Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Курстардын сүрөттөмөсү

Курстардын сүрөттөмөсү

Экологиялык менеджмент жана Туруктуу өнүгүү программаларынын жалпы кесипкөйлүк сабактарынын тизмеси 

  1. Экологиялык менеджмент жана Туруктуу өнүгүүгө киришүү 
  2. Экотуризм жана курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо
  3. Жалпы химия
  4. Курчап турган айлана-чөйрөнүн химиясы 
  5. Колдонмо экология: Өз ара аракеттешүү, Мамилелер жана курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо 
  6. Экологияны башкаруу системаларына киришүү 
  7. Экологиялык жана социалдык таасирлерди баалоо 
  8. Климаттын өзгөрүшү жана табигый кырсыктар
  9. Шаардык өнүгүүдөгү жашыл мейкиндиктер 
  10. R программалоосуна киришүү
  11. Курчап турган айлана-чөйрө жөнүндө илимдерде ГМС ыкмаларды колдонуу 
  12. Жапайы жаратылышты коргоо
  13. Экологиялык геофизика
  14. Ресурстардын жана экологиянын экономикасы 
  15. Тоо өндүрүшүнүн экологиялык жана социалдык-экономикалык өз ара аракеттешүүсү 
  16. Агроэкология: Өсүмдүктөрдү интеграцияланган башкаруу 
  17. Экологиялык аудит жана башкаруу 
  18. Эл аралык экологиялык укук жана саясат 
  19. Суу ресурстарын интеграцияланган башкаруу
  20. Экологиядагы изилдөө ыкмалары 
  21. Окутуу-өндүрүштүк практика 1: Изилдөөчүлүк иш
  22. Окутуу-өндүрүштүк практика 1: Талаа иши
  23. Дипломдук ишти жазуу боюнча семинар 1,2

 

Экологиялык менеджмент жана туруктуу өнүгүүгө киришүү

Бул курс адамдар менен курчап турган айлана-чөйрөнүн ортосундагы мамилелерге экологиялык, экономикалык, саясий жана социомаданий көз караштардын киришүүсүн билдирет. Экологиялык менеджмент адамзаттын планетага карата тийгизген таасири менен гана эмес, ошондой эле курчап турган айлана-чөйрөнү сактоо жана аны өз алдынча башкаруу үчүн зарыл болгон адамдык жүрүм-турумдардын үлгүлөрү менен да байланыштуу. Окутуу экологиялык менеджмент, курчап турган айлана-чөйрөнүн экономикасы жана альтернативдик технологиялар тармагындагы жаңыча ой-жүгүртүү менен байланышкан. Курс студенттерге заманбап экологиялык көйгөйлөр менен концепциялардын кенен спектринин дисциплиналар аралык баяндамасын тартуулайт. Курста студенттер бир кыйла туруктуу коомчулуктардын өнүгүүсүнүн жана жергиликтүү жана глобалдык өзгөрүүлөрдүн алдындагы жашоо образдарынын варианттарын  иликтешет.

 

Колдонмо экология: өз-ара аракеттешүү, мамилелер жана сактоо

Экология жана курчап турган айлана-чөйрө - заманбап жашоодогу актуалдуу темалар. Бүт дүйнө жүзү боюнча алдыңкы бренддер өзүлөрүн “чынчыл соодагерлер” катары көргөзүшүп, ал эми өкмөттөр жаңы “туруктуу өнүгүү саясатын” иштеп чыгышат. Жыйынтыгында адамдар өзүлөрүнүн көмүртектик изин кичирейтүү менен “негизгиликке” умтулушат. Бирок бул биздин реалдуу чөйрөбүз менен кантип байланышкан? Бул курс сиздерге экологиянын фундаменталдык түшүнүктөрүн берет: биздин чөйрөнү башкарган өз-ара аракеттешүү. Биз курчап турган айлана-чөйрөнүн жандуу жана жансыз аспектилери, организмдер арасындагы өз-ара байланыштар жөнүндө билебиз. Экологиялык изилдөөлөр үчүн жеткиликтүү болгон Бишкектин тегерегиндеги жергиликтүү курчап турган айлана-чөйрөнү, сактоо ыкмалары менен техникаларын иликтейбиз. Ошондой эле бизди курчап турган айлана-чөйрөгө оң таасир тийгизе ала турган практикалык жөндөмдүүлүктөрдү ачып беребиз. Сиз жаратылышка болгон кызыгуу туу чокусуна жеткенде бутуңуздун суу болушуна, колуңуздун булганышына даярсызбы?

Жалпы химия

Жалпы химия - бул стандартташтырылган университеттик даярдоо лабораториялык курсу. Ал БААУда милдеттүү болгон илимдин бир семестрин аткарат. Коомчулуктагы химия - химиянын коомго тийгизген таасирин баса белгилеген университеттик окутуу программасынын жардамы менен илимий сабаттуулукту жогорулатуунун олуттуу аракети. Ар бир бөлүмдүн негизги күчтөрү учурда биздин ааламдын алдында турган химия менен байланышкан  технологиялык көйгөйлөргө карата жыйналган. 

Экологиялык химия

Бул курста студенттер булак, жаратылыштык жана булганган чөйрөлөрдөгү алдын-ала аныктоо жана биригүү жөндөмдүүлүктөрү тууралуу маалымат алуу үчүн фундаменталдык принциптерди пайдаланышат. Негизги көңүл атмосфера, гидросфера жана литосферанын энергиясы менен химиясын пайдалануунун экологиялык кесепеттерине бөлүнөт. Талкуулана турган курчап турган айлана-чөйрөнүн маселелеринин арасында климаттын өзгөрүшү, абанын булганышы, стратосфералык озондун начарлоосу, суу булактарынын булгануусу жана аларды тазалоого, ошондой эле инсектициддер менен гербициддерди пайдаланууга байланышкан маселелер  бар.  

Курстун максаттары: Бир катар маанилүү экологиялык көйгөйлөр үчүн башкы орунда турган фундаменталдык химиялык процесстер тууралуу маалымат алууда жана ошол билимдерди көйгөйлөрдү сын көз-карашта баалоо үчүн пайдаланууда жатат. 

Экотуризм жана курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо

Экотуризмдин аныктамасын жана негизги принциптерин баяндоо менен биз экотуризм белгилүү бир шартта курчап турган айлана-чөйрөнү коргоого түрткү болуп, киреше алып келе аларын түшүнөбүз. Курстун бир бөлүгү сурамжылоолорду тузүү жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн статистикалык шаймандарды колдонууга арналат.  

Алгачкы сабактарда алынган билимдер практика жүзүндө колдонулат. Студенттерде Кыргызстандагы жоголуп бара жаткан же сейрек кездешүүчү түрлөрдү реинтродукциялоого катышуу мүмкүнчүлүгү болот. Мындай реинтродукция Бишкектеги Кара-Жыгач токойчосунда ишке ашырылат. Аталган токойчо БААУ менен өнөктөштүктө Француз-Кыргыз Экоттуризм ассоциациясынын (AFKE) коргоосуна алынган. Бул долбоор 2015-жылы БУУнун климаттын өзгөрүшү тууралуу Алкактык конвенциясы тарабынан тараптардын 21-Конференциясында COP21 катары сертификацияланган. Бул контекстте ФКЭА долбоорлорго карата чакырыкка жооп берип, “Бишкектеги токой” долбоору PARIS2015 / COP21 маркасынын бенефициары аталды. АФКЕ үчүн бул  COP21 Жетектөөчү комитетинин институционалдык колдоосун материалдаштырган хартиясына кол коюу менен байланыштуу болгон.

Бул курс экотуризм менен статистиканы терең түшүнүү мүмкүнчүлүгүн камсыздап, аны билимдерди курчап турган айлана-чөйрөгө карата колдонсо болот. Мындан тышкары билим алуучулар алаган билимдерин “Кара-Жыгач токойчосу” долбооруна катышуу менен иш жүзүндө колдонуп, Бишкектеги эң чоң токойду жоголуп кетүүдөн сактоого өз салымын кошо алышат. Курсту ийгиликтүү аяктаган студенттер долбоорго катышкандыгы тууралуу COP21 тарабынан сертификацияланган сертификатка ээ болушат.

Экологиялык менеджмент системаларына киришүү 

Экологиялык менеджменттин системаларынын тарыхы, Экологиялык менеджменттин системалары профилактикалык иш-аракеттердин негизи катары, EN ISO 14001 жана EMAS стандарттарынын өлчөмү. Жайылтуу жана ИСО 14001ди жайылтуу. 

 

ИСО 14001 экологиялык менеджмент системасынын принциби. Экологиялык саясат, пландоо, экологиялык менеджмент системасын киргизүү жана эксплуатациялоо, текшерүү, башкаруу анализи, анын ичинде башкаруучулук аудиттик жана башкалар. Экологиялык менеджмент системасына тийиштүү мыйзам чыгаруучулук. Сертификация, компаниялар менен уюмдардын мисалдары. Башкаруунун башка системалары, мисалы энергияны башкаруу системалары. Адабий семинарлар экологиялык менеджмент системаларын сын көз-карашта анализдөөгө багытталган. Курс лекция, семинар жана көнүгүүлөрдөн турат. 

Экологиялык жана социалдык таасир берүүнү баалоо 

Курчап турган айлана-чөйрөгө таасир этүүнү баалоо - бул курчап турган айлана-чөйрөгө тийгизген таасирлерди божомолдоо, баалоо жана аларды жумшартуу максаттарын көздөгөн пландаштыруу процесси. Демек, ЭСТБ - бул иштеп чыгууга кеткен айрым чыгымдарды азайтуу же алдын-алуунун механизми. Курстун максаты - студенттерге ЭСТБнын теориясы менен практикасын дүйнө жүзү боюнча жана анын ичинде Борбордук Азияда ар тараптуу жана сын көз-карашта өнүктүрүүгө жардам берүү. Анда ошондой эле курчап турган айлана-чөйрөгө карата таасирлерди баалоонун өндүрүлүшү жана бааланышына байланышкан техникалык жана саясий маселелер да каралат. “Курчап турган айлана-чөйрө” кенен түшүнүгүн колдонуу менен ЭСТБнын ар кандай компоненттери принциптер, укуктук жана институционалдык чектер, процессетрдин баскычтары жана конкреттүү аналитикалык ыкмаларга басым жасоо менен каралат. Мындан тышкары курс адамдардын коомчулуктарынын экологиясына жана коомчулуктар менен аймактардын өнүгүүсүнө социалдык таасир этүүлөргө да арналат. Адамдардын коомунун экологиясы экологиялык жана адамдык социалдык, маданий жана уюштуруучулук процесстер менен байланышкан. Бул көптөгөн илимий сабактар менен кесилишкен кенен жана жалпы предмет. Сабактардын жыйынтыгында сизге адамдын эколгиясы менен социалдык кесепеттер дисциплиналар аралык көз карашта эмнени билдирери тууралуу “жалпы түшүнүк” берилет. Бул процеес бизге жашап жаткан татаал ааламыбызды жаңыча баалоого жардам берет. 

Курчап турган айлана чөйрөнү башкарууда ГМС-тиркемелер 

Бул курс географиялык маалыматтык системалардын (ГМС) негиз салуучу принциптери жана ыкмалары менен тааныштырат. Ал ГМСте сандык маалыматтарды кучагына алуу, сактоо, башкаруу, анализдөө, тартуулоо жана чыгарууга байланышкан процесстерди изилдейт. Ошондой эле Open Source GIS, Quantum GIS алдыңкы программалык пакетин колдонуунун жардамы менен маалыматтарды иштеп чыгуу ыкмаларын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн берет. Курс Quantum GIS программалык камсыздоосун колдонуу менен бет ачарлардан жана компьютердик практикалык сабактардан турат. Студенттер ар кандай тармактардан алынган айрым колдонулган мисалдарга кошумча түрдө маалыматтарды чогултуу жана алуу жөнүндө да окуп-үйрөнүшөт. Quantum колдонуучулук интерфейсинин негизги элементтери берилген жана ошондой эле төмөнкү темалар камтылган: маалыматтарды башкаруу, маалыматтарды визуалдаштыруу, географиялык байлоо, анализ, маалыматтарды берүү жана отчеттуулук. ГМС маалыматтарды визуалдашытруу жана анализдөөнүн кубаттуу каражаты болуп эсептелет. Бул семинар бакалавриаттын деңгээлинде учурда ГМС экологиялык көйгөйлөрдү түшүнүү жана чечүүдө, ошондой эле жаратылыш ресурстарын башкаруу жана сактоодо кантип пайдаланылып жаткандыгы тууралуу изилдейт. 

ГМСтин жалпы темалары өзүнө буларды камтыйт: 

абанын булгануусу, климаттын өзгөрүшү, био ар тараптуулукту сактоо, токойлорду башкаруу, маданий мурастарды коргоо, жер кыртыштарын башкаруу жана айыл-чарба, табигый кырсыктар, суу ресурстары, шаар чөйрөсүндөгү экологиялык көйгөйлөр жана альтернативдүү энергияны өндүрүү. Студенттер жогоруда аталган темалардын айрымдарын компьютердик лабораторияларды иликтешип, иш жүзүндө жасап көрүшөт. 

Шаарды өнүктүрүүдөгү жашыл бак-дарактарды тигүүлөр 

2018-жылга карата Жер шаарында 4,2 миллиард шаар тургундары болсо, БУУнун соңку демографиялык божомолдоруна ылайык, 2050-жылга карата шаарларда дагы 2,5 миллиард адам жашайт. Шаар калкынын мындай кескин өсүшү курчап турган айлана чөйрөнү коргоо жагынан алып караганда космосту пайдалануу жана жарандардын жашоо шартына байланышкан көптөгөн маселелерди жаратат. Мындай шартта эң жөнөкөй чечим катары адамдардын турак-жайлары, дүкөндөр жана жолдор үчүн орун бошотуу максатында  жашыл бак-дарактарды жоготуу болуп саналат. Бирок бул адамдардын ден-соолугуна жана социалдык жашоо-турмушуна кандай таасир тийгизет? Биз шаардык аймактарда жаратылышты сакташыбыз керекпи? Эгер ооба сакташыбыз керек болсо, анда балким шаардык өнүктүрүү стартегиясынын жашыл аймактарын камтыган узак мөөнөттүү чечимдерди кабыл алышыбыз керектир?

Бул курс алгач шаардык жашыл аймактар жөнүндө кенен мааниде аныктама берет, андан соң шаардык дарактар, жашыл жана көк коридорлор сыяктуу тиешелүү бир катар концепцияларды карап чыгат. Биз дарактарды изилдөөнүн соңку ыкмаларын жана дүйнөнүн жашыл аймактарынын бир нече мисалдарын карап чыгабыз. Төмөнкүдөй практикалык аспектилер каралып чыгат: бак-дарактарды отургузуу, бактардын өз-ара аракетешүүсү, бак-дарактар менен курт-кумурскалардын өз-ара аракеттешүүсү жана жашыл аймактардагы таштандыларды башкаруу. 

Курстун негизги багыты болуп БААУ менен өнөктөштүктө Француз-Кыргыз Экотуризм ассоциациясы тарабынан ишке ашырылып жаткан Бишкектеги Кара-Жыгач токойчосун сактоо жана ренатурациялоо долбоору саналат. Курсту ийгиликтүү өткөн студенттер COP21 тарабынан сертификацияланган долбоорго катышкандыгы тууралуу сертификатка  ээ болушат. 

Табият кырсыктары жана климаттын өзгөрүшү

Биз күн кечирип келген коомдор техногендик жана табигый ар кандай жаратылыштык жана экологиялык кырсыктарга кабылат. Биз улам жаңы аймактарды ачып, көп ресурстарды эксплуатациялаган сайын климат өзгөрүп, кырсыктар күчөп, алардын даражасы да күчөп бараткандай. Климаттын өзгөрүшүнүн биздин жашообузга таасирине олуттуу мамиле жасашыбыз керек, анткени анын кесепеттери абдан оор болуп калышы толук ыктымал. Бул курс студенттерди табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар сыяктуу түшүнүктөр менен тааныштырууга багытталган. Себеби алар жаратылыш жана климаттын өзгөрүшү менен тыгыз байланышкан. Курс ар кандай экологиялык кырсыктардын түрлөрү, себептери жана кесепеттерине киришүүнү, климат тууралуу илим жана үлгүлөөгө киришүүнү, климаттын өзгөрүшү менен кырсыктардын тез кайталанышы жана оордугу менен байланыштарын түшүндүрүүнү, тобокелчиликтерди анализдөөнүн баяндамасын камтыйт. Ошондой эле табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар менен күрөшүүнүн стратегиялары, аларга даярдануу гана эмес, ошондой эле келечекте күн кечирип жашап кетүү үчүн биздин коомду жаңы реалдуулуктарга адаптациялоо маселелери да каралат. 

Агроэкология Өсүмдүк өстүрүүчүлүктү комплекстүү башкаруу

Бул экология, айыл-чарба системалары, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, экологиянын тийгизген таасири, агроэкология жана туруктуу айыл-чарбасына кызыккан студенттер үчүн кеңейтилген 6 насыялуу курс. Агроэкологиялык жол тутуу, жер иштетүү системаларын жакшыртуу үчүн экологиялык концепциялар менен принциптерди колдонуу баса белгиленет. Студенттер айыл-чарба системаларындагы кирүүчү жана чыгуучу маалыматтар жана алардын фермалардагы баштапкы продуктивдүүлүгү, тамак болуучу заттардын айланып туруусу, энергиялардын агымдары жана түрлөрдүн өз-ара аракеттешүүлөрү жөнүндө терең түшүнүк алышат. Темалардын арасында айыл-чарбасынын интенсификациясы, органикалык айыл-чарба, токой чарбасы, агроэкосистемалардын түзүмдөрү менен функциялары, технологияларды киргизүүнүн аспектилери, жер кыртыштарынын эрозиясы жана сакталышы, жер кыртышын иштеп чыгуу системалары, өсүмдүктөрдүн оорулары жана аларга зыян келтирүүчүлөр, экология жана отоо чөптөр, тамак болуучу заттардын динамикасы жана аларды башкаруу, суунун сапаты, которуштуруп айдоо жана эгин айдоо системасынын диверсификациясы бар. 

Экологиялык эсеп жана менеджмент

Курстун баяндамасы: Курстун жалпы максаты - компаниялар менен уюмдар курчап турган айлана-чөйрө жана туруктуу өнүгүү маселелерин кантип чечип жаткандыгы тууралуу түшүнүк берүү. Курс иштеп чыгуу процессинде колдонулган жана аларды кыймылдаткан ар кандай стратегияларды, шаймандарды жана эчеп системаларын чагылдырат. Курста ар кандай компанияларда туруктуу өнүгүүгө байланышкан азыктарды иштеп чыгуу сыяктуу процесстер каралат. Ошондой эле курс студенттерди курчап турган айлана чөйрөнү башкаруу боюнча бухгалтердик эсеп тармагындагы реформалар менен тааныштырат жана аларды фирмаларда экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө кантип пайдалануу жолдорун түшүндүрүп берет. Мындан тышкары туруктуу бекем өнүгүү, экологиялык эффективдүүлүк сыяктуу негизги түшүнүктөр жана ошондой эле үч негизги жыйынтык каралат: экономика, курчап турган айлана-чөйрө жана корпоративдүү социалдык жоопкерчилик. Социалдык жоопкерчилик түшүнүгүнүн алдында мекемелер жергиликтүү калктын керектөөлөрү менен укуктарын эске алары жана алардын кызматкерлери ден-соолук, курчап турган айлана-чөйрө жана коопсуздук жактан коопсуз шарттарда эмгектенери назарда тутулуп жатат. 

Ресурстар менен курчап турган айлана-чөйрөнүн экономикасы 

Бул курс экономикалык жактан жаратылыш ресурстарын башкаруу жана курчап турган айлана-чөйрөнүн сапатын коргоого байланышкан мамлекеттик саясаттын маселелеринин баяндамасын тартуулайт. Курс концептуалдык жана методологиялык темалар менен катар учурдагы жана мурдараак орун алган тиркемелерди да камтыйт. Басым ресурстардын жоктугу, сырткы факторлор, коомдук жыргалчылык, жеке менчик укугу, рыноктун кыйрашы, альтернативдүү чыгымдар, туруктуулук жана баалоо сыяктуу экономикалык концепцияларды түшүнүүгө жана аларды ресурстар менен курчап турган айлана-чөйрөнү изилдөөдө колдонууга жасалат. Маанилүү социалдык жана демографиялык факторлор экологиялык активдер менен ыңгайлуулуктарга болгон суроо-талаптын контекстинде бааланат. Бул концепциялар бир катар тармактарга карата колдонулат, алардын ичинде калыптанма ресрурстар, абанын булганышы, суунун булганышы, катуу калдыктарды башкаруу жана кооптуу заттарга да. Өзгөчө көңүл мамлекеттик саясаттын оптималдуу ролунун анализине бурулган. Студенттер үчүн негизги милдеттер болуп булар саналат: (1) Колдонуунун өз-ара атаандашкан түрлөрүнүн ортосундагы чектелген жаратылыштык/экологиялык ресурстардын ар кандай категорияларын жөнгө салган негизги экономикалык принциптерди иликтөө; (2) Бөлүштүрүүнүн реалдуу маселелеринде колдонула турган негизги аналитикалык шаймандар менен иштөө тажрыйбасын алуу. 

Суу ресурстарын интеграцияланган башкаруу 

Суу ресурстарын интеграцияланган башкаруу (СРИБ) курсу суу ресурстарын башкаруунун маанилүү принциптери менен маселелерин башкарууну, стратегия иштеп чыгууну жана суу ресрурстары тармагында пайдалануу үчүн копмлекстүү жол тутуулар менен камсыздоо максатында чечимдерди кабыл алуунун тиешелүү жолдорун окуп-үйрөтөт. Курстун ресурстары менен маалыматтары башка тиешелүү курстарга кошууга оңой адаптацияланат. Мисалы жаратылыш ресурстарын башкарууга киришүү, курчап турган айлана-чөйрөнү башкарууга киришүү жана башкалар. Курстун ресурстары менен маалыматтары лекцияларды окуу үчүн колдонулуп, ошондой эле Билим берүүнү өнүктүрүү институтунун окутуучулары пайдалана алышат.  Курстун максаты: студенттерди суу ресурстарын интеграцияланган башкаруунун методологиясы жана практикалык бөлүгү менен тааныштыруу, суу ресурстарын аң-сезимдүү пайдалануу жана сактоо тармагында менеджерлердин ыкмаларына ээ жаңы муундун менеджерлерин окутуу, сууну эффективдүү колдонуу тууралуу кабардар болгондукту жогорулатуу.

Пайдалуу кен-байлыктарды өндүрүүнүн экологиялык жана социалдык-экономикалык кесепеттери

Бул курс тоо-кен өндүрүү тармагынын курчап турган айлана-чөйрө, экономика жана коомго тийгизген оң жана терс таасирлерин ар тараптуу түшүнүү тууралуу билимдерди берүүгө багытталган. Албетте негизги көңүл дүйнө жүзү боюнча пайдалуу кен-байлыктарды өндүрүүнүн шартында пайдалуу кен-байлыктарды өндүрүүнүн экологиялык жана социалдык кесепеттерине бурулат.

Курстун жыйынтыгында студенттер пайдалуу кен-байлыктарды өндүрүүнүн экологиялык, социалдык жана экономикалык кесепеттерине байланышкан негизги көйгөйлөр менен башкаруу стратегияларын аныктоо жана анализдөө жөндөмүнө ээ болуп калышы керек. 

Эл аралык экологиялык укук жана саясат ENV / NTR / LAS / BUS-305

Эл аралык экологиялык жөнгө салуучулук ички процесстен баштап глобалдык катышуучуларга жана глобалдык таасирлерге чейин кеңейип кеткен. Бул курста студенттер эл аралык укук менен саясаттагы экологиялык көйгөйлөрдүн баяндамасын алышат. Буга кошумча түрдө мындай абал кантип жаралгандыгы, ага кайсы кызыкдар тараптар аралашкандыгы жана маселелерди чечүүнүн кандай саясий варианттары бар экендигин карап чыгууга көңүл бурушат. Семестрдин соңку бөлүгүндө курчап турган айлана-чөйрөгө таасир эткен башка тармактардагы Эл аралык укук каралып, ошондой эле азырынча Эл аралык кызматташуу жарала элек айрым маселелерди аныкташат.

Изилдөө ыкмалары

Бул курс изилдөөчүлүк сунуштарды жазуу, изилдөө методологиялары жана изилдөөлөрдүн негиз салуучу тиеориялары менен протоколдоруна толук киришүүнү тартуулайт. Курстун студенттери колдонмо изилдөөлөрдүн циклдик мүнөзүн жана изилдөөлөрдү жазуунун итеративдүү процессин иликтешет.  Курс студенттерге сунуштарды жазууну, көз карандысыз изилдөөлөргө катышууну жана EUS факультетинин кеңешчиси менен биргеликте насаатчылык мамиледе иштөөнүн үйрөтөт. Окутуу программасы ырааттуу болуп, студенттерге иликтөө темасын табуу, сурамдар үчүн суроолорду куруу, адабияттардын баяндамасын уюштуруу жана тиешелүү изилдөөчүлук долбоорлору менен методологияларын тандоого жардам берет. Студенттер жайкы долбоорунун жана жайкы изилдөөчүлүк ишинин негизин түзүү үчүн иштелип чыккан сунуштарын пайдаланышат. Курстун аягында студенттер өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган сунушту аякташат: киришүү, маселенин коюлушу, адабияттардын баяндамасы, ыкмалардын бөлүмү, шилтемелер жана долбоордун графиги. Жайдын аягында студенттер мындай сунушту толук кандуу изилдөөгө айландырышат. Анда төмөнкү бөлүмдөр болот: тыянактар, талкуулар жана шилтемелер.

 

Практика

Тажрыйба арттыруу студентке билим менен ыкмаларын колдонуу менен карьералык кызыкчылыктарын изилдөө мүмкүнчүлүгүн берет. Бул тажрыйба студентке дагы кандай билим алуу тууралуу так маалымат берип, кесипкөйлүк түйүндөрүн түзүү мүмкүнчүлүктөрүн тартуулайт.

Тажрыйба арттыруу студенттерге төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

  • Тажрыйба арттыруу өтүп жаткан тармакта билим алуу.
  • Класста, жумуш ордунда алынган билимдер менен ыкмаларды колдонуу.
  • Карьеранын варианттарын мыкты түшүнүү, ошондой эле жеке карьералык максаттарды так аныктоо.
  • Баарлашуунун оозеки жана жазма ыкмаларын өнүктүрүү жана өркүндөтүү.
  • Болочок билим жана ыкмаларды өнүктүрүү үчүн тармактарды аныктоо.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028