Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Миссия, баалуулуктар жана максаттар

МИССИЯ, БААЛУУЛУКТАР ЖАНА МАКСАТТАР

 

Биздин Миссия

Борбордук Азиядагы Америкалык университети Эл аралык, көп профилдик, билим берүү мекемеси болуп эсептелет. БААУнун миссиясы болуп Борбор Азиядагы кайра курууларды ишке ашыруу үчүн америкалык гуманитардык билим берүүнүн мыкты салттарында жаңы билимдүү, жетектөөчү кадрларды даярдоо  саналат.

 

Биздин Баалуулуктар

Борбордук Азиядагы Америкалык университети акыйкаттык менен адилеттүүлүктү издөөдө жоопкерчиликтүү эркин иш-аракеттерди баалайт. Биз чынчылдыкты, өзүнө сын
көз карашта жана урмат-сый менен мамиле жасоону баалайбыз. Биз ачык, көп түрдүү жана адилеттүү коомдун жөндүү таламдарын жана сыпайылыгын баалайбыз. Анткени
мындай сапаттар биз окуган жана жашаган аймакка шайкеш келген коомдун өнүгүүсү үчүн да зарыл.

 

Киришүү

БААУ Борбор Азия үчүн кызмат кылат. Аталган аймактын жарандары катуу кол бийликке көнүп калган айрым улуттук мамлекеттеринде демократиянын түйүлдүктөрү өсүп чыга
баштады. Биз адамдарда аймактын бай салттарын кабыл алууну өнүктүрүүчү жана аларды демократиялык өнүгүүгө ылайыкташтыруучу ыкмалар менен акыл түзүлүшүн
өнүктүрөбүз. 


Биздин 2500 бүтүрүүчүбүздүн ийгиликтери менен сыймыктанып гана тим болбостон, университетибиздин өркүндөөнүн жаңы деңгээлине жетүүсүн камсыздоого багытталган
академиялык өнүгүү планын ишке ашырып келебиз.  Биздин план университеттин көз карандысыз билим берүү мекемеси катары 10 жылдыгы белгиленген жылы ишке киргизилген. 

Биздин өзгөчө белгибиз болуп стратегиялык жайгашуубуз эсептелет. Мында миңдеген жылдардын аралыгында Батыш менен Чыгыштын адамдары азыктары жана идеялары
менен алмашып келген. Биздин университет чакан болсо да, бирок интеллектуалдык эркиндик менен сын көз-карашта ойлонуунун кубаттуу кыймылдаткыч күчү болуп
саналат десек аша чапкандык болбос. Бул нерселер билим берүү процессин кайрымдуу, паракорчулуктан тышкары, инсандык-багытталган чөйрөдө өнүктүрүп келет. 


Биз Борбор Азиянын жеке ишкерлик идеялардын өз-ара түшүнүшүүгө жана ишке ашыруудагы тарыхий ролун жогору баалайбыз. Студенттер менен профессордук-
окутуучулук курам билим алуу жана кыялдарын ишке ашыруу максатында бизге ар кандай 25 өлкөдөн келишкен. Алардын арасында Ооганстан, Кытай, Нидерланды,
Германия, Пакистан, Россия, Түштүк Корея, Америка Кошмо Штаттары жана Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү бар. Биз алардын динин, тилин жана келечекке болгон ой-
толгоолорун сыйлайбыз. Билимдерге ээ болуу эркиндиги чоң сыймык болгон мындай жаркын атмосферада биз социалдык кайра куруулар жана Эл аралык өз-ара түшүнүшүү
үчүн жаңы ыкмаларды иштеп чыгаруудабыз.


Келечек муундарга сын көз карашта ой жүгүртүү жөндөмдүүлүктөрүн жана кайра куруулардын таасирин жайылтуу тармагындагы биздин өзгөчө экспериментибизди колдоо
максатында биздин академиялык билимдерибизди жакшыртуу максатын койдук. Ошентип, жакынкы 5 жыл аралыгында эмгегибиз ушул багытта жумшалат.

 

 

 

Биздин максаттар

Миссия жана баалуулуктарыбызга негизделген биздин максат катары, Борбордук Азия жана андан сырткаркы аймакта демократиялык өзгөрүүлөрдү башкаруу үчүн жетекчилердин жаңы муунун даярдаган, гуманитардык илимдерге негизделген академиялык коомчулук түрүндө өзүбүздү өзүбүз өнүктүрүү эсептелет. Биз профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин квалификациясын жана илимий изилдөө ишмердигине багытталган окуу программаларынын сапатын жогорулатууга умтулуудабыз. Окутуу үчүн керек болгон маалыматтарды, ресурстарды берүүгө, региондо реформаларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон маданияттар аралык кызматташтык перспективаларды кеңейтүүгө жана жалпы элдин жыргалчылыгына болгон биздин жактоочулубузду күчөтүүгө кайраттуулук көрсөтүү толук жөндөмүбүз бар.  Ошондой эле биз Университет ичинде жана тышында академиялык өз ара аракеттешүүнүн башкалардан бөлөкчө түрүн тереңдетүүнү жана даңазалоону улантуу керек экендигин да билдиргибиз келет.

 

Кайраттуу, жогорку билимдүү жетекчилерди даярдоо үчүн, Университеттин миссиясын жана баалуулуктарын ишке ашыруу, ошондой эле камкор, академиялык чөйрөнү тарбиялоо максатында, көбүнчө англис тилинде сабак берген, Борбордук Азиядагы эң мыкты интернационалдык профессордук-окутуучулук курамга ээ болобуз.

 

Биздин профессордук-окутуучулук курамыбыз татыктуу маяна алат, кампустун ичинде жана чет өлкөлөрдөгү эң тажрыйбалуу педагогдор менен өз ара иштешүү, окутуунун жана билим алуунун жаңы технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мугалимдерибиздин окуу жана окутуу үчүн керек болгон жетиштүү мейкиндиги болот. Алар замандын маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон критикалык ой-жүгүртүү жана жаратман чечимдерди жаратуу жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү улантышат.

 

Борбордук Азиянын болочок лидерлери катары түзүлүү процессинде окуу жана окуудан сырткары иш-чараларга активдүү катышкан, негизинен англис тилинде окуп, жазып жана билим алган эң мыкты көп улуттуу студенттик коомчулукка ээ болобуз.

 

Университетке кабыл алынган студенттердин жеке сапаттары университетибиздин мыктылыгын сактоо үчүн өтө маанилүү. Алдыңкы эл аралык маркетингдин жардамы менен, эң мыкты стипендиялык мүмкүнчүлүктөрдү жана насыялык жеңилдиктерди берүү менен биздин студенттик коомчулугубуздун сапаттуулугун жогорулатуу жана сактоо үчүн бардык күчтөрүбүз жумшалат. Кыргызстандын алыскы аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген студенттер коопсуз жана комфортабелдүү, ар кайсы интернационалдуу студенттик жатаканада жайгаша алышат. Сабактардын көбү англис тилинде өтөт, студенттер билим берүү, коммуникациялык жана башка технологияларды колдоно алышат, алардын жардамы менен дүйнөнүн бардык студенттери менен баарлаша алышат, ошондой эле студенттер илимий иштерди жүргүзүшөт, эл аралык конференцияларга барышат. Студенттерге чет өлкөлөрдө окуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр берилет.

 

Биз миссия жана максаттарыбызга ылайык, ошондой эле студенттердин жаңы муунунун муктаждыктарын канагаттандыруу үчүн жаңы окуу программаларын ачканга аракет кылабыз.

 

Колдонулуп жаткан программаларыбызды өнүктүрүү процессинде, биз башынан өзгөрүүлөрдү өткөрүп жаткан коомдорду терең изилдөөгө көмөк кыла турган жаңы, өзгөчө программаларды иштеп чыгарабыз жана аларды өркүндөтөбүз. Жайгашкан жерибизди жана аймак боюнча адистешкендигибизди колдонуп, Университетте Борбордук Азия жана Ислам боюнча адистешкен бакалаврдык программаларды ачуу мүмкүндүгү каралып жатат. Биз ошондой эле экономика жана мамлекеттик саясат боюнча магистрдик программаларды, булардан сырткары эл аралык бакалавриат программасын ачууну пландаштырып жатабыз. Бардык программалардагы студенттер жана профессордук-окутуучулук курам, жалпы билим берүү жана профилдик сабактар боюнча окутуу үчүн техникалык каражаттарды колдонууга мүмкүндүгү болот.

 

Биздин Университет профессордук-окутуучулук курамдын жана студенттик коомчулуктун илимий изилдөө ишмердигинде критикалык ой-жүгүртүүгө басым жасоо менен айырмаланып, Борбордук Азиядагы эң мыкты билим берүүчү жана илимий мекемеге айланат.

 

Окутууда, билим алууда жана башкарууда жаратман мамиле жасоонун катализатору болуп эсептелген дисциплиналар аралык окутууга болгон жактоочулугубузду күчтөндүрүүгө кызыктарбыз, себеби мунун аркасында Университетибиз башкалардан айырмаланууда. Университеттин эл аралык аброю артып, илимий изилдөө ишмердигинин алдыңкы борборуна айланат, чет өлкөлүк окумуштуулардын жана кенже илимий кызматкерлердин саны өсөт. Илимий изилдөө ишмердигин активдүү жүргүзгөн окумуштууларга изилдөөлөрү үчүн бош убакыт, эс алуулар, ошондой эле эл аралык каржылоо булактарына болгон эшиктер ачылат. Студенттерге да биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөр берилет, ошондой эле алардын илимий жетекчилери менен бирге жеткен илимий ачууларды жарыялоо перспективалары да болот.

 

Биз китепканабызды жана компьютердик лабораторияларыбызды Борбордук Азиядагы эң мыкты маалыматтык борборуна айландырабыз, мында студенттерге чоң көлөмдөгү маалымат менен иштөөгө жана аны туура колдонууга техникалык жардам көрсөтүлөт.

 

Биздин окутуудагы жеке инсанга багытталуучу мамилебиз, журналдарга, маалымат базаларына, окутуу программаларына жана илимий изилдөөлөргө күнү-түнү интернет аркылуу онлайн режиминде эркин жана тез жетүүнү талап кылат. Кеңейтилген китепканабыз жана башка техникалык ресурстарыбыз, мунун ичинде компьютердик жана башка техникалык жактан жабдылган класстарыбыз илимдеги эң акыркы жетишкендиктерге жана башка маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Бул шарттарда биздин билим алып жаткан коомчулугубуз дүйнөлүк жана жергиликтүү маселелерди чечүү жолдорун ойлоп тапкан жаратман кыймылдаткычка айланат. Студенттерибиз окууда жана жумушта мыкты болуулары үчүн, студенттердин өздөрүн жана мугалимдерди зарыл болгон бардык маалыматтарга жетүүгө керектүү техникалык каражаттарды колдонууга үйрөтөбүз.

 

Борбордук Азиянын динамикалык өнүгүүсү үчүн дүйнөдөгү эң мыкты ой-пикирлерди жана билимди өткөрүү процессинде, биздеги ар түрдүүлүктү пропагандалап, көп улуттуу, өзгөчө коомчулугубуздагы академиялык жана маданий багытта биргелешкен ишмердикти күчөтөбүз.

 

БААУ ичинде ар түрдүү маданияттар өз ара тил табыша алган эл аралык мекеме болуп саналат. Жакынкы беш жылда биз жаңы өнөктөштүк байланыштарыбызды курабыз, чет өлкөлүк окумуштуулардын жана мугалимдердин санын көбөйтөбүз, ошондой эле Борбордук Азиялык профессордук-окутуучулук курамга, административдик кызматкерлерге жана студенттик коомчулукка кеңири мүмкүнчүлүктөрдү беребиз. Илимий изилдөө ишмердигине багытталган биздин окутуу программабыз, эл аралык кызматташууга басым жасоо менен иштелип чыккан. Бул шарттар көп сандагы чет өлкөлүк студенттердин жана мугалимдердин болушу, ошондой эле чет өлкөлөрдө билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн берүү жана интернет-технологияларга негизделген өз ара байланыштуулук менен түзүлөт. Жаңы көп улуттуу студенттик жатакана  жана “конференц-борбор” Борбордук Азия чөлкөмүндө жана андан тышкары маданият аралык диалогго, толеранттуулукка жана өз ара түшүнүшүүгө көмөкчү боот.

 

Адамзаттын өнүгүшү жана социалдык өзгөрүүлөрдүн жүзөгө ашышы максатында коомчулуктун ой-пикирлеринин жана кыймыл-аракеттеринин өз ара аракеттешүүсүн күчөтөбүз.

 

БААУ көпчүлүктүн жыргалчылыгы үчүн чечимдерди кабыл алган, өз ишин чын дили менен аткарган жарандык коомдун лидерлерин этикалык тарбиялоого өзгөчө кызыктар. Биздин окутуу программаларыбыз, илимий изилдөө ишмердигибиз жана ыктыярдуулук долбоорлорубуз элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылгандыгыбызды далилдейт. Биздин бүтүрүүчүлөр өз мекенинде жана чет жерде элдин бакубат жашоосу үчүн чын дилинен иштейт. Элдин кызыкчылыгын жактоочулугубузду жана жарандык сезимдүүлүктү өнүктүрүүнү билим берүү программалардын жардамы менен күчөтүүнү улантабыз.

 

Биз биздин эл аралык жагымдуулугубузду, бүтүрүүчүлөрүбүзгө болгон сыймыктануу сезимибизди күчөтүү максатында, БААУнун өзүнүн азырынча кыска тарыхында жеткен ийгиликтерди дүйнөгө атагын чыгарабыз.  

 

БААУ кыска мөөнөт ичинде таң калтыруучу ийгиликке жетти. Донорлор, жетекчилер, камкорлор, окутуучулар, студенттер жана кызматкерлер коомчулугунун талантынын жана ынактыгынын аркасында биз ийгиликтүү болдук. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн жетишкендиктери Борбордук Азиядагы эң мыкты жогорку окуу жайы катары таанымал болгон жаш, көрүнүктүү университет үчүн чоң сыймык.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028