Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Юриспруденция (LL.M.) боюнча магистратура

Юриспруденция (LL.M.) боюнча магистратура

 

 

БААУнун юриспруденция боюнча магистрдик программасын тандоого татыктуу кылган алты себеп:

 

 

Ийкемдүү окутуу графиги 

Магистранттар бир эле учурда иштей жана окуй алышат, башкача айтканда, жумуш менен окууну айкалыштырса болот. Сабактар иш күндөрү кечкисин жана ишемби күндөрү өткөрүлөт.

 

 

АКШ, Европа жана КМШ өлкөлөрүнөн келген окутуучулар  

Бизде практикалык иш тажрыйбасына ээ жогорку квалификациялуу окутуучулар эмгектенишет.

  

 

Эки университеттин диплому жана даражалары  

Биз БААУнун жана Индиана Университетинин, БААУнун жана Аризона Университетинин, БААУнун жана Миколас Ромерис Университетинин, ошондой эле БААУнун жана Борбордук-Европалык университетинин дипломдорун сунуштайбыз.

  

 

АКШда юридикалык практика менен алектенүүгө укук берген лицензия алуу мүмкүнчүлүгү 

Биздин бүтүрүүчүлө АКШда юридикалык практика менен алектенүүгө укук берген лицензия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

  

 

Докторантурага даярдоо 

Биздин программа магистранттарды докторантурага даярдоо үчүн изилдөөчүлүк жана жазма ыкмаларын өнүктүрүүгө багытталган.

  

 

Чет элдик башка университеттер менен алмашуу программалары 

Биз дүйнө жүзү боюнча алмашуу программаларын сунуштайбыз.

  

 

БААУнун юриспруденция боюнча магистратура программасына LL.M. кош келиңиздер!

 

Биздин программа өзүндө батыш стилиндеги жогорку сапаттуу билим берүү менен окутуунун жогорку деңгээлин, окутууга интенсивдүү жана инновациялык ыкмаларды жана ийкемдүү графикти айкалыштырат. Биздин студенттер АКШ жана Европа Биримдигиндеги өнөктөштүк университеттерде кош диплом алуу, ошондой эле адвокатурага сынак тапшырууга арыз берүү жана АКШда расмий таанылган юрист катары юридикалык практика менен алектенүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Программа студенттерге суроолорду узатууну, изилдөөлөрдү өткөрүүнү, талдоону, жазууну, ынандырууну, дебаттарды жүргүзүүнү, иштерди алып барууну жана калыс катары чыгып сүйлөөнү үйрөтөт. Биздин окутуучулар менен студенттик жамаат интернационалдык жана ар тараптуу академиялык чөйрөнү түзөт. Биздин миссия сизге юридикалык карьерада көздөгөн максаттарыңызга жетүүдө жана ага кандай жол менен жетүүңүздөн көз карандысыз түрдө ар тараптан колдоодо жатат. Программа жогорку квалификациялуу юристтерди Эл аралык долбоорлордо жана уюмдарда, мамлекеттик органдарда, өкмөттүк эмес уюмдарда, жеке юридикалык фирмалар менен коммерциялык түзүмдөрдө иштөөгө даярдайт. Биз бүтүрүүчүлөрүбүз эмгек рыногунда суроо-талапка ээ деп сыймыктануу менен айта алабыз. Мен сиздерди биз тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн бир аз убакыт бөлүүгө чакырам. Эгер сизде суроолор жаралса, анда биз менен байланышыңыз!


Эң мыкты каалоолор менен,
Камила М. Матеева
БААУнун LL.M. программасынын директору
Юридика факультетинин доценти, ю. и. к.

 

 


Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028