Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - БААУ медициналык кызматы

БААУ медициналык кызматы

Университетин медициналык кызматынын баракчасына кош келиңиздер!

Бул жерден сиз биздин кызматтар, иштөө графигибиз, байланыш маалыматтары, зарыл документтер, көп узатылган суроолорго жоопторду жана башка көптөгөн маалыматтарды таба аласыз.

   MEDICAL SERVICES at AUCA

 

БААУнун Медициналык кеңсеси БААУнун коомчулугуна төмөнкү кызматтарды
көрсөтөт:

  • Медициналык консультациялар + керектөөгө жараша дарылык каражаттарын
    берүү;
  • Физиотерапевтикалык кызматтар (увч, куф, ингалятор, амплипульс, узт);
  • Шашылыш медициналык жардам;
  • Студенттердин, окутуучулардын жана кызматкерлердин флюрографиялык
    текшерүүсүн уюштуруу;
  • Оорунун айынан диспансердик эсепте турган студенттерге байкоо жүргүзүү;
  • Тышкы медициналык клиникаларда студенттердин адис-дарыгерлердин
    текшерүүдөн өтүүсүн уюштуруу;

 

Зарылчылыкка жараша БААУнун терапевти университеттин студенттерине “Акы
төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүү тууралуу келишимге” ылайык,
адистешкен поликлинаканын адис дарыгерлерине кайрылууну сунуштайт.
Эгер сизде биз көрсөткөн кызматтар боюнча суроолор жаралса, анда биз менен
өзүңүзгө ыңгайлуу жол аркылуу байланышыңыз (бул жерди басыңыз)
Байланыштар

 

 Дүйшөмбү - Жума: 9:00 - 17:00
o Түштөнүү: 12:00 - 13:00
 Ишемби – Жекшемби:
Жабык болот
Медициналык кеңсе майрам күндөрү иштебейт.

Медициналык кеңсе жайгашкан жер: T13
Ооганстандык студенттер үчүн доктор: кабинет 216  

Эгер сизде ден-соолугуңузга байланыштуу/кеңсе иштебеген учурда суроолор жаралса, анда төмөндө келтирилген көрсөтмөлөр боюнча иш тутуңуз.

 

 

  • Эльмира Амандыкова, терапевт
  • Гультус Масаева, медайым
  • Шарипа Токсаналиева, врач-физиотерапевт
  • Джамиля Дилсуз, ооганстандык студенттер үчүн доктор

 

Ден-соолугуна байланыштуу көйгөйлөр жаралган учурда студенттер үчүн процедуралар Эгер сизде сабактарга катышуу мүмкүнчулүгү жок болсо, анда эмне кыларыңызды жана Университетке кантип кабарлооңузду билериңизге ынаныңыз. Эгер өзүңүздү жаман сезсеңиз, анда кандай чараларды көрүү керектиги жөнүндө кенен инструкцияларды төмөнкү шилтеме аркылуу кирип таба аласыз.

 

БААУнун бардык жаңы студенттери жана кызматкерлери үчүн

БААУнун жаңы кызматкерлери жана студенттери (окуудан четтетилгенден кийин кайра кабыл алынгандар, академиялык тыныгуудан кайтып келгендер, чакыруунун негизинде (visiting) жана алмашуу программалары менен келген студенттер, ЖМА) медициналык кеңсе талап кылган документтерди камдоосу кажет. 
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөндө ылайык келген категорияны тандаңыз.

 

БААУнун жатканасында жашап туруу үчүн арыз берип жаткан студенттер үчүн  БААУнун жатаканасында жашап туруу үчүн арыз берип жаткан студенттер кайсы окуу жылында окуп жатканына карабастан, медициналык формалардын тизмесин Медициналык кеңсеге жеткирип берүүсү кажет. 

БААУнун жатканасында жашап туруу үчүн арыз берип жаткан студенттер 
 
Эгер сизде кандайдыр-бир суроолор жаралса, анда Медициналык кеңсеге кайрылыңыз

 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028