Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ -
 

 

“Ачык коом” фонду өз элинин алдында отчет берүүгө милдеттүү демократиялык
өкмөттөрдү түзүүнүн үстүндө иш алып барат. Бул миссияга жетүү үчүн Фонд саясий,
укуктук жана экономикалык системаларда адилеттүүлүктү камсыздап, негизги
укуктарды коргогон мамлекеттик саясатты түзүүгө умтулат.

https://www.opensocietyfoundations.org/ 

 

 

АКШнын өкмөттүк агенттиги болуп, глобалдык жакырчылыкты жоюунун
үстүндө иш алып барат жана туруктуу бекем демократиялык коомдорго өз потенциалын
ишке ашырууга жардам берип келет. USAID 1993-жылдан бери университетке 10
миллион доллардан ашуун акча каражатын колдоо иретинде бөлгөн.

 

https://www.usaid.gov/ 

 

 

АКШнын Ооганстандагы Элчилигинин миссиясы АКШ менен Ооганстандын
ортосундагы эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү болуп эсептелет. Элчиликтин
ишмердүүлүгү демократиялык институттарды жана коопсуздук менен аймактык
туруктуулукту бекемдөө, Эл аралык терроризм, баңги заттарын өндүрүү жана
айландыруу менен күрөшүү, ошондой эле соода менен инвестицияларды кеңейтүүгө дем
берүү максаттарын көздөйт.

 

https://af.usembassy.gov/ 

 

АКШнын Тажикстандагы элчилиги тынчтык менен туруктуулукту бекемдөө,
экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү, тажик коомунун ден-соолугу менен билим
берүүсүн өнүктүрүү жана ошондой эле АКШ менен Тажикстандын ортосундагы эки
тараптуу аракеттенишүүлөр менен ишенимди бекемдөөнүн үстүндө иш алып барат.

https://tj.usembassy.gov/

  

 

“Билим берүү тармагындагы Эл аралык кызматташуунун Норвегиялык борбору” - бул
Эл аралык деңгээлде билим берүүнүн алкагында коммуникация менен алмашууга карай
кызматташуу, стандартташтыруу, мобилдүүлүк жана маданий тоскоолдуктарды жеңип
өтүүгө көмөктөшүүнү көздөгөн билим берүү жана тейлөө маселелери менен алектенген
уюм.

https://www.siu.no/eng 

 

 

“Andrew W. Mellon Foundation” Фонду гуманитардык илимдер менен искусстволордун
ар кандай адамдардын өсүп-өнүгүүсү жана ар кандай демократиялык коомчулуктардын
жыргалчылыгына кошкон салымын бекемдөө, дем-күч берүү жана зарыл болсо коргоого
умтулат.

https://mellon.org/about/mission/ 

 

 

U.S. C.A.E.F. миссиясы Борбордук Азияда активдүү жеке секторунун өнүгүүсүнө дем-
күч берүүдө жана ага көмөктөшүүдө жатат. Алар буга төмөнкү жолдор аркылуу жетүүнү
пландаштырышкан: аймактагы айрым билим берүү мекемелеринде батыштын ишкерлик
ноу-хау жана практикаларына жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү; демократиялык чөйрөдө
ачык рынок экономикасынын үлгүсү катары кызмат кылган өлкөлөрдө билим берүүгө,
кесипкөйлүк жана маданий тажрыйбага мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү; Борбордук
Азияда ишкерлик жана ишкерлик духтун ийгилиги үчүн жагымдуу чөйрөнү жараткан
башка иш-чараларга колдоо көрсөтүү.

http://www.us-caef.americancouncilsnetwork.org/ 

 

 

100 жылдан ашуун убакыттан бери “Aga Khan Development Network” бардык жаш
курактагы студенттердин сапаттуу билимге жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу үчүн иш
алып барып келет. Түйүн билим берүү тепкичтерин камтыган программалар жана
мекемелерди башкарат. Бала кезден баштап башталгыч жана орто мектептердин
программаларына, жаштардын жана чоңдордун кесипкөйлүк изилдөөлөрүнөн тартып
университеттик даражалар жана үзгүлтүксүз кесипкөйлүк өнүгүүсүнө чейин.

http://www.akdn.org/

  

 

“Бүткүл дүйнөлүк банктын группасы” - бул дүйнө жүзү боюнча 189 мүчө-мамлекеттер
жана 170 өлкөнүн өкүлдөрү эмгектенген 130дан ашуун өкүлчүлүк. Бул жакырчылыкты
кыскартуу маселелерин чечүүнүн жана жалпынын жыргалчылыгын камсыздоо жолдорун
иштеп чыгып жаткан 5 мекеменин уникалдуу өнөктөштүгү.

http://www.vsemirnyjbank.org/ 

 

 

“Mina Group” – дүйнөдөгү эң татаал шарттарда коргонуу, өкмөттөр жана коммерциялык
кардарлар үчүн комплекстүү чечимдерди сунуштаган энергетикалык кызматтар жана
инфраструктура боюнча интеграцияланган компания. Mina Group Европа, Африка, Азия
жана Жакынкы Чыгышта жеткирип берүүчүлөр үчүн стратегиялык жактан маанилүү
булактар болгон транспорттоо, сактоо жана нефти азыктарын жеткирүүдө
операцияларды ишке ашырат.

http://www.minagroup.com/ 

 

 

“Кумтөр” - дүйнөдөгү эң бийик тоолуу аймакта жайгашкан алтын кендеринин бири. Ал
Орто Тянь-Шандын чыгыш тарабында деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте түбөлүк
тоңдун аймагында жайгашкан. Алтын кени Ысык-Көл облусунда Кыргызстандын
борбору болгон Бишкек шаарынан 350 чакырым алыстыкта орун алган.

https://www.kumtor.kg/ru/

 

 

“Coca-Cola Bishek Bottlers” Кыргыз Республикасында Coke азыктарын жеткирип берүүчү
дистрибьютор гана эмес. Компания өлкөнүн коомунда активдүү роль ойноп келет.

Бишкекте ишмердүүлүк жүргүзүп баштагандан бери алар баасы миллиондогон
долларларды түзгөн долбоорлорду ишке ашырган. Алар ар кандай чөйрөлөрдү камтыйт,
гендердик маселелерден баштап суу пайдаланууга чейин.

http://cci.com.tr/en/our-company/our-geography/kyrgyzstan 

Christian A. Johnson

Endeavor Foundation

 

1952-жылы түптөлгөн “Christian A. Johnson Endeavor Foundation” фонду үй-бүлөлүк
фонд болуп саналат. Анда негизги көңүл билим берүү тармагына, алсак, гуманитардык
билим берүүгө арналат. Дал гуманитардык багыт адамдарга өзүлөрүнүн эң бийик
умтулууларын жана потенциалын ишке ашырууга жардам берет эмеспи.

 

 

 

“Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коомунун жалгыз акционери болуп
“Кыргызмунайгаз” ААКы болуп саналат. Учурда ал компаниянын 100% акцияларына
ээлик кылат. Компания мунай жана сырьенун башка түрлөрүнөн мунай азыктарын
өндүрүү менен алектенип, кайра иштетүү боюнча кызматтарды тартуулайт. Бүгүнкү
күндө мекеме азыктардын төмөнкү 3 түрүн өндүрүп чыгарат: бензин, дизель жана мазут.

 

 

 

 

Соңку 20 жылда “Petrofac” сунуштаган кызматтарынын масштабы менен көлөмүн
көбөйтүп, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип келет. Бүгүнкү күндө Petrofac кардарларына
мунайгаз активдеринин жашоо циклинин бардык спектри боюнча кызматтардын баарын
көрсөтө алат. Мейли ал автономдуу болсун же интеграцияланган түрдө, эң негизгиси
кардардын суроо-талаптарына жооп бергени маанилүү.

https://www.petrofac.com/en-gb/home/ 

 

 

“Азия Банкынын” негизги ишмердүүлүгү болуп банк кызматтарынын толук спектрин
тартуулоо эсептелет: юридикалык жана физикалык жактарга насыяларды берүү,
аккредитивдер, банктык кепилдиктер, депозиттер, кардарларга эсептик-кассалык кызмат
көрсөтүү, валюталык операцияларды жүзөгө ашыруу, акча которуулар, VISA жана
Элкарт төлөм карталары

 http://www.bankasia.kg/ru/ 

 

“Аю” компаниясы – бул Кыргызстандагы алкоголдук азыктардын ири өндүрүүчүсү, чет
өлкөлөрдө өлкө кызыкчылыгын коргогон сатуулар боюнча рынокто лидер.

http://ayu.kg/ru/ 

 

 

Атаандаштыкка туруктуу жана инновациялык студенттик мекеме катары 150 жылдык
тарыхтын негизинде Бард колледждин (Bard College) миссиясы бүткүл өлкө жана дүйнө
жүзү боюнча кеңейди. БААУ менен Барддын өнөктөштүгү БААУнун сабак берүү жана
окутуу программаларында гуманитардык искусствонун компоненттерин кеңейтүүгө,
биргелешкен изилдөө долбоорлорун иштеп чыгууга жана окутуучулар, кызматкерлер
жана студенттер үчүн билим берүү боюнча алмашуу программаларын тартуулоого
багытталган.

http://www.bard.edu/ 

 

 

“Кыргыз инвестициялык-насыялык банкы” ЖАКЫ 2001-жылы 7 миллион АКШ доллары
өлчөмүндө уставдык капиталы менен негизделген. Ачылган күндөн тарта банктын
негизги милдети Кыргызстандын жеке секторуна орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү
каржылоону камсыздап берүү менен Кыргыз Республикасынын экономикасынын
өнүгүшүнө салым кошуу болуп келет.

http://kicb.net/welcome/

 

 

НАТОнун коомдук дипломатия бөлүмү конференцияларды, семинарларды,
практикумдарды жана башка коомдук дипломатия тармагындагы тиешелүү иш-
чараларды каржылайт. Алардын катарына тынчтык жана коопсуздук маселелерине
арналган санариптик мультимедиялык же онлайн-долбоорлор кирет. БААУдагы
НАТОнун мультимедиялык бурчу 2014-жылы НАТОнун коомдук дипломатия
департаменити менен кызматташтыкта жана анын колдоосу астында анын коомдук
дипломатия программасынын алкагында түзүлгөн. Грант кенен аудитория үчүн
БААУнун китепканасынын техникалык жана ресурстук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө
түрткү болду.

 

“Jannat” мейманкалалар түйүнү - меймандостук тармагындагы мыкты салттарды жана
кызмат көрсөтүүдөгү жогорку деңгэлди өнүктүргөн алдыңкы компаниялардын бири.

https://jannat.kg/

 

 

“Мол Булак Финанс микронасыялык компаниясы” ЖЧКсы - микронасыялоо
тармагындагы бай тажрыйбага ээ кесипкөйлөрдүн прогрессивдүү жана ийгиликтүү
командасы. Биз күрөөсүз топтук жана жеке насыяларды көбүнчө Кыргызстандын
аймактарында жашаган аялдарга беребиз. Максатыбыз - алардын экономикалык
активдүүлүктөрүнө колдоо көрсөтүп, кызыктыруу жана чакан ишкерлерикти өнүктүрүү.

https://www.mbf.kg/ru

  

 

“Kuehne Foundation” Фонду 1976-жылы Швейцарияда Kuehne үй-бүлөсү тарабынан
түптөлгөн жеке фонд болуп эсептелет. Фонд билим алууну, стипендияларды жана
транспорт жана логистика тармагында изилдөөлөрдү колдоо максатын көздөйт. Мындан
тышкары медициналык илимдер, гуманитардык, кайрымдуулук жана маданий
долбоорлорго да колдоо көрсөтүп келет.

 https://www.kuehne-stiftung.org/index.php?id=1275 

 

 

“Bishkek Petroleum” (ШНОС ЖЧКсы) автоунаага май куюучу станциялар түйүнү -
жогорку сапаттагы россиялык нефти азыктарын жеткирип берүү жана сатуу менен
алектенген ата мекендик нефти компаниясы. Bishkek Petroleum өзүнө керектөөчү-
айдоочуларга кызмат көрсөтүүнү жогорку деңгээлге чыгаруу милдетин койгон: май
куюу менен гана чектелбестен, кызмат көрсөтүүнүн жогорку деңгээлин жана кызматтар
менен азыктардын кенен ассортиментин камсыздаган автоунаага май куюучу
комплекстеринин түйүнүн түзүү.

http://bpetroleum.kg 

  

 

“Volkswagen Foundation” (Volkswagen Stiftung) фонду гуманитардык жана социалдык
илимдерди, ошондой эле жогорку билим жана изилдөөлөр тармагындагы илим менен
техникаларды колдоого арналган. Ал тоскоолдуктарды басып өтүү тармагында изилдөө
долбоорлорун каржылайт жана академиялык мекемелерге ишинин структуралык
шарттарын жакшыртууга жардам берет. Атап айтсак, Фонд жаңыдан ишке киришкен
жаш окумуштууларга колдоо көрсөтүү жана дисциплиналар аралык жана Эл аралык
кызматташууга көмөк көрсөтүү боюнча өз миссиясын аңдап-сезет.

https://www.volkswagenstiftung.de/en/foundation.html

 

 

AMICAL Consortium уюмунун миссиясы мүчө-мекемелерде китепканалык жана
маалыматтык кызматтар менен окутуу ресурстарын  биргелешип иштеп чыгуу жолу
менен окутуу жана изилдөөнү жайылтууда жатат. 2004-жылы негизделген AMICAL
Consortium Чыгыш, Борбордук жана Батыш Европада, Батыш жана Түндүк Африкада,
Жакынкы Чыгышта, Борбордук жана Түштүк Азиянын өлкөлөрүн жана Россияны
кошкондо жалпысынан дүйнөнүн  21 өлкөсүндө  орун алган 27 ЖОЖдун башын
бириктирет. Ар түрдүү маданий контексттерде аракеттенген бирок либералдык билим
берүүнүн америкалык үлгүсүн карманган AMICAL Consortium эки тараптуу пайдалуу
жана окутууда өнүгүүнү колдогон өнөктөштүктү тандайт.

https://www.amicalnet.org/about 

 

“Hanns Seidel Foundation” Фонду Бавариянын мурунку премьер-министри Ханнс
Зейделдин атынан аталган. “Демократия, тынчтык жана өнүгүү үчүн кызматта” - Ханнс
Зейделдин фондунун ишмердүүлүгү менен миссиясы ушул ураандын негизинде
жүргүзүлөт. Фонд бул ураанды ички ишмердүүлүгүндө, өзгөчө Баварияга карата,
ошондой эле чет элдик милдеттенмелеринде да карманат.

https://www.hss.de/en/ 

 

“Spark of Hope Foundation” Фонду глобалдык түштүктүн кыз-келиндерине жогорку
билим үчүн стипендияларды берүү менен эртеңки күндүн лидерлери болуусуна
мүмкүнчүлүк жаратып берет. Университеттик билими менен алардын ар бири миңдеген
өмүрлөргө дарыгер, инженер, журналист, юрист, менеджер, окумуштуу, изилдөөчү, жеке
ишкер жана мугалим катары таасир эте алышат.

https://www.thesparkofhope.org/

 

“Сорос-Кыргызстан” Фонду - Эл аралык өкмөттүк эмес жеке фонд. Кыргыз
Республикасында коомдук жашоонун бардык чөйрөлөрүндө коомдук институттар менен
демилгелерге колдоо көрсөтүү менен ачык коомду куруу үчүн шарттарды түзүүгө
умтулат. Мында ачык коом төмөнкүнү билдирет: жашоо-турмуштун бардык
тармактарында эркиндик менен көп түрдүүлүктү; өнүккөн укуктук мамлекетти;
социумдун ар бир мүчөсүнүн өнүгүүгө тең укуктуу катышуу мүмкүнчүлүгү. Фондун
негиздөөчүсу болуп дүйнөлүк масштабдагы финансист жана дүйнөгө таанымал атактуу
филантроп Жордж Сорос жетектеген Ачык коом институту эсептелет.

http://soros.kg/

 

 

“КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы” ААКы өнүккөн инфраструктурага ээ жана
Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан 20 миңден ашуун коммерциялык
ишканалар, уюмдар жана түзүмдөргө насыялык-эсептик кызматтарды көрсөткөн мульти-
насыялык мекеме болуп эсептелет. Анын приоритеттеринин бири болуп өлкөнүн ар бир
аймагындагы (керектелсе чет өлкөлөрдө да) ар бир кардарды максималдуу ыңгайлуулук
менен камсыздоо жана сапаттуу кызмат көрсөтүү болуп саналат.

http://www.cbk.kg/

 

 

“AMIDEAST ” - Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкада билим берүү, окутуу жана
өнүктүрүү тармагында Эл аралык иш-чаралар менен алектенген америкалык
коммерциялык эмес уюм. Бүгүнкү күндө AMIDEAST уюмунун программалары менен
кызматтары жылына жарым миллион кишинин жашоосуна таасирин тийгизет - билим
берүү тармагында мүмкүнчүлүктөрдү жана сапатты жакшыртуу, жергиликтүү
мекемелерди бекемдөө жана дүйнөлүк экономикада ийгиликке жетүү үчүн маанилүү
болгон тилдик жана кесипкөйлүк ыкмаларды өнүктүрүү.

http://www.amideast.org/

 

“«Christensen Fund” Фонду биологиялык жана маданий көп түрдүүлүктүн
жөндөмдүүлүктөрү чоң өзгөрүүлөргө жана белгисиздикке учураган ааламды колдоосуна
ишенет. Биз негизги көңүлдү биомаданий-бай бирок унутулган адамдар менен
аймактын, маданият менен экологиянын айкалышуусуна бурабыз. Биздин миссия
көркөм сүрөттөө менен толтурулган биоартараптуулук ааламына ишенген адамдар
менен институттардын күч-аракеттерине колдоо көрсөтүүдө жатат.

https://www.christensenfund.org/about/

 

Жогоруда аталгандардан тышкары жеке донорлор да биздин таланттуу студенттерге
стипендияларды берип, университеттин ар кандай демилгелерин колдоп келет. Жеке
донорлордун катарына Gulnara Dreier, Hersh Chadha, Mary Schweitzer, Henry Myerberg,
Karen Davidov, Jae Chang Lee, Эркин Адылов, Barbara Monfils; Кам көрүүчүлөр
кеңешинин мүчөлөрү жана БААУнун бүтүрүүчүлөрү Ксения Леонтьева, Айжан
Чыныбаева жана Семетей Омургазылар кирет.

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028