitet i utdanningen) - NOKUT) толук аккредитацияны алгандан кийин 2005 жылы негизделген. Норвегиянын аккредитациялнаган 8 университетинин бири. 2011-жылы, UMB жана БААУ Норвегиянын билим берүүдө эл аралык кызматташтык агенттигинен грант алган. Бул долбоордун алкагында студенттерди жана окутуучуларды алмашуу программалары ишке ашырылууда, ошондой эле “Экологиялык туруктуулук” программасы боюнча бакалавриат жана магистратурада 9 окуу курсу иштелип чыккан.

UMB 1859-жылы айыл чарба техникуму катары түптөлгөн, 1897-жылы (vitenskapelig høgskole) университет статусун алган. 1897-жылдан бери Норвегиялык айыл чарба университети катары белгилүү болуп келген. 2005-жылы азыркы макамына ээ болгон. 8 бөлүмдөн турат жана кампустагы 5 борбор менен тыгыз иштешет. UMB билим берүүсү жогорку кесипкөйлүк, студенттер менен окутуучулар арасында туруктуу өз ара аракеттешүү, жагымдуу социалдык жана инфраструктуралык шарттар менен мүнөздөлөт. UMB айлана-чөйрөнү коргоо жана табигый илимдер боюнча адистешкен алдыңкы эл аралык борбор катары белгилүү. Университеттин негизги адистиктери: Биология, Айлана-чөйрөнү коргоо, Жаратылыш ресурстарын башкаруу. Ос шаарындагы башка илимий борборлор менен биргеликте, UMB көптөгөн дисциплиналар боюнча заманбап билим сунуштайт. Зоотехника, Колдонмо математика жана статистика, Аквамаданият биотехнологиясы, Бизнес башкаруу, Химия, Экологиялык менеджмент жана экология экономикасы, Ишкердик жана инновациялар, Айлана-чөйрө жана жаратылыш байлыктары, Тамак-аш технологиялары, Ландшафттык архитектура – сыяктуу багыттарда бакалавр, магистр жана доктор даражалары боюнча көптөгөн окуу программалары сунушталат.

Бакалавриат жана магистратурада окуу курстарынын 50%, ошондой эле докторунтарадагы көптөгөн окуу курстары англис тилинде окутулат. Бакалавриаттагы жана магистратурадагы кээ бир программалар толугу менен англис тилинде окуу жүргүзөт. UMB окуу программалары жөнүндө кененирээк маалымат алуу үчүн Болочок студенттер үчүн маалыматтар менен таанышыңыз. Теориялык билимден тышкары өзгөчө көңүл практикалык сабактарга берилет. Студенттердин 20% окуусун чет өлкөдө окуу менен бирге алып жүрөт. Норвегиялык табигый илимдер университети туруктуу өнүктүрүү, экология, табигый илимдер боюнча адистердин чогулган жери болуп саналат. Университет 150-жылдык тарыхы болгон ишмердигин улантып, туруктуу өнүктүрүүнү көздөгөн социалдык жоопкерчиликтүү, инновацияларгы ачык, атаандаша алуучу илимий коомчулук бойдон калат. 2005-жылдын 1-январынан баштап, Норвгиянын мыйзамдарына жана Европа Болонья Декларациясына ылайык, UMB сапаттуу реформаларды жүргүзгөн, европалык стандарттарга жооп берүү үчүн окуу курстарын, кредиттерди жана илимий наамдарды кайрадан түзүп чыккан. UMB университетинде 4,080 билим алат, анын ичинен 450 докторантурада окуйт. Жыл сайын университетте 50-60 докторлук наам берилет. UMB көп улуттуу университет, чет өлкөлүк студенттер окугандардын 17% түзөт. 1140 кызматкер иштейт, жарымынан көбү илимий наамдарга ээ.

 

 

КУМТӨР ОПЕРЕЙТИНГ КОМПАНИ

Жергиликтүү коомчулуктар менен өнөктөштүк иш алып баруу, ийгиликтүү өндүрүш демилгелерин ишке ашырууда маанилүү фактор болуп саналат. Социалдык жоопкерчилик принциптерин колдонуп, «Кумтөр Оперейтинг Компани» өз ишмердиги жүргүзүлгөн аймактарда туруктуу өнүктүрүү жаатында бир нече инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда. «Кумтөр Оперейтинг Компани» жана БААУ айлана-чөйрөнү коргоо тармагында жетекчилердин жаңы муунун даярдоодо өнөктөштүк ишин жүргүзүшөт.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028