Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Практика тажрайба

ПРАКТИКАЛЫК ТАЖРЫЙБА

Эксперименттик окутуу, илимий изилдөө жүргүзүү, практикалык иштер, жер-жерлерде изилдөө иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү БААУ “Экологиялык менеджмент жана туруктуу өнүктүрүү” факультетинде билим алуунун бөлүгү болуп саналат. Экинчи курста студенттер Бард Колледж (АКШ), Норвегия табигый илимдер университети (Норвегия), Борбордук Европа Университети (Венгрия) сыяктуу окуу жайларда “Эл аралык экологиялык стабилдүүлүк” программасына катышуу арызын бере алышат. Үчүнчү курстагы милдеттүү практика учурунда студенттер өздөрүнүн экологиялык долбоорлорун ишке ашыра алышат. Үчүнчү жана төртүнчү курстун студенттерине өндүрүш, башкаруу (муниципалдык, регионалдык, республикалык), же бейөкмөттүк секторлордо кесипкөй экологдордун көзөмөлү астында өз долбоорлорун ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү берилет. Программа ошондой эле жер-жерлеринде изилдөө жүргүзүү, көз карандысыз изилдөөлөр жана практикалык билим алуу боюнча көптөгөн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028