Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - Студенттик театр

"Mirrors" студенттик театры

 

БААУнун студенттик театры 2002-жылы түптөлүп, алгачкы аталышы “Дебют” болгон. 2013-жылы өзүнүн 10 жылдык мааракесине театрдын аталышы “Mirrors” деп өзгөртүлүп,
өзүнүн ушундай эле аталыштагы алгачкы мюзиклин тартуулаган. 2014-жылы “Mirrors” “Чеги жок театр” номинациясында “Кыргызстанда жылдын тандоосу” сыйлыгын жеңип
алган.


2005-жылдан 2016-жылга чейин “Mirrors” Кыргызстандын бардык аймактарында бир катар фестивалдарды ишке ашырган: БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу
менен “Миң жылдыктын максаттары”, “Кыргызстандын мультимаданий гулдестеси”, Сорос Фонду жана ЮСАИДдин колдоосу астында “Көп тилдүү аалам”, БУУнун адам
укуктары боюнча жогорку комиссарыны башкармалыгынын колдоосу астында “Биз -аалам” жана башкалар.

 

 

Театрдын репертуарында төмөнкү белгилүү спектаклдер бар: “Күзгүлөр”, “Ачык кызыл парустар”, “Көрүшкөнчө, эски аянт”, “Н мырзанын 7 азгырыгы”, “Пигмалион-шоу”, “Мезгил оюндары”, “Алиса кереметтер өлкөсүндө”, “Кафе 7/6”. Салтка айлангандай эле бул мюзиклдер БААУнун Академиялык жылынын календарындагы эң башкы окуялардын
бири болгон Студенттикке арноо күнү коюлат. Жыл сайын 40тан ашуун 1-курстун студенттери мюзиклде дебют жасашат. Театрдын Фэйсбуктагы @mirrorsbishkek баракчасын күзөтүп барсаңыз болот.

 

 

 

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028