Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Колдонмо геология программасы жөнүндө

Колдонмо геология программасы жөнүндө

Мен эмне үчүн ушул кафедраны тандашым керек?

БААУда колдонмо геология кафедрасынын миссиясы болуп Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасынын тоо-кен өндүрүш тармагындагы маалыматтарды интеллектуалдык анализ коштогон учурдагы жана болочоктогу өндүрүштүк маселелерин чече алган колдонмо геология илими боюнча жаңы муунду тарбиялоо эсептелет. Буга Бард колледж менен өнөктөштүктүн негизинде жетүү мүмкүн болуп, колледж Борбор Азияда жа чет өлкөлөрдө студенттерди алган билимдерин иш жүзүнө ашырууга жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүккө даярдайт. Колдонмо геология геологиялык көйгөйлөр адамзаттын жашоосуна кандай таасир этүүсүн изилдөөнүн үстүндө иш алып барат. Ал жаратылыштагы жер көчкүлөр, вулкандардын атылышы, экологиялык көйгөйлөр жер асты сууларынын утилизациялоо жана булгануу системасы катары өңдүү геологиялык коркунучутарды иликтейт. Ошондой эле ал нефть жана минералдар сыяктуу табигый ресурстарды башкаруу жана аларга жетүү маселелерин карап чыгат. 

 

Бул жерде эмнелерди окутат?

Студенттер алдыңкы мүмкүнчүлүктөргө ээ колдонмо геология боюнча каалаган адиске зарыл болгон негизги окутуу программасынын профилдик сабактарын иликтешет. Биз жер процесстери тууралуу терең жана практикалык түшүнүктөрдү жана аларды экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө кантип колдонуу ыкмаларын беребиз. Ошондой эле пайдалуу кен-байлыктар менен тоо боорлорунун маселелери унутта калбайт. Сиз эмгек жолуңузда зарыл болгон ыкмаларга ээ болосуз. Алсак, талаа байкоолору, геологиялык карталоо жана жерди аралыктан туруп зонддоо ыкмаларын колдонуу технологиялары. Биздин программанын окутуу методикасы маселелер менен көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган интерактивдүү болуп эсептелет. Англис тилинде окутуу тоо-кен өндүрүү технологияларындагы, жер жана курчап турган айлана-чөйрө тууралуу илимдердеги тез өзгөрүп турган тенденцияларды чагылдырган заманбап окуу программалары менен окуу китептерине жетүү мүмкүнчүлүгүн берет. Англис тили жана башка чет тилдерин билүү биздин бүтүрүүчүлөргө дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болуу жана каалаган чет элдик компанияда иштөө мүмкүнчүлүгүн берет. 

 

Окутуунун жыйынтыгында эмнеге ээ болом?

Колдонмо геология кафедрасынын бүтүрүүчүлөрү геологиялык маалыматтар боюнча аннотация түрүндө бүтүмдөрдү чыгарып, аларга сын көз-карашта баа бере алышат; геологиялык маселелерди чечүү үчүн сандык ыкмаларды пайдаланышат, мейкиндиктүү геологиялык маалыматтарды баалашат жана чечмелешет; базалык геологиялык жабдуулар менен иштешет жана ошондой эле жеке жана мультидисциплинардык командаларда эффективдүү баарлашуу жөндөмдөрүнө ээ болушат.

 

Биздин бүтүрүүчүлөр кайда окушат жана эмгектенишет?

Биздин бүтүрүүчүлөр Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тоо-кен өндүрүү тармагында, дүйнө жүзү боюнча нефти жана газ компанияларында, мамлекеттик мекемелерде жана башка компанияларда эмгектене алышат. Бард колледждин бакалавр даражасы биздин бүтүрүүчүлөргө MS жана PhD программалары боюнча билим алуусун дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде улантууга мыкты мүмкүнчүлуктөрдү түзүп берет.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028