American University of Central Asia - AUCA - Transcription 2

Talantaaly Bakchiev - Transcription Two

 

T2

Talantaaly Bakchiev, 'Birth of Manas', recorded 12 December 2017

Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available here]

Transcription below by Alymkan Jeenbekova

 

    Ээ төрө Манас көк жалдын,
    Төрөлгөнүн айтайын,
    Көзөл энең Чыйырды,
    Көз жарганын айтайын,
5   Айтпай кантип турайын,
    Жараткан билет ким билет,
    Жанынан келген бир жан жок,
    Жаза тайып албасам,
    Жаңылып айтып салбасам,
10   Жараткандын бергенин,
    Жаңылбай айтып берейин.
    Кудай билет ким билет,
    Куруң айтып койбосом,
    Көк жал Манас баатырдын,
15   Бу дүйнөгө келгенин,
    Эмиң айтып кетейин.
    Мына ошондо жарыктык,
    Миң күндөрдүн бири экен,
    Бейшембинин түнү экен.
20   Жуманын кадыр күнү экен,
    Мына ошондо Чыйырды,
    Чымындай жаны чыркырап,
    Ыйлап турду буркурап,
    Обун таппай уйкунун,
25   Оң жагына обдулуп,
    Сообун таппай уйкунун,
    Сол жагына толгонуп,
    Кайран энең Чыйырды,
    Мына ошондо жарыктык,
30   Оң жагында бай Жакып,
    Бай Жакыпты ойготуп,
    Ообун таппай жарыктык,
    Ошондо оң колунан тарткан,— дейт,
    Ойгонбой койду бай Жакып.
35   Сол колунан тарткан,— дейт,
    Турбай койду бай Жакып.
    Айласы кетип түгөнгүр,
    Олдо-бүлдө, дүнүйө ай.
    Оргуштаган жалган ай,
40   Айланайын байым,— деп,
    Мына ошондо энекең,
    Айтып турду Жакыпка,
    Укчуң айткан сөзүмдү,
    Жана байкаң өзүмдү,
45   Азыр жатып түш көрдүм,
    Адам көргүс иш көрдүм,
    Түндө жатып түш көрдүм,
    Түйшүккө салаар иш көрдүм.
    Таңга маал түш көрдүм,
50   Таңгала турган иш көрдүм.
    Бул эмине болучу?
    Бул түшүмдү жооруучу,
    Айланайын байым,— деп,
    Менин атам — Бакберген,
55   Өзү кудай жолунда,
    Аса таяк колунда,
    Атаганат дүнүйө,
    Кашыма келип атакем,
    Көз жарып алгын аман,— деп,
60   Сол колунда алма бар,
    Мага сунуп турганда,
    Эми кокуй кантейин,
    Айланайын атакем,
    Бу дүйнөдөн өткөнү,
65   Жети жылдай болду эле,
    Жети жылдан бер карай,
    Атакемдин алдына,
    Арбагына багыштап,
    Курмандыкка мал чалып,
70   Дуба кылбай мен акмак,
    Айланайын байым,— деп,
    Мына ошондо Чыйырды,
    Бай Жакыпка муну айтса,
    Ошо кезде бай Жакып,
75   Оңдолуп обдулуп,
    Оң жагына толгонуп,
    Атаганат дүнүйө,
    Арбыды мээнет күнүгө,
    Кандай шумдук болду деп,
80   Ушу турган катынды,
    Жин урганда жин урду,
    Дин урганда дин урду,
    Качан болсоң ушундай,
    Кантейин кокуй кантейин?
85   Деп,— ошентип курган жан,
    Эптеп тапкан малымдын,
    Эсебин эми табабы?
    Зордоп тапкан малыма,
    Зордук эми салабы?
90   Деп,— ошентип бай Жакып,
    Ичинен ойлоп мындай кеп,
    Түшүң жакшы иш болсун,
    Түш эмес, туш болсун,
    Айланайын байбиче!
95   Деп,— ошентип жарыктык,
    Ак дамбалчаң дардактап,
    Ордунан турду тартактап,
    Он эки кабат төшөктөн,
    Он эки канат өргөөдөн,
100   Чыга калып бай Жакып,
    Мына ошондо жарыктык,
    Акбалталап чакырып,
    Кокуй, кокуй Акбалта,
    Бери кел деп гана бакырып, ооой
105   Ой Балта, кокуй, Акбалта,
    Менин катынымды жин урду,
    Жин урганда дин урду,
    Болду десем болбойт, ээ,
    Болбогон кепти козгойт, ээ,
110   Айланайын Акбалта,
    Менин катынымды кокуй жин урду,
    Карыганда курган жан,
    Азыр жатып түш көрдү,
    Түшүндө жакшы иш көрдү,
115   Менин кайнатам эле Бакберген, ооо,
    Түндө жатып гана ммм эээ байбиче,
    Аян берди кантейин,
    Аман-эсен көз жар,— деп,
    Бышкан алма сунуптур,
120   Бу жакшылыктын гана кокуй белгиси,
    Жараткандын пендеси,
    Мына ошондо бай Жакып,
    Акбалтага муну айтып:
    Ошо кездең Акбалта:
125   «Атаганат дүнүйө,
    Айланайын байым,— деп,
    Кандай айла табам,— деп,
    Кокуй байым кантесиң?
    Кирип келген жоо барбы?
130   Каптап келген доо барбы?
    Айланайын кудурет,
    Таң агарып атканда,
    Тараза жылдыз батканда,
    Эл уйкуда жатканда,
135   Мени ойготуп чоочутуп,
    Айланайын кудурет,
    Кандай шумдук болду деп,
    Угуп турам өзүңдү,
    Канаң айтчы сөзүңдү»
140   Деп,— ошентип Акбалта,
    Собол салса Жакыпка,
    Ошо кезде бай Жакып,
    Айтып турду дагы кеп.
    Азыр жатып байбичем,
145   Таңга маал турганда,
    Айланайын кудурет,
    Батасыз Бакберген,
    Түшүнө кирип мындай дейт:
    «Айланайын кудурет,
150   Атаганат дүнүйө,
    Минте берсе байбиче,
    Эптеп тапкан малымдын,
    Эсебин кокуй табабы?
    Түйшүктөп тапкан малымдын,
155   Түбүнө кокуй жетип алабы?
    Минте берсе болбойт, ээ,
    Менин түбүмө кокуй жетет, ээ»
    Деп,— ошентип бай Жакып,
    Акбалтага гана муну айтып,
160   Тетиги Карагырдын ойунда,
    Кара-Аладан гана канчоо бар, уу,
    Сары-Аладан сандан бар,
    Көк-Аладан гана көптөн бар,
    Сан жылкыдан канча бар?
165   Айланайын гана Акбалта,
    Курмандыкка чалууга,
    Ылайыктуу гана мал алып кел»
    Деп,— ошентип турганда,
    Ошо кезде жарыктык,
170   Өзүң көргөн Акбалта,
    Ордунан эми тура албай,
    Айтканыңдай кылам,— деп,
    Кагылайын байым,— деп,
    Астындагы минери,
175   Көк тулпар сындуу ат экен.
    Аркы-терки камчы уруп,
    Үзөнгүнү теминип,
    Жөнөп кетти көрдүңбү?
    Эми аны коюп туралы,
180   Үйдө калган Чыйырды,
    Ошондон кабар алалы.
    Өзүң көргөн энекең,
    Бакырыгы баш жарып,
    Кыйкырыгы таш жарып,
185   Айланайын балам,— деп,
    Кайда кетти кызым,— деп,
    Карагызды чакырып,
    Балакетиң алайын,
    Кагылайын каралдым,
190   Мээнетиңди алайын,
    Каракыз бери келчи,— деп,
    Айта турган кебим бар,
    «Тетигинде көрдүңбү?
    Жалгыз өскөн чынар бар,
195   Ал чынардын түбүндө,
    Жалгыз чыккан булак бар,
    Ошол чынарга барып кел,
    Кырк чырпыгын кыйып кел,
    Айланайын кызым,— деп,
200   Ал булакка барып кел,
    Ошо булактын суусун куюп кел,
    Айланайын кызым,— деп,
    Аманат айттым ушул кеп»
    Деп,— ошентип айтканда,
205   Ошо кезде Каракыз,
    Эки күндүк жол экен,
    Керегеде илинген,
    Чоң торпоктун чоң чанач,
    Чоң чаначты алды дейт,
210   Атаганат дүнүйө,
    Чоң өгүздү минген,— дейт,
    Ушуң айткан энеси,
    Жалгыз өскөн чынарга,
    Ошого жөнөп кетти,— дейт,
215   Эми аны коюп туралы,
    Кечээ кеткен Акбалта,
    Ошондон кабар алалы.
    Өзүң көргөн Акбалта,
    Бай Жакыптын буйругу,
220   Эки кылар ал барбы?
    Жокерчилик заманда,
    Деп,— ошентип Акбалта,
    Аркы-терки камчы уруп,
    Астындагы көк тулпар,
225   Желгенине жел жетпей,
    Жетип чуркап алыптыр.
    Басканына бал жетпей,
    Башкача арыш алыптыр,
    Айланайын кудурет,
230   Аман койгун жаным,— деп,
    Жолобосун жоом,— деп,
    Мына ошондо Акбалта,
    Күнү жүрдү күйүгүп,
    Түнү жүрдү түйүлүп,
235   Таң кашкайып сүрөрдө,
    Жерге жарык кирерде,
    Мына ошондо Акбалта,
    Карагырга жеткен,— дейт.
    Ал Карагырдын оюнда,
240   Жайнап жаткан жылкы бар,
    Жадыбал жеткис жылкы экен,
    Жетимиштей жылкычы,
    Ал жылкыны кайтарган,
    Жакын келип Акбалта,
245   Бакырыгы баш жарып,
    Кыйкырыгы таш жарып,
    Бери кел деп бастырып,
    Эр Ыйманды чакырып,
    Айланайын Ыйманым,
250   Жылкычынын башчысы,
    «Бери кел»,— деп чакырып,
    «Кагылайын Ыйманым,
    Курмандыкка чалууга,
    Ушул турган жылкынын,
255   Ичинен бир малды тандап бер»,
    Деп,— ошентип айтканда,
    Ал аңгыча болгон жок,
    Жылкынын четинен,
    Тандап көрдү Акбалта.
260   Айланайын кудурет,
    Желени карыш болуптур,
    Кула бээни көрүптүр,
    «Айланайын Ыйманым,
    Тетиги Кула бээни алып кел,
265   Ай-туякка чалууга,
    Ылайыктуу мал экен»,
    Деп,— ошентип айтканда,
    Ошо кезде Ыйманың,
    Элүүдөн өткөн жашы бар,
270   Көрбөгөнү көр болгон,
    Азапты жаман көргөн дейт,
    Кезегинде Ыйманың,
    Жалынгандан жалбарып,
    Ошо кезде жарыктык,
275   Акбалтага муну айтат:
    «Айланайын Балтам»,— деп,
    «Ушу турган Кула бээ,
    Айланайын кудурет,
    Тууй турган маалы»,— деп,
280   Желине карыш болду,— деп,
    Тууп калса Кула бээ,
    Айланайын кудурет,
    Чыйырды аман-эсен көз жарса,
    Ошогоң тартууга гана берсем деп, ммм
285   Энчилей гана турган малым,— деп,
    Көздөп жүргөн жаным,— деп,
    Айланайын гана Акбалтаң, ооой!
    Жаза гана тайып албасам,
    Жаңылып айтып салбасам,
290   Тетигинде гана көрдүңбү? Уу,
    Жайнап гана жаткан жылкынын,
    Аркы жаккы четинде,
    Ошондо Камбар-Ата гана дарыган,
    Кайыбынан карылган,
295   Касиеттүү ганаң, мм ээй, мал ошо,
    Ай-туякка жарачуу,
    Ылайыктуу гана мала ошоң, ууй»,
    Деп,— ошондо Ыйманың,
    Жакын келип бастырып,
300   Ошо кезде жарыктык,
    Укурукту бек салып,
    Баягы турган Кара-Айгыр,
    Кара-Айгырды жетелеп,
    Башына нокто салды,— дейт,
305   Ушу турган Балтага,
    Жетелеп келип бастырып,
    Колуна нокто тапшырып,
    Айтып турду Балтага:
    «Айланайын Акбалта,
310   Жаза тайып албасам,
    Касиеттүү мал ушул,
    Курмандыкка чалууга»,
    Деп,— ошентип айтканда,
    Ошо кездең Акбалта,
315   «Макул, макул, макул,— деп,
    «Бул айтканың акыл деп,
    Айтканыңдай кылайын,
    Бай Жакыптын өзүнө,
    Буйрук экен айтайын»,
320   Деп,— ошентип турганда,
    Эми аны коюп туралы,
    Айылда калган бай Жакып,
    Ошондон кабар алалы.
    Ошо кезде бай Жакып,
325   Өөдө-төмөн көп басып,
    Кандай шумдук болду деп,
    Кеткениң эки күн болду,
    Качан келет Балта деп,
    Капталымда калмак бар,
330   Калмактар кармап алдыбы?
    Кыр жагымда кытай бар,
    Кытайга кире качтыбы?
    Маңдайымда манжуу бар,
    Манжуулар топтошуп,
335   Байлап алдыбы Балтаны,
    Кандай шумдук болду,— деп,
    Менин башымды азапка салдыбы?
    Эми кокуй кантейин?
    Кандай айла терейин?
340   Кайда кеттиң Акбалта?
    Келе турган маалы деп,
    Мына ошентип тургуча,
    Ал аңгыча болгон жок,
    Ошо кездең Акбалта,
345   Аркы-терки камчы уруп,
    Үзөнгүнү теминип,
    Кирип келди айылга.
    «Айланайын бай Жакып,
    Издегениң табылды,
350   Курмандыкка чалууга,
    Ушу турган Кара-Айгыр,
    Кайыбынан кабылган,
    Камбар-Ата даарыган,
    Касиеттүү мал экен,
355   Айтып берди Ыйманым»,
    Деп,— ошентип айткыча,
    Ошо кезде бай Жакып,
    Атадан калган Актинте,
    Актинтени колго алып,
360   Актинте жайын сураба,
    Актинтени сурасаң,
    Ошо кезде сураба,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Өз атасы Орозду,
365   Бай Жакыптын колуна,
    Берген экен тапшырып.
    Аманатым ушул,— деп,
    Айланайын байым,— деп,
    Кагылайын Жакып,— деп,
370   Укчу балам сөзүм,— деп,
    Ушу турган Актинте,
    Абалкы атаң Арыстан,
    Арыстандан калган зат,
    Деп,— ошентип береги,
375   Өз атасы Орозду,
    Жакыпка берген тартууга,
    Мына ошондон Актинте,
    Ала калып колуна,
    Өзүң көргөн бай Жакып,
380   Ушул турган жылкыны,
    Ыйык жалдан бек кармап,
    Чөгөрүп чөк түшүп,
    Айланайын кудурет,
    Төрт аягын бек байлап,
385   Эми курмандыкка чалууга,
    Камданып калган чагында,
    Ошо кезде сураба,
    Ошо кезде сурасаң,
    Сага жалган, мага чын,
390   Көрүп келген бир жан жок.
    Атаганат дүнүйө,
    Кудай бетин көргөзбө,
    Өзүң көргөн гана бай Жакып,
    Актинтени баягы,
395   Кокого гана бир урса,
    Кайыбына кабылып,
    Кайда экени гана уу көрүнбөй,
    Жерге гана тамган каны жок,
    Мунун учуп кеткен гана жаны жок,
400   Кайда экени билинбей,
    Караса гана көзгө илинбей, ууу
    Кайып гана болду кара айгыр,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Арбыды мээнет күнүгө.
405   Айласы гана кетип бай Жакып,
    Бул эминенин белгиси,
    Ооо жараткандын гана, ммм, бергени ой,
    Деп,— ошентип турганда,
    Ошо кезде жарыктык,
410   Ал аңгыча болгон жок,
    Өзүң көргөн энекең,
    Ий белим кокуй белим,— деп,
    Белимди кокуй жеди,— деп,
    Толгоо тартып алган дейт,
415   Ошо кезде энекең,
    Каракызды чакырып,
    Бай Жакыпка айткың деп,
    Атакеңе муну айткың,
    Айланайын байым,— деп,
420   Атаңдын көрү дүнүйө,
    Көз жарып калсам кокустан,
    Ушу турган бай Жакып,
    Жанында турса кандай деп,
    Кыргызда мындай салты жок,
425   Айланайын кудурет,
    Элге кеп болуп,
    Уят болсок кандай деп,
    Мына ошентип турганда,
    Айтып оозун жыйганда,
430   Ошо кезде Каракыз:
    “Энемдин айткан сөзү” - деп,
    Бай Жакыпка муну айтса:
    “Зайыбым толгоо тартып калыптыр,
    Көз жара турган күнү окшойт.
435   Бу жерге туруп нетейин?
    Мен жылкыны көздөй кетейин”
    Деп,— ошентип бай Жакып,
    Айланайын кудурет,
    Астындагы мингени,
440   Торучаар сындуу ат экен,
    Томуктай болгон мал экен,
    Үстүнө минип бай Жакып,
    Аркы-терки камчы уруп,
    Кара жаак булдурсун,
445   Кармай колго имерип,
    «Каң» дегизе Торуну,
    Ошондо капталга тартып жиберип,
    Мына ошондо жарыктык,
    Алкынтып миниптир,
450   Ушу турган Карагыр,
    Калың жылкы жайначу,
    Ошого жетип барыптыр.
    Эми аны коюп туралы,
    Үйдө калган Чыйырды,
455   Ошондон кабар алалы.
    Ошо кездең энекең,
    Төбөм кокуй төбөм,— деп,
    Төбөмдү кокуй жээди,— деп,
    Айланайын кудурет,
460   Мени бу жээй турган балабы?
    Балаң эмес балеби?
    Кантейин кокуй кантейин?
    Кандай айла терейин?
    Бу көрөкчө өлөйүн
465   Кыямат жайды көрөйүн.
    Айланайын кудурет,
    Жаным аман болсо деп,
    Айланайын кудурет,
    Кокуй, кокуй каран күн,
470   Жараткан жалгыз мен жалгыз,
    Менден калар бу жалгыз,
    Ушу курсагымда бала деп,
    Өзүң көргөн Чыйырды,
    Чымындай жаны чыркырап,
475   Канчалык кыйын болсо да,
    Катын эмеспи Чыйырды,
    Айланайын кудурет,
    Катуураак ыйлап алды дейт,
    Карагызды чакырып,
480   Ал аңгыча болгон жок,
    Ошо кезде жарыктык,
    Айланайын Каракыз,
    Калаадагы катынды,
    Кокуй үйгө жакын койбостон,
485   Токой көздөй айдагын,
    Айылдагы аялды,
    Айылга кокуй койбостон,
    Алысыраак айдагын.
    Көрө албаган көз жаман,
490   Айланайын кудурет,
    Сүйлөп койсо сөз жаман.
    Балама көзү тийеби,
    Балама сөзү тийеби,
    Айылга аял койбогун,
495   Айланайын Каракыз,
    Мээнетиңди алайын,
    Укчуң айткан сөзүмдү,
    Байкадың го өзүмдү,
    Деп,— ошентип Чыйырды.
500   Толгоо тартып тогуз күн,
    Тогузунчу күнүндө,
    Күнүндө эмес бешимде,
    Кеч кирип калган мезгилде,
    Мына ошондо жарыктык,
505   Жер силкинип термелди,
    Кудай бетин салбай кал,
    Ошо кезде сураба,
    Ошо кезде сурасаң,
    Өзүң көргөн энекең,
510   Айланайын кудурет,
    Жатып алса туралбайт,
    Туруп алса жаталбайт,
    Белим кокуй ий белим,— деп,
    Балтырымды жээди,— деп,
515   Кантейин кокуй кантейин,
    Деп,— ошондо энекең.
    Көзүнүн жашы оңталаа,
    Мурдунун суусун тарталбай,
    Көзүнүн жашын арталбай,
520   Ыйлап турду буркурап.
    Кантейин кокуй кантейин?
    Кандай айла терейин?
    Деп,— ошентип турганда,
    Ошо кезде сураба,
525   Ошо кезде сурасаң,
    Ал аңгыча болгон жок,
    Каканак суусу шар этип,
    Ммм, баягы турган энекең,
    Кудай бетин көргөзбө,
530   Баканды турду кучактап,
    Каканак суусу шар этип,
    Баланын үнү бар этип,
    Аягы менен тик түшүп,
    Мына ошондо бу бала,
535   Айланайын кудурет,
    Бакырыгы баш жарып,
    Кыйкырыгы таш жарып,
    Муну көрбөй калдың энекең,
    Марту басып карасаң,
540   Эки көзү сүзүлүп,
    Ошо жаны кетип барат үзүлүп,
    Айланайын кудурет,
    Кара басты энеңди,
    Ошо кезде Каракыз,
545   Бала эмеспи энеңе,
    Өөдө-төмөн жүгүрүп,
    Доолбасын колго алып,
    Айланайын кудурет,
    Күңгүрөнүп күүлөнүп,
550   Ичинен кызың сүйлөнүп,
    Мунун бүбүлүгү бар эле.
    Бүүлүнгөндү бүтөгөн,
    Үзүлгөндү уулаган,
    Чачылганды жыйнаган,
555   Кайран энең Чыйырды,
    Айланайын кудурет,
    Эки көзү ачылбай,
    Сунган буту тартылбай,
    Жатып алсаң Каракыз,
560   Кантейин кокуй кантейин,
    Энекемден айрылсам,
    Бу дүйнөдөн кантип турайын,
    Деп,— ошондо Каракыз,
    Аа дүйнө көздөй безейин,
565   Бу жерге кантип турайын,
    Айланайын энеке,
    Ой энекең, энеке,
    Энеке биздин береке,
    Аман жаның кыла көр,
570   Деп,— ошентип Каракыз,
    Жаратканга жалынып,
    Көкө Теңир колдо,— деп,
    Умай энем ула,— деп,
    Жаратканым жалга,— деп,
575   Суу атасы суу мерген,
    Суу мерген өзүң колдо,— деп,
    Тоо атасы тоо мерген,
    Тоо мерген өзүң жалга,— деп,
    Айланайын кудурет,
580   Кантейин кокуй кантейин?
    Энелүү адам зор экен,
    Энемди жутуп алсам мен кор экен,
    Кантейин кокуй кантейин?
    Ой энеке, энеке!
585   Энемдин жаны аман калса деп,
    Атаганат дүнүйө,
    Балаң эмне болсо, аа болсун,
    А дүйнө сапар тартсын деп,
    Энем аман калсын деп,
590   Мына ошондо Каракыз,
    Ойлогону ушундай.
    Энекесин ойлоду,
    Каалаганы момундай.
    Айланайын кудурет,
595   Бүбүлүгүң ушундай,
    Күңгүрөнүп күүлөнүп,
    Ичинен байкуш сүйлөнүп,
    Мына ошондо жарыктык,
    Бир жерге такыр туралбай.
600   Айланайын энеке,
    Ой энекең, энеке,
    Жаныңды аман кала көр,
    Жаның аман калсын деп,
    Жаратканга жалынып,
605   Ата-бабаң арбагын,
    Атын айтып чакырып.
    Айланайын кудурет,
    Энемдин жанын аман сактай көр,
    Деп,— ошентип тургуча,
610   Айтып оозун жыйгыча,
    Ошо кезде энекең,
    Эки көзү ачылып,
    Умаштай көзү ачылып,
    Айланайын кудурет,
615   Сага жалган мага чын,
    Жараткандын иши экен.
    Ошо кезде энекең,
    Күңгүрөнүп күүлөнүп,
    Айтып турду сүйлөнүп.
620   Баламды алып келчи деп,
    Эркек бекен, кыз бекен?
    Айтып ийчи тез деп,
    Мына ошентип айтканда,
    Ошо кезде баягы,
625   Өзүң көргөн Каракыз,
    Тогуз кездей оромол,
    Оромолду колго алып,
    Орой салды баланы.
    Мына ошондо жарыктык,
630   Энесине тапшырып,
    Ой энеке койчу,— деп,
    Балаң менен балэ кал!
    Ушу турган жаның,— деп,
    Жаның аман калса,— деп,
635   Тилегеним момундай
    Өз камын жеп ыйлап,
    Өзүң көргөн Каракыз,
    Мунуң минтип турганда,
    Ошо кезде энекең,
640   Ала калып баланы,
    Айланайын кудурет!
    Чормоюп турган чочогун,
    Эми көрүп алды эми,
    Айланайын кудурет!
645   Жаратканым колдо,— деп,
    Берген экен өзү,— деп,
    Оң эмчегин салганы,
    Оң эмчегин салганда,
    Оболкусу сүт чыгып,
650   Экинчиси суу чыгып,
    Үчүнчүсү кан чыгып,
    Байбичеден жан чыгып,
    Ий кокуй кантет деп,
    Кандай айла терем деп,
655   Жанымды кокуй алабы?
    Ушу турган бу бала,
    Айланайын кудурет,
    Жанымды кокуй кыябы?
    Деп,— ошондо сураба,
660   Мына ошондо сурасаң,
    Ошо кезде Чыйырды,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Жараткандын кылган иши экен,
    Мына ошондо байкасаң,
665   Эки күнү ай чыкпай,
    Алты күнү күн чыкпай,
    Жердин үстү термелди,
    Ал аңгыча болгон жок,
    Оң жагынан баланын,
670   Кара чаар кабылан,
    Капталында камынды,
    Көсө куйрук көк арстан,
    Көт жагында чамынды,
    Жети дөбөт көк бөрү,
675   Тегеректеп курчады,
    Төбө жагын карасаң,
    Бу баланы байкасаң,
    Төбө жактан баягы,
    Куш төрөсү будайык,
680   Чеңгелин сунган арбайтып,
    Канатын жайган калдайтып,
    Ач ажыдаар айлантып,
    Алты айланып алыптыр,
    Муну көрүп баягы,
685   Өзүң көргөн Каракыз,
    Бүбүлүгү бар эле,
    Көз ачыктык жайы бар,
    Муну көрүп Каракыз,
    Ошо кезде жарыктык,
690   Жантасилим болду эле,
    Атаганат дүнүйө,
    Кудай бетин көргөзбө,
    Маңдайга жазган ушу экен,
    Чече албады көп ойлоп,
695   Өзүң көргөн баягы,
    Өзүң көргөн энекең,
    Каракызды козгоду,
    Айланайын кызым,— деп,
    Мээнетиңди гана алайын, ооо,
700   Койгун кызым, койгун,— деп,
    Бу жалганга мени калтырба,
    Куу баш кылып атыкпа,
    Кантейин гана балам кантейин?
    Койгун балам, койгун деп,
705   Айта турган гана кебим бар, ооо,
    Акбалтанын зайыбы,
    Актинтени гана чакыр деп,
    Акчайымды чакыр деп,
    Акчайым деп гана бакырып,
710   Үйдөн чыкты Каракыз,
    Эсине келип жарыктык,
    Согончогу шак этип,
    Май куйрукка так этип,
    Ошо кезде Акчайым,
715   Атаганат дүнүйө,
    Кандай гана шумдук болду деп,
    Атаганат дүнүйө,
    Арбыды мээнет күнүгө,
    Оо байбичең гана аман калдыбы?
720   Балаң менен опат кал,
    А байбиче гана аман барбы,— деп,
    Акчайым собул салганда,
    Ошо кезде Каракыз,
    Айланайын жеңеке,
725   Ой жеңеке, жеңеке,
    Энем аман калды,— деп,
    Оой айланайын кудурет,
    Оой баланы тапкан энем,— деп,
    Оой баладан аман калды,— деп,
730   Кагылайын жеңеке,
    Ой жеңеке, жеңеке,
    Энекемдин буйругу,
    Ой Акбалта абамды чакыр,— деп,
    Балта абамды чакыр,— деп,
735   Айта турган кеби бул,
    «Бай Жакыпка барсын,— дейт,
    Сүйүнчүлөп айтсын,— дейт,
    Байбичең эркек тууду,— деп,
    Айланайын кудурет,
740   Ээриккенде байбиче,
    Эркек тапты сүйүнчү»,
    Деп,— ошентип айтсын деп,
    Атаңдын көрү дүнүйө,
    Кудай бетин көргөзбө,
745   Ошо кезде Акчайым,
    Аттап-буттап үйүнө,
    Кирип барды төрүнө,
    Төрдө жаткан баягы,
    Эчтеме менен иши жок,
750   Өзүң көргөн Акбалта,
    Куш жаздыкты жазданып,
    Жаткан экен жарыктык,
    Акчайым айтат мындай,— деп,
    «Айланайын Акбалта,
755   Ой байбичең эркек тууду,— деп,
    Сүйүнчүлөп баргын,— дейт,
    Бай Жакыптын өзүнө,
    Барып айткын кабарды,
    Сүйүнчүсүн алгын,— деп,
760   Сүйүнчүсүн берет,— деп,
    Калыңдап берет сүйүнчү».
    Ошонун бирин калтырбай,
    Айланайын Балта,— деп,
    Мына ошондо Акчайым,
765   Акбалтага муну айтса,
    Ошо кезде Акбалта
    Макул, макул, макул,— деп,
    Айтканыңдай кылам,— деп,
    Кудай бетин салбай кал,
770   Өзүң көргөн баягы,
    Көк Тулпарды токунуп,
    Айланайын кудурет,
    Карагыр көздөй бет алып,
    Күн эки күн жол жүрүп,
775   Ат аябай мол жүрүп,
    Ошо кезде Акбалта,
    Жетип барды кырына,
    Айтып турду мындай деп:
    «Ой сүйүнчү, сүйүнчү,
780   Бакырыгы баш жарып,
    Кыйкырыгы таш жарып,
    Колундагы баягы,
    Доолбосту бир уруп,
    Айланайын байым,— деп,
785   Ой жоголордо байбичең,
    Жолборс тапты сүйүнчү!
    Эриккенде байбичең,
    Эркек тапты сүйүнчү!
    Каарыганда байбичең,
790   Каралды тапты сүйүнчү!
    Ой сүйүнчү, сүйүнчү!
    Сүйүнчүм гана»,— деп,
    Мына ошондо Акбалта
    Бай Жакыпка муну айтса,
795   Ошо кезде бай Жакып,
    Карыш тартып кулагы,
    Кана кайталачы дагы,— деп,
    Мына ошентип алганда,
    Ошо кезде Акбалта,
800   Жакын келди бастырып,
    А бай Жакыпка муну айтат:
    «Айланайын байым,— деп,
    Жоголоордо байбичең,
    Жолборс тапты сүйүнчү!
805   Каарыганда байбичең,
    Кабылан тапты сүйүнчү!
    Эриккенде байбичең,
    Эрмек тапты сүйүнчү!
    Айланайын байым»,— деп,
810   Мына ошондо Акбалта,
    Айтып турса Жакыпка,
    Ошо кезде бай Жакып,
    Айланайын кудурет,
    Кудайымдын бергени,
815   Жаратканым жалга,— деп,
    Жараткан жалгыз мен жалгыз,
    Менден калган бул жалгыз,
    Деп,— ошондо кудайым,
    Өзү Кудай жалында,
820   Ошо кезде бай Жакып,
    Айланайын кудурет,
    Атадан калган тулпары,
    Тору-Чаарды минген дейт,
    Томуктай болгон булдурсун,
825   Эми Томукту көздөй урду,— дейт,
    Ошо кезде жарыктык,
    Тоо аралап жүрдү,— дейт,
    Өзү турган айылы,
    Айылына келди,— дейт,
830   Күн эки күн жол жүрүп,
    Ат аябай мол жүрүп,
    Жакын келип айылга,
    Бакырыгы баш жарды,
    Айланайын балам,— деп,
835   Аман берсең бэргин,— деп,
    Мына ошентип айтканда,
    Үйдөн чыгып Акчайым,
    Сүйүнчүңүз канаке,
    Ой сүйүнчү, сүйүнчү,
840   Ээриккенде байбичең,
    Эркек тапты сүйүнчү!
    Деп,— ошентип турганда,
    Жоо душманга күйүнчү,
    Жакындарга сүйүнчү!
845   Деп,— ошентип турганда,
    Ошо кезде бай Жакып,
    Үстүндөгү баягы атынын,
    Күмүш каңкы ээр токумду,
    Ошону гана чечип берди эми,
850   Сүйүнчүңө ушул,— деп,
    Арты гана болсун тулпар,— деп, ооо,
    Жакын келип бай Жакып,
    Он эки канат өөргөгө,
    Кирбей баш багып,
855   Ошо кезде караса,
    Кайран энең Чыйырды,
    Айланайын кудурет,
    Чыйырды жайын сураба,
    Чыйырды жайын сурасаң,
860   Айланайын кудурет,
    Айласын таппай кыйналып,
    Жаткан экен бул ирет,
    Мына ошондо Чыйырды,
    Баласын бекем кучактап,
865   Сол эмчегин салганы,
    Сол эмчегин салганда,
    Оболкусу сүт чыгып,
    Экинчиси суу чыгып,
    Үчүнчүсү кан чыгып,
870   Байбичеден кан чыгып,
    Жаны кейип турганда,
    Ошо кезде бай Жакып,
    Жакын келип кудурет,
    Ушу турган баягы,
875   Булдурсунун колго алып,
    Чекесине тийгизип,
    Коркурата бир жыттап,
    Аман болсун бала,— деп,
    Оо жараткан кудурет,
880   Өмүрүң узун болсун,— деп,
    Ушул узун өмүрдө,
    Бакыт-таалай болсун,— деп,
    Астына так болуп,
    Кылган иши ак болуп,
885   Жаратканым жалгасын,
    Умай эне уласын,
    Алтай ээси колдосун,
    Айланайын кудурет,
    Жол атасы Жол Акмат,
890   Жол Акмат дайым жолдосун,
    Кол атасы Кол Акмат,
    Дайым муну колдосун,
    Деп,— ошентип айтканда,
    Ошо кезде сураба,
895   Ошо кезде сурасаң,
    Өзүң көргөн Чыйырды,
    Айланайын байым,— деп,
    Тоюна токсон соёлу,
    Тоо башында топоз бар,
900   Топоздон токсонду алдыртып,
    Тоюна эми соёлу,
    Жылгада жаткан жылкыдан,
    Жетимишти соёлу,
    Айланайын кудурет,
905   Жэнтекти мыктап берели,
    Айланайын байым,— деп,
    Айтканындай болсун,— деп,
    Жакын менен алысты,
    Бери кел,— деп чакырып,
910   Бай Жакып уулду болду,— деп,
    Атын кандай коём,— деп,
    Айласы кетип түгөнгөн,
    Жаман менен жакшыны,
    Алыс менен жакынды,
915   Баарын бирдей чакырып,
    Тогуз күнү той кылып,
    Мына ошондо бай Жакып,
    Тогузунчу күнүндө,
    Токтоналбай түгөнгүр,
920   Эми кокуй кантем,— деп,
    Баламдын аты кандай,— деп,
    Атын кандай койсом,— деп,
    Айласы кетип бай Жакып,
    Өөдө-төмөн көп басып,
925   Мына ошентип турганда,
    Ошо кезде сураба,
    Ошо кезде сурасаң,
    Өзүң көргөн баягы,
    Кайыбынан кабылып,
930   Ак сакалчан думана,
    Өзү кудай жолунда,
    Аса таяк колунда,
    Кайыбынан кабылып,
    Кайдан келди билбейбиз,
935   Ошо кезде береги,
    Жакын келип Жакыпка,
    Берчи балаң колума,
    Деп,— ошентип думана,
    Ала калып колуна,
940   Көктү көздөй каратып,
    “Аман болсун балаң!” — деп,
    “Кундак боосу бек болсун!
    Кылган иши ак болсун!
    Астына минээр так болсун!”
945   Деп,— ошондо жарыктык
    Теңирим өзү тескесин,
    Умай эне уласын,
    Жаратканы жалгасын,
    Узун болсун өмүрү,
950   Ал өмүрдүн ичинде,
    Бакыт берсин Кудайым,
    Деп,— ошентип думана,
    Аты болсун «Манас» деп,
    Кылган иши ак болсун
955   Деп,— ошондо кудайым,
    Өзүң көргөн думана,
    Кайда экени билинбей,
    Караса көзгө илинбей,
    Кайып болду көрдүңбү?
960   Муну көрүп бай Жакып,
    Аң-таң болду көрдүңбү?
    Бармак тиштеп баш чайкап,
    Кандай шумдук болду,— деп,
    Аты «Манас» болду деп,
965   «Манас» атка конду деп,
    Азан айтып чакырып,
    Кулагына шыбырап,
    Жаратканга жалынып,
    Жетимиш ата арбагын,
970   Атын айтып чакырып,
    Ата-бабам арбагы,
    Ар качандан бир качан,
    Арбагы колдоп жүрсүн,— деп,
    Жаратканым жалгасын,
975   Теңирим өзүң теске,— деп,
    Мына ошондо бай Жакып,
    Кудай бетин салбай кал,
    Жалпылардын алдына,
    Баласын алып көтөрүп,
980   А батаң алып тиледи,
    Ооо Кудайым кылган иши экен,
    Ошону менен бай Жакып,
    «Манас» уулду болду,— деп,
    Жакындарга «Манас» деп,
985   Билбегенге аты деп,
    Айта турган ушу кеп,
    Айланайын кудурет,
    Чоң тентек болсун деп,
    Ошону менен бай Жакып,
990   Жарыя кылды жалпыга,
    Жалпы кыргыз журтуна,
    Кырк үйлүү түтүнгө,
    Айтып турду күбүлө,
    Айланайын кыргыздар,
995   Айта турган ушу иш,
    Ушу турган балам,— деп,
    Баламын аты Манас болсун,— деп,
    Билбегендин баарына,
    Жоо душман касыма,
1000   Аты болсун Тентек,
    Деп,— ошентип айтканда,
    Ошону менен баардыгы,
    Антын берди Жакыпка,
    Айтайын макул айтайын,
1005   Айланайын кудурет,
    Кол куушуруп баягы,
    Кырк үйлүү кыргыз журт,
    Ошо кезде жарыктык,
    Солбуй басып жүгүнүп,
1010   Сол тизеден бүгүнүп,
    Олбуй басып жүгүнүп,
    Оң тизеден бүгүнүп,
    Келин болуп жүгүнүп,
    Баары берди антын,— дейт,
1015   Бай Жакыптын өзүнө,
    Карарган гана кара көзүнө.

American University of Central Asia
7/6 Aaly Tokombaev Street
Bishkek, Kyrgyz Republic 720060

Tel.: +996 (312) 915000 + Еxt.
Fax: +996 (312) 915 028
AUCA Contacts