Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Арыздарды кабыл алуу жана окуу акысы

Арыздарды кабыл алуу жана окуу акысы

 

Арыздарды берүүнүн соңку мөөнөтү: 25-август 2022-жыл

Тандоо талаптары 
  • БААУнун LL.M.магистрдик программасына талапкерлер гана укук тармагында же ага жакын тармакта бакалавр даражасына же адистикке ээ болууга милдеттүү.  
  • LL.M. магистрдик программасынын Индиана Университетинин алдындагы Роберт Х. Маккинни юридикалык мектеби менен, Миколас Ромерис Университети же Европалык гуманитардык университети менен өнөктөштүктө кош дипломдук программасына катышууга талапкерлер укук тармагында бакалавр, магистр же адистикке ээ болууга милдеттүү  
  • LL.M. программасынын Аризона Университети (адам укуктары тармагында практика боюнча магистр) жана Индиана университетинин Роберт Х. Маккинни Юридика мектеби (юриспруденциянын магистр даражасы) менен өнөктөштүктө кош дипломдук програмасына талапкерлер адам укуктары тармагында же башка каалаган социалдык же гуманитардык илимдер тармагында бакалавр даражасына ээ болушу мүмкүн 

 

Арыздарды БААУнун Студенттерди кабыл алуу кеңсесинен алууга жана тапшырууга болот. Ал G20 кабинетинде жайгашкан. Ошондой эле арыздарды БААУнун кампусундагы Юридика бөлүмүнө (210-кабинет) тапшырууга да болот. Арыздын формасын бул жерден көчүрүп алыңыз.  

 

Тиешелүү документтердин топтому 
  1. Арыздын толтурулган формасы;
  2. Алынган же учурда алынып жаткан бардык академиялык даражалардын транскрипттерин;
  3. Англис тилин билгендигин тастыктаган сертификаттарды. БААУнун программасына гана окууга тапшырып жаткан студенттер TOEFL сертификатын берүүсү же БААУнун англис тили боюнча сынагын тапшыруусу кажет. TOEFL 81 же IELTS 6.5 Индиана Университетинин кош дипломдук програмамсына тапшырып жаткан студенттер үчүн талап кылынат (квалификациялык баалар 2 жылдан ашпаган мөөнөттө алынган болушу шарт). Миколас Ромерис Университетинин кош дипломдук программасына тапшырып жаткан студенттер БААУ биринчи окуу жылында өткөргөн англис тили боюнча сынагын тапшыруусу зарыл. Ал эми Миколас Ромерис университети үчүн экинчи окуу жылынын учурунда алынган англис тили боюнча тест жарамдуу болот;
  4. Эки сунуштама кат;
  5. Англис тилинде резюме же өмүр баян;
  6. Англис тилинде жазылган окуу максаттары жөнүндө арыз.

 

Эгер талапкер англис тилинин алып жүрүүчүсү же окутуу англис тилинде өткөрүлгөн университетте 5 жылдан ашпаган мөөнөттө даража алган болсо, анда TOEFL/IELTS талаптары эске алынбайт. БААУну аяктаган студенттер англис тили боюнча талаптардан бошотулат. 

Тиешелүү документтердин толук эмес топтому окууга кабыл алуу үчүн каралбайт. 

 

Окуу акысы 
  • БААУнун LL.M. программасы боюнча гана окутуунун баасы боюнча маалыматтар llm@auca.kg жана mateeva_k@auca.kg даректерине сурам жөнөтүлгөндөн кийин берилет
  • АКШ жана ЕБдагы өнөктөш университеттер менен кош дипломдук программанын акысы жыл сайын өзгөрүп туруусу мүмкүн. Бул тууралуу маалымат алуу үчүн Сиз LL.M. программасынын директору Камила Матеевага жазып маалымат алсаңыз болот: mateeva_k@auca.kg.

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028