Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ -


“Келечек ага бүгүнтөн даярданып баштагандарга тиешелүү”  (Малкольм Икс)

 

Кыргызстандын Бишкек шаарындагы Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин Жаңы муун академиясы (ЖМА) - бул жөн гана даярдоо программасы эмес. Бул тажрыйбалуу Эл аралык профессорлордон коомдук жашоого катышуунун бөтөнчө мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу менен ар кандай курамдагы таланттуу студенттердин коштоосунда жогорку сапаттуу билим алуучу жай.  

ЖМА билим алууга умтулган, өз кызыгууларынын жана кыялдарынын артынан калбаган, жаңы нерселерди ачууга ынтызаар студенттердин ар бирине мүмкүнчүлүк түзүп берет. Биз академиялык жана окуудан тышкаркы чөйрөдө кайталангыс студенттик тажрыйба сунуштайбыз.

Ар кандай кесипкөйлүк, географиялык, окутуучулук жана изилдөөчүлүк кызыкчылыктардын өкүлү болгон ЖМАнын окутуучулары окутуунун жаңы шыктандыруучу, инклюзивдүү жана сапаттуу ыкмаларын колдонушат. Көптөгөн муундардын сыноосунан өткөн жана ийгиликке, ар түрдүү тармактарда БААУнун негизги факультеттери менен кызматташууга жана муктаж болгондорду жогорку билимге жетүү мүмкүнчүлүгү менен камсыздоого багытталган биздин окутуу программа студенттерге жаңы сапаттуу билим берүү тажрыйбасын берүүгө шарт түзөт.

Биздин 1200дөн ашуун бүтүрүүчүлөрүбүз программанын, университеттин жана дүйнө жүзү боюнча коомчулуктардын өнүгүшүнө чоң салым кошуп келишет. ЖМАнын бүтүрүүчүлөрүнүн түйүнү - студенттердин жаңы муундарына кызмат кылуудан чарчабаган жаркын жана шыктандыруучу лидерлердин ынтымактуу коомчулугу. ЖМАнын жыл сайын орун алчу нассатчылык программасы студенттерге бүтүрүүчү-насаатчылар менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн берип, комплекстик тьюторчулук, окутуу группалары жана ыкмаларды өнүктүрүү боюнча семинарлар аркылуу колдоого ээ болууга түрткү болот.

ЖМА - бул ийкемдүү бирок ошол эле учурда катуу тартиптеги bridge программасы. Ал студенттер менен окумтуучуларды академиялык өркүндөтүү, эркин сын көз-карашта ой-жүгүртүү жана билим берүү максаттарына жеткирүүнү көздөйт. Биздин программа чыгармачыл, инновациялык жана күтүлбөгөн жөндөмдүүлүктөрү бар студенттердин башын бириктирет жана изилдөө, иликтөө, тобокелчиликке баруу, таасир этүү жана өсүп-өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн берет.

Мен үчүн бул болуп көрбөгөндөй окуу жайы менен анын коомчулугуна ЖМАнын директору катары кызмат өтөө чоң сыймык жана артыкчылык. Мен силер ЖМА, биздин соңку иш-чаралар, өнөктөштөр жана окутуучулар, кызматкерлер, студенттер жана бүтүрүүчүлөрүбүздүн укмуштуу касиеттери жөнүндө толук маалымат алуу үчүн бул сайтты иликтеп чыгасыңар деген үмүттөмүн. 

 

Урматтоо менен
ЖМАнын директору
Камиля Кадырова,
2015 - учур чак

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс: +996 (312) 915 028