Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ -

Медициналык документтерди качан тапшырып баштоо керек (качан алып келүү максатка ылайык болот)?

Жооп: БААУнун талаптарына ылайык, Сиз ыктыярдуу взнос жөнүндө Келишимге кол койгон күндөн тарта 10 жумуш күнүнүн (же 2 аптанын) ичинде бардык документтерди, анын ичинде медициналык документтерди да, тапшырууңуз кажет.

Суроо: Мен азыркы учурда Бишкекте эмесмин, медициналык документтерди кантип тапшырсам болот?

Жооп: Эгер сиз башка шаарда же өлкөдө жашасаңыз, анда документтерди электрондук почта аркылуу жөнөтүп койсоңуз болот.
Кийинчерээк БААУга келгенден кийин документтердин түп нускаларын Медициналык кеңсеге өткөрүп бериңиз (кабинет Т13).

Суроо: Мен жатаканада жашамакчымын, кайсы документтерди тапшыруу зарыл?

Жооп: Жатаканада жашап туруу үчүн да окууга тапшырып жатканда зарыл болгон документтер керектелет. Болгону аларды сиз Медкеңсеге тапшырууга жетишкен болсоңуз.
Сайттан “Жашап туруу арызын” көчүрүп алып, толтурууңуз да (1 нуска), аны Медкеңсеге паспорттун көчүрмөсү менен бирге тастыктоо үчүн тапшырып коюңуз.

Суроо: Мен учурда академиялык тыныгуудан/окудан четтетүүдөн кийин окуумду кайра калыбына келтирип жатам. Кайсы медициналык документтер керек?

Жооп: Эгер сиз академиялык тыныгууда 1 жыл же андан көп убакыт болсоңуз, анда талаптар окууга жаңы тапшырып жаткан студенттердикиндей эле болот. Эгер бир жылдан аз окуудан четтеп калган болсоңуз, анда окуп жаткан окуу жылы үчүн флюрографиянын жыйынтыгы керек (эгер бул текшерүүдөн өтпөй калган болсоңуз). Ошондой эле буга чейин Медициналык кеңсеге документтерди тапшырган болсоңуз.

Суроо: Мен Жаңы муун академиясын аяктадым/визитинг-студент болгом жана 1-курска окууга тапшырдым. Медициналык документтерди кайрадан тапшыруу зарылбы?

Жооп: Эгер сиз ЖМАдан/визитинг окутуудан кийин 1-курска тапшырсаңыз жана Медициналык кеңсеге документтерди тапшырган болсоңуз, анда кайрадан тапшыруунун зарылчылыгы жок. Болгону Медициналык кеңсеге барып, кайсы департаментке өткөнүңүздү маалымдап коюңуз. Эрежеге ылайык, сентябрь айында БААУнун кампусунда уюштурулчу профилактикалык флюрографиядан өтөсүз.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028