Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ -

 

МЕДИЦИНАЛЫК ФОРМАЛА ЖАНА МААЛЫМКАТТАР

Биринчи окуу жылына кабыл алынган студент (бакалавриат, магистратура, алмашуу программасынын негизинде, чакыруу боюнча (visiting), ЖМА жана башка), окуудан айдалгандан кийин калыбына келтирилген же академиялык эс алуудан кайра кайтып келген студент (1 жыл жана андан көп), ошондой эле БААУнун жатаканасында жашап туруу үчүн арыз берген студенттер төмөнкү документтерди толтуруп, Медициналык
кеңсеге тапшырууга милдеттүү:

1. “Студенттин ден-соолугунун абалы тууралуу маалымат” медициналык формасы
2. “Медициналык документтердин тизмесинде” көрсөтүлгөн маалымкаттар, медициналык адистердин бүтүмдөрү, анализдердин жыйынтыктары 

 
Бардык документтерди Медициналык кеңсеге төмөнкү мөөнөттөрдө тапшыруу талап кылынат:

  • Биринчи окуу жылына кабыл алынган студент үчүн - “Билим берүү кызматтарын көрсөтүү тууралуу макулдашууга” кол койгондон кийин 10 жумуш күнүнүн ичинде;
  • Академиялык тыныгуудан келген студент үчүн - калыбына келтирүү тууралуу арыз берген күнү;
  • БААУнун жатаканасында жашап туруу үчүн арыз берген студент үчүн - БААУнун жатаканасында жашап туруу үчүн орун берүүнү өтүнүп арыз менен кайрылган күнү.

Медициналык документтер Медициналык кеңсеге  кыргыз, орус же англис тилдеринде тапшырылат. Бир тилде бир гана даана. 

Эгер документтер жогорудагы тилдерден башка тилде даярдалган болсо, анда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүсү кажет. Жыйынтыктардын түп нускасы түшүнүктүү тилде жазылып, медициналык мекеменин мөөрү басылып, дарыгердин колу болушу керек.
Студенттердин үзгүлтүксүз флюрографиялык текшерилүүсү Жыл сайын БААУнун буйругуна ылайык, сентябрь айында же башка бекитилген мезгилде БААУнун бардык студенттери университет тарабынан уюштурулган флюрографиялык текшерүүдөн өтүүсү кажет.
БААУ уюштурган текшерүүдөн өтпөй калган студент бир аптанын ичинде өз алдынча флюрографиялык текшерүүдөн өтүп, анын жыйынтыгын Медициналык кеңсеге тапшыруусу зарыл. Аталган эреженин бузуучуларына БААУ админстративдик чара көрүү укугуна ээ. 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028