Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ -

 

Медициналык формалар:


БААУнун жатаканасында жашап турууга арыз берген студент Медкеңсеге төмөнкү документтерди толтуруп тапшыруусу керек:

1. “Студенттин ден-соолугунун абалы тууралуу маалымат” медициналык формасы 
2. “Медициналык документтердин тизмесинде” көрсөтүлгөн маалымкаттар, медициналык адистердин бүтүмдөрү, анализдердин жыйынтыктары

Эгер бул документтер Медициналык кеңсеге тапшырыла элек болсо.  Ошондой эле 
3.  Медкеңсенин макулдугун алуу үчүн жатаканада жашап туруу үчүн арыз (1 нуска каалаган тилде: орус же англис тилдеринде) 

Бардык медициналык документтерди Медкеңсеге БААУнун жатканасында жашап туруу үчүн орун берүүнү өтүнүп арыз берген күнү тапшыруу керек. 

Медициналык документтер Медициналык кеңсеге бир даана нускада кыргыз, орус же англис тилинде тапшырылуусу кажет. 

Эгер документтер жогорудагы тилдерден башка тилде даярдалган болсо, анда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүсү кажет. Жыйынтыктардын түп нускасы түшүнүктүү тилде жазылып, медициналык мекеменин мөөрү басылып, дарыгердин колу болушу керек.

 

 

Үзгүлтүксүз флюрографиялык текшерүү

Жыл сайын БААУнун буйругуна ылайык, сентябрь айында же башка бекитилген мезгилде БААУнун бардык студенттери университет тарабынан уюштурулган флюрографиялык текшерүүдөн өтүүсү кажет.

БААУ уюштурган текшерүүдөн өтпөй калган студент бир аптанын ичинде өз алдынча флюрографиялык текшерүүдөн өтүп, анын жыйынтыгын Медициналык кеңсеге тапшыруусу зарыл. Аталган эреженин бузуучуларына БААУ админстративдик чара көрүү укугуна ээ. 


Сурап-билүү үчүн Медициналык кеңсеге кайрылыңыз.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028