Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Эмне үчүн БААУ?

Эмне үчүн БААУ?

Эмне үчүн БААУ?

Борбордук Азиядагы Америка университетинин “Экологиялык менеджмент жана туруктуу өнүктүрүү” факультетинин профессордук-окутуучулук курамы таанылган окумуштуулардан жана окутуучулардан түзүлгөн. Булар студенттерге критикалык ой жүгүртүүнү, негизги изилдөөлөрдү, дисциплиналар аралык кызматташтыкты, азыркы проблемаларды чечүүдөгү концепцияларды колдонууну үйрөтүшөт. Мындайча студенттер азыркы эмгек базарынын динамикалуу тармактарында талапка ээ болгон экологиялык маселелерди чечүү жөндөмдөрүнө ээ болушат.

БААУ жаңы кампусунда бир катар экологиялык демилгелер ишке ашырылган: экологиялык чатыр, күн нурун колдонгон кубаттуулук жабдуулары, шамал генераторлору, велотранспорт пропагандасы, ошондой эле ысытуу жана муздатууда эң жаңы геотермалдык системалар. Эсептөөлөр боюнча бул жаңычыл система энергияны 87% чейин үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028