БААУга кош келиңиз!

Бул жерде көп улуттуу студенттер менен тажрыйбалуу окутуучулар

жаркын келечекти биргелешип курушат.

Борбордук Азиядагы Америкалык университети

1993-жылы негизделген БААУ Борбор Азиядагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн келечектеги лидерлерди тарбиялайт. Борбор Азиядагы Америкалык университет - бул америкалык либералдык искусство салтындагы эл аралык, көп тармактуу билим берүү жамааты. БААУ - Борбор Азиядагы либералдык искусстволор багытындагы окуу программалары боюнча АКШда аккредитациядан өткөн дипломдорду сунуштаган биринчи университет болуп саналат, бул АКШдагы Бард колледжи менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.


"Мен үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетин ушул маанилүү учурда жетектөө мүмкүнчүлүгү чоң сыймык. БААУ академиялык эркиндикти жайылтат жана ар түрдүү жашоо тажрыйбасы бар адамдарга жана ар кандай дүйнө таанымдарга ээ студенттерге биргелешкен аянтча сунуштайт, аларды өмүр бою билим алуу, жалпы жыргалчылыкка кызмат кылуу жана келечек муундардын бакубат жашоосу үчүн туруктуу өнүгүүгө умтулуу бириктирет. Алдыңкы айларда жана жылдарда университеттин мыкты окутуучулары жана кызматкерлери менен иштешүүнү, ошондой эле студенттер менен тыгыз байланышта болууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн."

AUCA HIGHLIGHTS

Кара-Жыгач токойчосунда бак отургузуу акциясы тууралуу видеосюжет

100дөн ашык ыктыярчылар Кара-Жыгач токойчосунда күзгү бак отургузуу иш-чарасына катышты. БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан “Жашыл айдын” алкагында уюштурулган экологиялык акцияга университеттин студенттери жана Бишкек шаарынын мектеп окуучулары кошулушкан.... Read More

Биздин студенттердин академиялык жетишкендиктери

2026-жылдын 23-октябрында БААУнун Президенттик жана Вице-президенттик тизмелерине кирген студенттерге сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул аземде биздин Антропология жана эл аралык өнүгүү программасынын студенттеринин академиялык жетишкендиктери да белгиленди.... Read More

БААУнун китепкана кызматкерлери 14-Евразиялык академиялык китепканалар конференциясына катышып келишти.

2026 жылдын, 21-23 октябрь күндөрү БААУнун китепканачылары Мадина Керимова жана Жумагуль Бекетаева Казакстандын Астана шаарындагы Назарбаев университетинде өткөн 14 -Евразиялык академиялык китепканалар конференциясына (EALC 2026) катышып келишти.... Read More

“Сактоо жана көбөйтүү: Кара-Жыгач токойчосунда бак отургузуу акциясы

Өткөн ишемби күнү Кара-Жыгач токойчосунда салтка айланган бак отургузуу акциясы болуп өттү. Анын уюштуруучусу катары ар дайымкыдай эле БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору чыкты. Иш-чара “Жашыл ай” демилгесинин алкагында өттү.... Read More

“Супер Мээ” (“Super Brain”) усулунун негиздөөчүсү Эльнура Акысбекованын ачык лекциясы

Билим берүү жана технологиялар чөйрөсүндөгү эл аралык эксперт, ишкер, “Супер Мээ” (“Super Brain”) усулунун негиздөөчүсү Эльнура Акысбекова маалымат технологиялары, жасалма интеллект, билим берүү жана нейроилимдердин айкалышында эмгектенет.... Read More

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактарына каттоо ачык

Биз жазгы семестрдин кабыл алуу сынактарына каттоону ачабыз. Эгер күзүндө окууга тапшырууга жетишпей же башка ЖОЖдон которулуп жаткан болсоңор, анда алдыдагы сынактарга катталып, январдан тартып окуп баштаганга эң туура учур келди.... Read More