Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Жатаканада жашоо эрежелери

Жатаканада жашоо эрежелери

Негиз

Бардык тургундардын жатаканада жашоосунун коопсуздугу жана ыңгайлыгы, ички тартип эрежелерин иштеп чыгуунун негизи болуп саналат.

Жатакананын мүлкү

Жатаканага жайлашуу, өзү менен бирге Университеттин мүлкүн сактоо боюнча милдеттенмелерди кабыл алууну алып келет. Төмөндө көрсөтүлгөн эрежелерди бузган, жатакананын мүлкүнө билип туруп же кокустан зыян келтирген студенттерге бардык келтирилген зыяндар үчүн айып салынат, жана бул студенттер жатаканага жайлашууда артыкчылык кезегине ээ болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашат.

Жатаканада жашоо эрежелери:

  • Жатакананын ичинде, бир бөлмөдөн башка бөлмөгө, же коридорлорго эмеректерди жылдырууга тыюу салынат.
  • Керебеттерди бөлүктөргө ажыратуу болбойт.
  • Бөлмөлөрдүн, жуунуу бөлмөлөрүнүн, дааратканалардын эшиктерин илмектеринен чыгаруу болбойт.
  • Дубалдарга жасалгаларды мык менен кагуу, жабышкак тасма (скотч) менен жабыштыруу болбойт.
  • Студенттер чатырларга чыга алышпайт.
  • Кабаттын тарбиячысы ар түрдүү жабдыктарга оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү муктаждыгы тууралуу билдирилиши зарыл, студенттер өз алдынча оңдоп-түзөө иштерин жүргүзө алышпайт.
  • Студенттерге өз бөлмөлөрүнүн терезелеринен кордоочу материалдарды көрсөтүүгө тыюу салынат.

Университеттин укуктары

Университеттин төмөндөгү укуктары бар:

  • Университеттин атайын кызматкерлери, текшерүү жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү ч; Университеттин ички тартип эрежелеринин бузулушу шектелгенде, тарбиялык максаттар менен; өзгөчө кырдаалдарда; же дагы башка тийиштүү себептер менен тоскоолдуксуз турак жай бөлмөлөрүнө кире алышат.
  • Келтирилген зыяндар үчүн, бөлмөлөрдү же жабдыктарды орунсуз колдонуу жана өзгөртүүгө учуратуу үчүн айып салуу жана айып төлөтүү;
  • Колдонууга тыюу салынган же туура эмес колдонулган жабдыктарды жоюу;
  • Студенттерди башка бөлмөлөргө көчүрүү, жатаканадан кетирүү; бул документте көрсөтүлгөн ички тартип эрежелерин бузган студенттерге айып салуу.

Бейпил сааттар

Студенттердин эс алуу жана билим алуу укугун орунсуз ызы-чуудан жана көңүлдү алаксыткан иш-аракеттерден сактоо үчүн, Университет студенттерден “бейпил сааттарды” урматтоосун талап кылат. Кечки саат 22:00дон, таңкы 07:00ге чейин жатакананын тургундары тынчтыкты сактоого милдеттүү. Күнү-түнү жатаканада ызы-чуу кечелерин жана чогулуштарды өткөрүүгө болбойт, катуу ызы-чуудан сактануу зарыл.

Жалпы аянттар

Жатаканадагы жалпы аянттар жатакананын тургундарынын өз бөлмөлөрүнөн тышкары чогулуштарды өткөрүү үчүн арналган. Жатакананын тургундары бардык тургундардын бул аянттарды колдонуу укуктарын урматтап, күнү-түнү, өзгөчө “бейпил сааттарда” тынчтыкты сактоого аң-сезим менен мамиле кылуулары керек.

Компьютердик лаборатория

Жатакананы компьютердин лабораториясы окуу максаттарында гана колдонууга арналган. Жатакананын бардык тургундары бири-биринин билим алуу укугун урматтап, лабораторияда күнү-түнү тынчтыкты сактоолору талап кылынат.

Ашкана

Ашкана жабдыктарын бир гана жатакананын тургундары колдоно алат. Жатакананын тургундары колдонулбаган же бузулган азык-түлүктөрдү жоготуш керек. Муздаткычта узак мөөнөттөн бери колдонулбай жаткан азык-түлүктөрдү Жатакана тарбиячысы жок кылат. Жатакананын тургундары ашканада тазалыкты сактап, ашкана жабдыктарына аяр мамиле кылуулары зарыл (суу крандарын колдонгондон кийин жабуу, ашканадан чыккандан мурун, газ/электр очокторун өчүрүү).

Жатакананын бардык тургундары ашкананы бирдей колдоно алышат; андыктан, өрт коопсуздук эрежелерине ылайык, БААУ жатаканасынын турак бөлмөлөрүндө жана деги эле бардык аймагында, чакан электр очокторун (мештерди) колдонуу болбойт.

Кир жуучу жай

Жатаканын тургундары гана кир жуучу жайды колдоно алышат.

Кабаттардагы турмуш-тиричилик техникасы

Жатакананын тургундары колдонулбаган жана бузулган азык-түлүктөрдү, кабаттарда орнотулган муздаткычтардан алып чыгып, тийиштүү түрдө жоготуулары зарыл. Муздаткычтарда узак мөөнөткө калтырылган бардык азык-түлүктөрдү Жатакананын тарбиячысы жок кылат. Жатакананын тургундары микротолкундуу мештерди, ар бир жолу колдонгондон кийин таза калтырып кетиши керек.

Жатаканага коноктордун кирүүсү

Жатаканага саат 07:00ден 21:00га чейин кирсе болот. Бөлмөлөштөрдүн бөлмөгө тоскоолдуксуз кирүү укугу кирүү убактысы менен чектеле албайт. Жатакананын тургунуна конок келсе, анын бөлмөлөшү жеке турмушуна кол тийбестик укугунан, окуу убактысын колдонуу укугунан, уйкудан ажырабаш керек. Эгерде жатаканага кирүү эрежелери бузулса, төмөндө көрсөтүлгөн көрсөтмөлөргө ылайык бардык кишилерге карата чаралара көрүлөт.

  • Эгерде эреже биринчи жолу бузулса, жана кызматташуу көрсөтүлсө, Жатакананын тарбиячысы айыптуу студенттерге сөгүш жарыялап, биринчи эскертүү берет;
  • Эреже бузуу кайталанса жана кызматташтык көрсөтүлбөсө, эрежени бузгандар жатаканын Башкы координатору Екатирена Санамянцка жөнөтүлүшөт. Башкы координатор буларга карата тийиштүү чараларды көрөт;
  • Эгерде Башкы координатордун эскертүүсүнөн кийин жатаканага кирүү эрежеси дагы бузган, же жатакананын аймагында жыныстык байланышта болгондугу менен кармалып, эреже бузган студенттер Башкы координаторго жөнөтүлүшөт. Башкы координатор жазанын көлөмүн тартипти бузуунун оордугуна жараша аныктайт;

 

  • Жатаканын тургундарынын коноктору жатаканада узак мөөнөткө кала албайт. Коноктор жатаканын бөлмөсүндөгү тургундардын бардыгынын макулдугу менен гана бөлмөдө кала алышат. Тургундан өз конокторун Жатакана тарбиячысы менен Конок китебине каттоодон өткөрүүлөрү зарыл.
  • Коноктор Университеттин спирттик ичимдиктерди жана баңгизаттарды колдонууга салынган тыюусу боюнча эрежелерди сактоого милдеттүү. Жатакананын тургундары, алардын коноктору келтирген зыяндар, эреже бузуулар үчүн жоопко тартылышат.
  • Эгерде жатакана тургундарынын коноктору Университеттин эрежелерин бузушса, конокторду кабыл алууга болгон уруксат четке кагылат.
  • Университет жатакана тургундарынын мүлкүнүн сакталышы үчүн материалдык жоопкерчилик тартпайт. Эгер сиз уурдоо же чоочун кишилердин басып кириши тууралуу кабарыңыз болсо, бул тууралуу дароо Жатакананы тарбиячысына билдириңиз.

Өздүк буюмдар

Университет өздүк буюмдардын сакталышына жооптуу эмес. Студенттер өздүк буюмдарын уурдоодон, өрттөн, суу каптоодон жана башка кооптуу иш-аракеттерден сактык чараларын көрүүгө милдеттүү.

Алкоголдук ичимдектерди ичүү жана тамеки тартуу

Жатакананын жалпы бөлмөлөрүндө спирттик ичимдиктерди ичүүгө болбойт. Студенттик жатакананын жалпы аянттарында спирттик ичимдиктер куюлган ачык шишелерди (башка идиштерди), көтөрүп жүрүү болбойт. 18 жаштан кичүү студенттерге спирттик ичимдиктерди ичүү болбойт, ичкен учурда жазага тартылат.

Жатакананын ичинде тамеки тартуу болбойт.

Бүлдүргүчтүк (вандализм)

Университеттин мүлкүнө (эмерек, терезелер, ж.б.) атайы билип туруп зыян келтирүү жазаландырылат, кеминде айып салынат (айыптын өлчөмү АЧБ тарабынан аныкталат).

Жаныбарлар

Жатаканада жаныбарларды багууга уруксат берилбейт.

Тыюу мезгили (ЖМА студенттери үчүн гана)

Жатаканада жашагана ЖМА студенттери жатаканага саат 22:00го чейин кайтып келүүгө милдеттүү, аларга саат 22:00дон кийин жатакана аймагынан чыгууга болбойт. Бул талаптын аткарылышы үчүн, тургундарды эскертпестен, кезексиз текшерүүлөр жүргүзүлүп турат.

Эгерде түнкү маалда чыгууга муктаждык чыга турган болсо, ЖМА студенттери кабаттардагы Жатакана тарбиячысына кабар бериши керек, Студент үчүн жооптуу боло турган киши Жатакананын тарбиячысы менен (телефон аркылуу) байланышы талап кылынат.

18 жаштан улуу жана ЖМА программасына катышпаган бардык студенттер түнкү саат 00:00 чейин келиши зарыл.

Коопсуздук

Жатакана сыртында жатакана тургунунун ден-соолугуна жана өмүрүнө зыян келтириши ыктымал болгон каалаган окуялар БААУ жатакана жетекчилигинин жоопкерчилигине кирбейт.

Медициналык текшерүү

Бардык студенттер жатаканага катталганга чейин же сифилис (микрореакция) жана АИВ/КИДС тесттерин тапшырышы зарыл. Тест жыйынтыктары БААУ Медициналык кызматына берилиши керек.

Шейшептер

Жатакананын бардык тургундары өздөрү үчүн шейшеп комплекттерин алышы керек.

Екатерина Шошина (Санамянц)
Жатакана координатору
Email: ekaterina.sanamiants@gmail.com

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028