“Социология” багыты боюнча бакалавриат программасы 1998-жылы негизделип, бүгүнкү күнү динамикалык жана инновациялык илимий-изилдөө борборуна айланды. Ушул тапта программа социологиялык изилдөөлөр жана теория тармактарында бекем негиз салып, бүтүрүүчүлөрдү ар кандай академиялык жана кесипкөйлүк тармактарда иштөөгө даярдап келет. Кыргызстандагы социология тармагында илимий даража сунуштаган 3 факультеттин ичинен БААУнун “Социология” багыты боюнча бакалавриат программасы профессионализм менен окутуунун батыштык стилин сунуштаган жана өз студенттеринин арасында сын көз-карашта ойлонууну жайылткан жалгыз программа болуп эсептелет.