Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ -

Медициналык кеңсенин кызматтарына дагы эмнелер кирет:

  •  БААУнун талаптарынын негизинде студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер
    тарабынан берилүүчү медициналык документтерди чогултуу, эсепке коюу жана
    каттоо;
  • Башка шаарлардан жана өлкөлөрдөн келген студенттерге оорусу жана
    Медициналык кеңсеге медициналык жардам сурап кайрылуу фактысы жөнүндө
    билдирме берүү (Медициналык кеңсеге оорусу башталгандан кийин
    кайрылуусунан кийин дароо жана 7 күндөн кем убакыт ооруган учурда);
  • Ооруп калган студенттин тиешелүү дарылануудан өтүүсүн көзөмөлдөө. Илдетке
    чалдыккан студентке сабакка катышууга ал медициналык кеңсеге айыккандыгы
    тууралуу зарыл болгон бардык документтерди бергенден кийин гана уруксат
    берилет;
  • Ден-соолукту сактоо уюмдарынын дарыгерлери менен адистеринен алынган билдирмелерди чындыка дал келүүсүн тастыктоо;
  • БААУнун аймагында кабыл алынган анын коомчулугунун турмушунун коопсуздугунун эрежелерин сактоо;
  • студенттер, окутуучулар жана кызматкерлерге профилактикалык жана башка медициналык иш-чаралар тууралуу маалыматтарды өз убагында жеткирип туруу;
  • университетте санитардык-гигиеналык режимдин сакталышын көзөмөлдөө;
  • университетте санитардык агартуу, анын ичинде инфекциондук жана митечилик ооруларды профилактикалоо боюнча изилдөөлөрдү уюштуруу;
  • университетте инфекциондук жана митечилик оорулардын жайылышы тууралуу эскертүүлөр боюнча эпидемияга каршы жана профилактикалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
  • ден-соолукту сактоо тармагында башка медициналык адистер менен кызматташуу жана ден-соолукту сактоо маселелерине арналган башка мекемелер тарабынан уюштурулган иш-чараларга катышуу.

 

Медициналык кеңсенин милдеттери төмөнкүчө: 

  • Студенттердин, окутуучулардын жана кызматкерлердин ден-соолугун сактоо жана
    чыңдоо;
  • дарылоочу жана ден-соолукту чыңдоочу иш-чараларды өткөрүү;
  • студенттердин, окутуучулардын жана кызматкерлердин ооруларына системалык түрдө байкоо жүргүзүүнү ишке ашыруу;
  • Окуу жайда санитардык нормалар менен эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөөнү ишке ашыруу, анын ичинде университеттин коомдук тамактануу чөйрөсүндө да.

 

Кенен маалымат:  Медициналык кеңсенин иштөө графиги 
 
Сурап-билүү үчүн медициналык кеңсеге кайрылыңыздар.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028