Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Бард колледж

БААУ- Бард кызматташтыгы

Бард колледж - АКШнын Нью-Йорк штатындагы Аннандейл-он-Гудзон шаарында жайгашкан эркин искусстволордун алдыңкы гуманитардык колледжи. 150 жылдан ашуун
убакыттан бери Бард Колледж студенттерге академиялык чөйрөнүн чектеринен чыккан жана тандалып алынган дисциплинасы боюнча сын көз карашта ойлонууга түрткөн билим
берип келет. Бард Колледждин жана анын Эл аралык өнөктөштөрүнүн, анын ичинде БААУну кошкондо, студенттеринин жалпы саны 5000ди түзөт. Бард эртеңки күндүн
ойчул-лидерлерин окутуу жолу менен маданиятты, коомдук жашоону жана демократиялык дискурсту байытууга умтулат.

Бард Колледж 40тан ашуун академиялык программалар боюнча искусствонун бакалавр даражаларын төмөнкү төрт багыт боюнча берет: Искусство; Тилдер жана адабият; Илим, математика жана эсептөөчү техника; Социалдык изилдөөлөр. Бард колледж Кошмо Штаттардын Колледждер жана мектептеринин ассоциациясынын Жогорку билим берүү боюнча Комиссиясы тарабынан аккредитацияланган.

2009-жылы Бард жана БААУ өнөктөштүк программа түзүп, анын алкагында 2011-жылдан
тарта бакалавриаттын төмөнкү 12 академиялык программасынын студенттери Бард
Колледж тарабынан аккредитацияланган диплом алып келишет:

1. Антропология
2. Колдонмо геология
3. Колдонмо математика жана информатика
4. Экономика
5. Европа таануу
6. Эл аралык жана салыштырма саясат таануу
7. Журналистика жана массалык байланыштар
8. Эркин искусстволор жана илимдер
9. Психология
10. Социология
11. Программалык камсыздоону иштеп чыгуу
12. Телевидение, кино жана көркөм сүрөт искусство

 

Бард Колледждин дипломдору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген мамлекеттик үлгүдөгү дипломдор менен бирге берилет. 
БААУ-Бард өнөктөштүгү биргелешкен изилдөөчүлүк долбоорлорун иштеп чыгуу жана эки мекеменин окутуучулары, кызматкерлери жана студенттеринин алмашуу
программаларын ишке ашыруу үчүн БААУнун окутуу планын алкагында гуманитардык искусствонун компоненттерин кеңейтүүгө да багытталган. 


БААУ-Бард өнөктөштүк программасы жөнүндө кенен маалымат алуу үчүн сүрөттү
басыңыз (англис тилинде):

 

                

                                                                      

            Bard College                              Begaiym Esenkulova

          A Place to Think                         AUCA Assistant Professor

            

    Peg Peoples

      Bard Visiting Professor 

 

                                                   

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028