Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ -

Гранттар көп жылдар бою БААУ үчүн университеттин миссиясы менен максаттарын аткарууда маанилүү ролду ойнойт. Жаш муун үчүн жогорку билимге жетүү мүмүнчүлүгү
Борбордук Азиянын жаштарынын дараметин чоңойтуу жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүт үчүн эң жогорку приоритеттердин бири болуп саналат. Жергиликтүү жана Эл аралык
донорлордун берешендик менен жасаган колдоосунун натыйжасында аз камсыз болгон жана алыскы аймактарда жайгашкан үй-бүлөлөрдөн чыккан таланттуу студенттер
гуманитардык илимдер тармагында америкалык билим берүүнүн мыкты салттарында Эл аралык, мультидисциплинардык коомчулукта билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп келет.
Стипендиалдык гранттар БААУнун студенттеринин Борбордук Азияда гана эмес, ошондой эле эле чет өлкөлөрдө да өнүгүүсүндө, социалдык-экономикалык жактан өз алдынча болуусунда жана дараметин күчөтүүдө маанилүү ролду ойнойт.  


Мындан тышкары студенттерге алмашуу программаларына, конференцияларга жана изилдөөчүлүк долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүгүн берген гранттар да бар. Мындай
гранттар биздин студенттерге теориялык билимдерин иш жүзүнө аларды колдонуп тажрыйба арттыруу жана жаңы ыкмалар менен Эл аралык байланыштарга ээ болууга мүмкүнчүлүк берет. 


Көп сандаган донорлор БААУнун изилдөөчүлук борборлорунун жана окутуучуларынын демилгелерин колдоп келет. Изилдөөчүлүк борборлору өзүлөрүнүн академиялык жана
социалдык долбоорлору үчүн гранттарды активдүү түрдө тартып келет. Изилдөө жүргүзгөн чөйрөлөрү тууралуу айта кетсек, алар программалык аралык изилдөөлөр,
миграция жана социалдык коргоо, туруктуу бекем өнүгүү жана экология, адам укуктары жана демократиялык башкаруу. Ошондой эле гранттардын көмөгү менен БААУнун
окутуучулары изилдөөчүлүк ишмердүүлүгүн жүргүзүү, илимий конференцияларга катышуу, окутуу программаларын иштеп чыгуу жана изилдөө эмгектерин жарыялоо
мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуп келишет. 


БААУ узак мөөнөттүү донорлр жана өнөктөштөр менен мамилелерди бекемдөө боюнча жана билим берүү тармагына, курулуш долбоорлоруна, изилдөөлөргө, жабдууларга,
китепкана ресурстарына,студенттердин алмашуу программаларына жана ишмердүүлүктүн башка түрлөрүнө инвестиция жасоого даяр жаңы жергиликтүү жана Эл аралык
донорлорду издөө багытында да иш-аракеттерди жасап келет. Бул университеттин туруктуу бекем өнүгүүсүнө гана эмес, ошондой эле Борбордук Азия менен жалпы Эл
аралык коомчулуктун өсүп-өнүгүүсү жана реконструкциясына түрткү болот.

 
“Ачык коом” фонду өз элинин алдында отчет берүүгө милдеттүү демократиялык өкмөттөрдү түзүүнүн үстүндө иш алып барат. Бул миссияга жетүү үчүн Фонд саясий,
укуктук жана экономикалык системаларда адилеттүүлүктү камсыздап, негизги укуктарды коргогон мамлекеттик саясатты түзүүгө умтулат.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028