Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - ПРОГРАММАНЫН МАКСАТТАРЫ

ПРОГРАММАНЫН МАКСАТТАРЫ

“Колдонмо математика жана информатика” программасы студенттерге билим берүүдө өз алдына төмөнкү максаттарды коёт:

- Студенттерди табигый жана социалдык илимдерде жаралган көйгөйлөр менен процесстерди комплекстүү түрдө анализдөөнү үйрөтүү;
- Математикалык ыкмалар менен заманбап компьютердик технологияларды иш жүзүндө колдонууну үйрөтүү;
- Социалдык жана табигый системалардагы ар түрдүү кубулуштарды сүрөттөө жана божомолдоо үчүн системалык жол тутууну, математикалык үлгүлөрдү куруу жана аларды колдонууну үйрөтүү;
- Студентти кесипкөйлүк ишмердүүлүгүндөгү долбоорлук ишмердүүлүккө даярдоо;
- Студент билим жана ыкмаларынын негизинде өз кесипкөйлүк ишмердүүлүгүнүн түрүн жана мүнөзүн өзгөртө ала тургандай илим менен ыкмаларды берүү;
- Дисциплиналар аралык долбоорлордун үстүндө иштөөнү үйрөтүү.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028