Doolot Sydykov - Transcription One
D1
Doolot Sydykov, 'Birth of Manas', recorded 16 February 2018
Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available here]
Transcription below by Alymkan Jeenbekova
| Ээй Атаң Жакып кайгырып | ||
| Кара жандын өзүнөн | ||
| Кетүүчүдөй айрылып | ||
| Өөдө болосоң көлөктөп | ||
| 5 | Ылдый болсо жөлөктөп | |
| Ала сакал калганда | ||
| Алтымышка чукулап | ||
| Атакең Жакып барганда | ||
| Артында туяк жок болуп | ||
| 10 | Мына ошондо атакең | |
| Көпкө капа топтолуп | ||
| Көп кайгырып бөлүнүп | ||
| Эрдемсинген атаңдын | ||
| Көзүнөн жашы төгүлүп | ||
| 15 | Көрүнгөндөн кеп угуп | |
| Куу баш тагып деп угуп | ||
| Ар кимден айың кеп угуп | ||
| Ушул эки карыганда | ||
| Туяксыз болду деп угуп | ||
| 20 | Атаңдын көрү бу дүйнө | |
| Оо жараткан бу дүйнө | ||
| Кай жериңден жаздым деп | ||
| Жараткандын өзүнөн | ||
| Не күнө кылып салдым деп | ||
| 25 | Жан-жаныбар макулук | |
| Текши бала бердиң деп | ||
| Ушул эки жараткан | ||
| Мына ошондо чоң үшкүл | ||
| Бу дүйнөдөн көрдүм деп | ||
| 30 | Эсепсиз жыйган сан кара | |
| Айдаса бүгүн дд | ||
| Жыйылып жаткан сан кара | ||
| Кыйкырса бир күн жолу ку | ||
| Аталап эми чыгарга | ||
| 35 | Малды айдап жыйарга | |
| Жалгыз туяк жок болду | ||
| Көңүл оору шок болду | ||
| Алоолонуп курган жан | ||
| Күйүп жүрө от болду | ||
| 40 | Оо жараткан кудурет! | |
| Кай жерден жаздым бул ирет | ||
| Айланайын жараткан | ||
| Бар экениң чын болсо | ||
| Он сегиз миң ааламга | ||
| 45 | Кан экениң чын болсо | |
| Отуз жүз миң опсуздун | ||
| Ушул эрки ааламды | ||
| Бийлегениң чын болсо | ||
| Ушул эрки жараткан | ||
| 50 | Кара мүртөз жаманга | |
| Ага да бала бердиң деп | ||
| Жамандык кылган жерим жок | ||
| Айланайын жараткан | ||
| Мага да бала бергин деп | ||
| 55 | Өзөлөнүп көп ыйлап | |
| Өзгөчө Жакып бек ыйлап | ||
| Топту көрсө баралбай | ||
| Додолонгон тобуна | ||
| Толукшуп кебин сала албай | ||
| 60 | Жыйынды көрсө баралбай | |
| Жыйылып турган жыйынга | ||
| Жылдыздуу кебин сала албай | ||
| Айла кетип үмөрүп | ||
| Акыл кетип түгөнүп | ||
| 65 | Ошондо Жакып туруптур | |
| Амалы кетип куруптур | ||
| Эрен Жакып атаңыз | ||
| Капаланып кайгырып | ||
| Мына ошондо байбиче | ||
| 70 | Атты токуп берчи деп | |
| Канаң эми Бакдөөлөт | ||
| Экинчи ушул катыны | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| Эр Жакыптын жакыны | ||
| 75 | Кымыз алып келчи деп | |
| Экөөнү жумшап калыптыр | ||
| Айтып кебин салыптыр | ||
| Экөөң бир балага жарабай | ||
| Согончогуң канабай | ||
| 80 | Кордук кылдың аябай | |
| Өөдө болсом бүгүлүп | ||
| Карылык көзгө көрүнүп | ||
| Атанын жолун улантып | ||
| Аталар чыгар кубантып | ||
| 85 | Мында туяк жок болду | |
| - деп ошондо Жакыптын | ||
| Көңүлү күйүп от болду | ||
| Айтып кебин чунаңдап | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 90 | Экөөнү бирдей жемелеп | |
| Кара жерди тебелеп | ||
| Эми жолго салыптыр | ||
| Жылкыга жүрүп алыптыр | ||
| Жылкыга бара жатканда | ||
| 95 | Как ошондо сурасаң | |
| Аземил суунун боюнда | ||
| А саздын берин боюнда | ||
| Үбүл токой жегинде | ||
| Үрмө суунун белинде | ||
| 100 | Ошол кезде караса | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Түшүндө эмес өңүндө | ||
| Эр Жакыптын өзүнө | ||
| Көрүнгөн экен кырк бала | ||
| 105 | Кырк баланы караса | |
| Мына ошондо сурасаң | ||
| Жайдак айгыр коштогон | ||
| Жал арыстан окшогон | ||
| Жаалданып киргенде | ||
| 110 | Алдынан пенде тоспогон | |
| Жалаң өңчөй тон кийген | ||
| Мына ошондо тулпары | ||
| Жалаң бээ дөө ат минген | ||
| Азыр колдорунда шумкары | ||
| 115 | Мына ошондо Жакыптын | |
| Бара жаткан жолунда | ||
| Ордо атышып ойношуп | ||
| Ата кокуй кызыкты | ||
| Булар минтип салыптыр | ||
| 120 | Жыйырмадан бөлүнүп | |
| Кырктама чийип ордо атып | ||
| Эр Жакыптын көзүнө | ||
| Турган экен көрүнүп | ||
| Ал аңгыча караса | ||
| 125 | Алтындан кылган тактада | |
| Такты үстүндө пактада | ||
| Как ошондо сураса | ||
| Аю талпа как үстөн | ||
| Так ошонун үстүндө | ||
| 130 | Мына ошондо зор бала | |
| Кырк баладан чоң бала | ||
| Эки жагын каранып | ||
| Эрди мурду жаланып | ||
| Бир жагында караса | ||
| 135 | Кара чаар кабылан | |
| Капталында чамынат | ||
| Чоло көк жал арсылан | ||
| Жайнай басып бөлүнөт | ||
| Колдогону кырк бөөрү | ||
| 140 | Аркасында көрүнөт | |
| Алп кара куш зымырык | ||
| Төбөдөн бутун салыптыр | ||
| Ажыдаары маржылдан | ||
| Алды жакты тактанын | ||
| 145 | Оролуп жатып алыптыр | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Ордо аткан оюнга | ||
| Как ошондо атакең | ||
| Эми келип кезикти | ||
| 150 | Ошо кезде жанагы | |
| Өз Жакыпты көргөндө | ||
| Кырк балаң оюн таштады | ||
| Аталап айтып баштады | ||
| Арыбаңыз ата деп | ||
| 155 | Жалпы салам бергени | |
| Жанына басып келди эми | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Бар болгула балдарым | ||
| - деп ошондо эр Жакып | ||
| 160 | Булардын көзүн көргөнү | |
| Балам деп айтып алыптыр | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| Ошо кезде эр Жакып | ||
| Балам менин жок эле | ||
| 165 | - деп ошондо ойлонуп | |
| Эми оюна Жакып алыптыр | ||
| Ал аңгыча караса | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Төөдөй болгон алтын так | ||
| 170 | Алтын тактын үстүнөн | |
| Ошондо бала жанагы | ||
| Түшкөн экен жүгүрүп | ||
| Алдына келди Жакыптын | ||
| Мына ошондо сүйүндөп | ||
| 175 | Азыркысын күлүңдөп | |
| Мына ошондо караса | ||
| Эми туруп кеп айтат | ||
| Ой атаке деп айтат | ||
| Ата десе Жакыптын | ||
| 180 | Эт жүрөгү эзилип | |
| Мына ошондо береги | ||
| Эбегейиң эзилип | ||
| Эт жүрөгү кесилип | ||
| Эми не деп турат деп | ||
| 185 | Жакып оюн жыйгыча | |
| Жана кепти куруптур | ||
| Аталап айтып туруптур | ||
| Айланайын атаке! | ||
| Көп кайгыра бербеңиз | ||
| 190 | Мына ошондо атаке | |
| Тогуз айы толгондо | ||
| Тогуз күндүү болгондо | ||
| Үйүңдүн келем төрүнө | ||
| Төрөлүп ата келемин | ||
| 195 | Ушуреки калкыңа | |
| Мына ошондо атаке | ||
| Эп этпей жардам беремин | ||
| Ушуреки кыргыздын | ||
| Аккан жашын тыямын | ||
| 200 | Чачылганын жыямын | |
| Айланайын атаке! | ||
| Ата болом өзүңө | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Бата болом сөзүңө | ||
| 205 | Бала болом өзүңө | |
| Айланайын атаке! | ||
| Көп кайгыга салбаңыз | ||
| Так ошондо бере көр | ||
| Азыр өзүңүздү кармаңыз | ||
| 210 | Кайрылып үйгө барыңыз | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Көргөн менен билгенди | ||
| Жан кишиге билгизбей | ||
| Ата курмандыкты чалыңыз | ||
| 215 | - деп ошондо жанагы | |
| Балаң айтып калыптыр | ||
| Аны көрүп алганда | ||
| Мына ошондо эр Жакып | ||
| Акылынан таныптыр | ||
| 220 | Эмне деп айтып жатат деп | |
| Как ошондо караса | ||
| Эки көздөн аккан жаш | ||
| Ителгидей кайран күч | ||
| Жакыбың ирмебей көзгө жаш алып | ||
| 225 | Сан санаага мат алып | |
| Айтар көздөн такалып | ||
| Так ошондо сурасаң | ||
| Эми мындай кылып турганда | ||
| Амал кетип курганда | ||
| 230 | Караса көзгө илинбей | |
| Кайда экени билинбей | ||
| Кайып болду кырк бала | ||
| Кайып болуп кеткени | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 235 | Жылкыга эми барбастан | |
| Үйүнө жакын кетти эми | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| Күгүм кире күн бата | ||
| Үйүнө барып жетти эми | ||
| 240 | Как ошондо караса | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Кара карыш салынып | ||
| Жаратканга жалынып | ||
| Жайнай басып бөлүнүп | ||
| 245 | Көзүнүн жашы төгүлүп | |
| Эми жете барыптыр | ||
| Эми жете барганда | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Эки бирдей байбиче | ||
| 250 | Чылбырынан алыптыр | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Атын байлай салыптыр | ||
| Үйүнө Жакып кириптир | ||
| Капаланып келгени | ||
| 255 | Мына ошондо байбиче | |
| Азыркысын билиптир | ||
| Сурабастан сурасаң | ||
| Как ошондо сурасаң | ||
| Мына ошондо көлдөлөң | ||
| 260 | Тура кантып абаңды | |
| Мына ошондо тушуна | ||
| Эми салып берди эле | ||
| Көлдөлөңдүн өзүнө | ||
| Эрен Жакып келди эле | ||
| 265 | Көбөлөнүп жыгылды | |
| Мына ошондо береги | ||
| Жыгылганда Жакыпты | ||
| Уйкуга көзү илинди | ||
| Уктаганы билинди | ||
| 270 | Уктап атып түш көрдү | |
| Мына ошондо эр Жакып | ||
| Бир көргөнүн үч көрдү | ||
| Үч көрбөсө нетиптир | ||
| Ошо кезде береги | ||
| 275 | Эми кайыптан гана аялы жетиптир уу | |
| Ээ байбичем эмне болду деп | ||
| Уу как ошондо карасаң | ||
| Ээ кайдагары эр Жакып | ||
| Ойлоп койгон жери жок | ||
| 280 | Оюн эми булары | |
| Ээ толгоп койгон жери жок | ||
| Уйкуга көзү илинип | ||
| Уктаганы билинип | ||
| Как ошондо карасаң | ||
| 285 | Ошо көргөн түшүндө | |
| Мына ошондо эр Жакып | ||
| Ээ чөлдө ара жатыптыр | ||
| Чөлдө ара жатканда | ||
| Как ошондо сурасаң | ||
| 290 | Өрдөп ара жатыптыр | |
| Өрдөп ара жаткканда | ||
| Мына ошондо чоң чоку | ||
| Чолубайдан оң чоку | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 295 | Кошкондо эми он чоку | |
| Ааламга учу илинген | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Ааламда жок чокусу | ||
| Ошо жерден билинген | ||
| 300 | Азыркысын караса | |
| Чокунун эми үстүнө | ||
| Тайылбай Жакып барды эле | ||
| Эми чыгып алды эле | ||
| Чыгып барса жанагы | ||
| 305 | Булуттан башы өтүптүр | |
| Мына ошондо Жакыптын | ||
| Күнгө башы жетиптир | ||
| Аягы жерде болуптур | ||
| Ошо кезде береги | ||
| 310 | Ээ так ошондо жанагы | |
| Ааламга көзүн салыптыр | ||
| Бүтүн аалам баарысы | ||
| Эми Жакып көрүп алыптыр | ||
| Жакып көрүп алганда | ||
| 315 | Атаңдын көрү дүнүйө | |
| Жазып ийсе кучагы | ||
| Ааламды ороп жетиптир | ||
| Тоголоп бүткөн жер бети | ||
| Бүтүн курчап алыптыр | ||
| 320 | Аны менен эр Жакып | |
| Коюнуна салыптыр | ||
| Ал аңгыча караса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Кайдан келди билбеймин | ||
| 325 | Атаңдын көрү дүнүйө! | |
| Алтың көлдүн жээгинде | ||
| Кең Алтайдын бегинде | ||
| Так ошондо сурасаң | ||
| Алтың көлдүн беп жагы | ||
| 330 | Бер жагы эмес мен жагы | |
| Мен жагы эмес сен жагы | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Атаңдын көрү коюлган | ||
| Эре бериш чоюлган | ||
| 335 | Маңжылынын мазарга | |
| Так ошондо барыптыр | ||
| Экөөнү эми ээрчитип | ||
| Эми жолго салыптыр | ||
| Маңжылынын мазарга | ||
| 340 | Ак боз менен алдырып | |
| Ай туягын чалдырып | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Ата-бабаң арбакка | ||
| Ырым кылып койдуруп | ||
| 345 | Ошо кезде береги | |
| Тура колдуу болор деп | ||
| Кечээ күнү жолунда | ||
| Так ошондо кабылып | ||
| Кайыбынан табылып | ||
| 350 | Эмне болуп кетти деп | |
| Өңүмбү же түшүмбү | ||
| Көрүп аткан ишимби | ||
| Эмне болду кызык деп | ||
| Же болбосо ааламда | ||
| 355 | Арта турган бузук деп | |
| Же болбосо береги | ||
| Адамдын акылы жетпейт деп | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Пендеден эми момундай | ||
| 360 | Айткан менен өтпөйт деп | |
| Жан кишиге билгизбей | ||
| Курмандыкты чалды эле | ||
| Аны менен караса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 365 | Азыркысын моюнга | |
| Так ошондо ал деген | ||
| Курмандыгын чал деген | ||
| Ошо кезде ырымы | ||
| Эми Жакып кылыптыр | ||
| 370 | Маңжылыны мазарга | |
| Бала тилеп туруптур | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Жана тилеп туруптур | ||
| Жана эми кылыптыр | ||
| 375 | Ата-бабаң арбагы | |
| Ээ жараткан кудурет | ||
| деп ошондо жанагы | ||
| Алты атабыз кан өткөн | ||
| Аалам журтка даң өткөн | ||
| 380 | Жети атабыз кан өткөн | |
| Жерге журтка даң өткөн | ||
| Тогуз атам кан өткөн | ||
| Толгон журтка даң өткөн | ||
| Ошолордун арбагы | ||
| 385 | Жакшылыкка жолосо | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Эптеп тукумдарга уулу журтуу ушулар | ||
| Эми жалгыз эле туяк берсечи ууу | ||
| Тилегим эми келсечи | ||
| 390 | Эээ деп ошондо ойлонуп | |
| Албан түрлүү ой жооруп | ||
| Эми жолго салыптыр | ||
| Эми жолго салганда | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 395 | Так ошондо караса | |
| Атаңдын көрү ордодо | ||
| Күгүм кире күн бата | ||
| Эки бирдей байбиче | ||
| Аян көрүп алыптыр | ||
| 400 | Аян көрсө момундай | |
| Аян көрүп алыптыр | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Таң агарып атканда | ||
| 405 | Чыйырды туруп кеп айтат | |
| Ооо байым деп айтат | ||
| Мен көргөндү көрдүңбү? | ||
| Мен билгенди билдиңби? | ||
| Мен туйганды туйдуңбу? | ||
| 410 | Түндө жатып түш көрдүм | |
| Ошондо кызык иш көрдүм | ||
| Ошо көргөн түшүмдө | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Аргай болгон ак боз үй | ||
| 415 | Атаңдын көрү ак ордо | |
| Ак ордонун ичине | ||
| Мына ошондо көтөрүп | ||
| Эми кирип барыпмын | ||
| Ак өргөөнү жасадым | ||
| 420 | Тогуз айы жасадым | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Ууктарын кынаптап | ||
| Алтын менен баталып | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 425 | Ээй күмүш менен сырдаган | |
| Көргөн адам ырдаган | ||
| Кирген адам жыргаган | ||
| Ошорээкин өргөөгө | ||
| Эми кирип мен барсам | ||
| 430 | Тууруна кондурган | |
| айдегесин болтурган | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Алп каракуш зымырык | ||
| Турган экен байланып | ||
| 435 | Мына ошондо жанагы | |
| Ошону кетпей айланып | ||
| Колума кондуруп | ||
| Атаңдын көрү алыпмын | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 440 | Жакын көрүп калыпмын | |
| Айланайын жарыктык | ||
| Алтымыш кулач коозу | ||
| Так ошондо тагыпмын | ||
| Эээ бул эмине болучу? | ||
| 445 | деп ошондо калганы | |
| Айтып эми салганы | ||
| Ал аңгыча карасам | ||
| Эшикке чыгып момундай | ||
| Ата кызык тамаша | ||
| 450 | Жети бирдей момундай | |
| Мына ошондо боз үйдү | ||
| Азыр көрүп алгамын | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Ар бириндн кушу бар | ||
| 455 | Көрүп турган ушу бар | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Төөрдөгү боз үйдү | ||
| Алп каракуш момундай | ||
| 460 | Талпынып эми койгондо | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Башын ийет ушулар | ||
| Бөпөлөктөп үндөбөй | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| 465 | Жакшылыкка карасаң | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Эми жоруп койгомун | ||
| Ал эмине болучу? | ||
| - деп ошондо калганы | ||
| 470 | Айтып кебин салганы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Анда Жакып кеп айтат | ||
| Айланайын байбиче | ||
| Кызык экен деп айтат | ||
| 475 | Канча күндөн бер карай | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Өңүмдө да түшүмдө | ||
| Аралашып ишимде | ||
| Эң кызыктуу иш көрдүм | ||
| 480 | Атаңдын көрү дүнүйө! | |
| Мындан бир күн мурдараак | ||
| Мына ошондо түш көрдүм | ||
| Бир көргөндү үч көрдүм | ||
| Бул эмине болчу деп | ||
| 485 | Азыркысын бир куудай | |
| Берейин деп калганбы? | ||
| Чоң кудайдан тилеген | ||
| Келейин деп калганбы? | ||
| Так ошондо барагы | ||
| 490 | Мына ошондо жанагы | |
| Калайыктын өзүнө | ||
| Айтып кепти салалы | ||
| - деп ошентип калыптыр | ||
| Айтып кебин салыптыр | ||
| 495 | Ал аңгыча караса | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Ырас айтат байым деп | ||
| Түшүндүрдүр жайын деп | ||
| Так ошондо сурасаң | ||
| 500 | Атаңдын көрү дүнүйө! | |
| Эми байбиче буйрук берди эле | ||
| Ошо кезде жанагы | ||
| Тогуз бирдей жылкыны | ||
| Азыркысын алдыр деп | ||
| 505 | Ай туягын чалдыр деп | |
| Ошо кезде жанагы | ||
| Ат улуунун баарысын | ||
| Аксакалдап жыйдыр деп | ||
| Калаганын кылдыр деп | ||
| 510 | Ошо кезде жанагы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Жетим менен жесирди | ||
| Бир тойгузуп салгың деп | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 515 | Азыркысын карасаң | |
| Аксакалдын баарына | ||
| Кээ бирөөнүн сөзүндө | ||
| Кээ бирөөнүн оозунда | ||
| Кээ бирөөнүн деминде | ||
| 520 | Кээ бирөөнүн кеминде | |
| Так ошондо сурасаң | ||
| Айтып эми берели | ||
| Жакшылыкка жоруса | ||
| Ошо кезде тилеги | ||
| 525 | Оңдоп чыгып калар деп | |
| Жакшылыкка ушуну | ||
| Жолдоп чыгып алар деп | ||
| Айтып кебин салыптыр | ||
| Айтып аны калыптыр | ||
| 530 | Ал аңгыча караса | |
| Бадалбайга чаптырып | ||
| Мына ошондо айттырып | ||
| Тогуз бирдей жылкыны | ||
| Атаңдын көрү алдырып | ||
| 535 | Ай туягын чалдырып | |
| Кызыл канга малдырып | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Ошолрээки жанагы | ||
| Алтайлыкка барганда | ||
| 540 | Кырк уруу кыргыз эл эле | |
| Кырк түтүн эми кем эле | ||
| Азыркысын сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Аксакалдын баарынан | ||
| 545 | Ак аксакал карыдан | |
| Эми жыйылткан экен ушундан уу | ||
| Ак сакалдын эр келип | ||
| Ээй эчендеген шер келип | ||
| Ак аксакал бөлүнгөн | ||
| 550 | Көк аксакал көрүнгөн | |
| Узун кулак карыдан | ||
| Узун сакал баарынан | ||
| Ак сакалдуу демдүүдөн | ||
| Жазы жаак жалпак тил | ||
| 555 | Жумуру баштуу чеченден | |
| Көптү көргөн көсөмдөн | ||
| Жеке чыгаар жарыштан | ||
| Көптү билген даанышман | ||
| Так ошондо карыдан | ||
| 560 | Эрениң Жакып жыйдырды | |
| Жыйдырганын кылдырды | ||
| Как ошондо туруптур | ||
| Эми мындай кылыптыр | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 565 | Ылайыктуу иш болду | |
| Түндө көргөн түш болду | ||
| - деп ошондо жанагы | ||
| Ашын тартып болтуруп | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 570 | Оюн айтып олтуруп | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Айтар кептен шашпады | ||
| Сарпайыдан кийгизип | ||
| Жер кетпеген жоргодон | ||
| 575 | Ар бирине мингизип | |
| Ок өтпөгөн торкодон | ||
| Ар бирине кийгизип | ||
| Андан кийин сурасаң | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 580 | Ай туяк эми Жамбыдан | |
| Колуна кармап бердирип | ||
| Ойдогусун келтирип | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Кызый-кызый кеп чыгып | ||
| 585 | Сылый-сылай сөз чыгып | |
| Андан кийин олтуруп | ||
| Ой бойуна толтуруп | ||
| Сызылтып кымыз ичишип | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| 590 | Кийген ичип чечишип | |
| Кеп кызыгып калганда | ||
| Кадимкидей тамылжып | ||
| Эт ысышып калганда | ||
| Айтар кептен шашпады | ||
| 595 | Эми Жакып баштады | |
| Айланайын карылар | ||
| Калк бийлеген баарыңар | ||
| Айта турган кебим бар | ||
| Келтире турган эбим бар | ||
| 600 | Эки бирде байбиче | |
| Мына ошондо түш көрдү | ||
| Ага чейин эр Жакып | ||
| Бир көргөнүн үч көрдү | ||
| Ошону жооруп бергиле | ||
| 605 | Ынайыктуу түш болсо | |
| Дегениңе көнөйүн | ||
| Сураганың берейин | ||
| Түштүн башы казандай | ||
| Мойнуң ичке кылдай дейт | ||
| 610 | Кайсы жакка жоруса | |
| Ошол жакка кетичү | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Ылайыктуу түш кылып | ||
| Ошо жакшы иш кылып | ||
| 615 | Эми жоруп бергиле | |
| - деп ошондо калганы | ||
| Айтып кебин салганы | ||
| Ырас айтат макул деп | ||
| Ушунукун акыл деп | ||
| 620 | Как ошондо сурасаң | |
| Ак Балта баштап кары бар | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Ногойдон чалы дагы бар | ||
| Атаңдын көрү Ошпурбай | ||
| 625 | Жылкычысы Бадалбай | |
| Ары жагын сурасаң | ||
| Эчендеген кары бар | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Атаңдын көрү Жамагат | ||
| 630 | Жамагаттан Саламат | |
| Ошол келген чагы бар | ||
| Эним баары дагы бар | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Биз билбеген канча бар | ||
| 635 | Отурган экен аксакал | |
| Ак сакалдуу баарыдан | ||
| Ошол кезде эр Жакып | ||
| Түшүн айтып таштады | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 640 | Жорур киши жок болуп | |
| Мына ошондо баарысы | ||
| Калган экен токтолуп | ||
| Токтолуп турган кезинде | ||
| Аш бышымдай аңгырап | ||
| 645 | Кеп табалбай каңгырап | |
| Канаке эми айтчы деп | ||
| Бирин-бири жөлөшүп | ||
| Бирин-бири сөздөшүп | ||
| Бирин-бири көздөшүп | ||
| 650 | Турган экен момундай | |
| Амал кетип алдырап | ||
| Турган экен момундай | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Оозуна кеп келип | ||
| 655 | Оо сөз кайыптын иши деп | |
| Жараткандын күчү деп | ||
| Мына ошондо дем берип | ||
| Ак Балта сөзүн баштады | ||
| Айтар кептен шашпады | ||
| 660 | Айланайын калайык | |
| Ылайыктуу кеп болсо | ||
| Калайыкка эп болсо | ||
| Ушу түштү жоруюн | ||
| Оңдоптур кудай ишиңди | ||
| 665 | Бериптир оңду түшүңдү | |
| Мындай түштү жанагы | ||
| Адамзат жаралып | ||
| Көрбөсө керек мындайды | ||
| Тартпа Жакып муң кайгы | ||
| 670 | Так ошондо береги | |
| Ошол кезде чөл бүтүп | ||
| Чөл бүткөндө өр бүтүп | ||
| Андан чыгып барыңыз | ||
| Андан чыгып барганда | ||
| 675 | Чокуга чыгып алганда | |
| Жоболоңуз өсөт кен | ||
| Тилегениң бек көктөп | ||
| Жаратканга жетет кен | ||
| Айланайын чокуга | ||
| 680 | Так ошондо барганда | |
| Жерди эми алганда | ||
| Мына ошондо эр Жакып | ||
| Бериптир кудай түшүңдү | ||
| Келтириптир момундай | ||
| 685 | Оңунан эми ишиңди | |
| Ай ааламдын өзүнөн | ||
| Арта турган эр келет | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Жер ааламдын өзүнөн | ||
| 690 | Артыгыраак шер келет | |
| Ушулэрек балаңыз | ||
| Жакшылап эми караңыз | ||
| Так ошондо сурасаң | ||
| Тогуз кабат асмандан | ||
| 695 | Толуп түшкөн жанагы | |
| Ойдогунун баарысы | ||
| Болуп түшкөн береги | ||
| Алп каракуш зымырык | ||
| Айланып учуп алганы | ||
| 700 | Айды жаап калганы | |
| Сол канаты күндү жаап | ||
| Аягы жерге жеткени | ||
| Башы көккө кеткени | ||
| Айың менен күнүңдүн | ||
| 705 | Бир өзүнөн бүткөндөй | |
| Асман менен жериңдин | ||
| Тиресинен бүткөндөй | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Ата кокуй дүнүйө! | ||
| 710 | Арта турган эр келет | |
| Ааламдын өзүнөн | ||
| Артыгыраак шер келет | ||
| Айланайын кулунум | ||
| Ээ бериптир кудай ишиңди | ||
| 715 | Келтириптир оңунан | |
| Так ошондо түшүңдү | ||
| Тогуз кабат асманда | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Толгон күчтүн баарысы | ||
| 720 | Колдоп түшөт турбайбы | |
| Ажыдаар чыгып жериңден | ||
| Жети кабат тегиңден | ||
| Так ошондо келгени | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 725 | Жети кабат кара жер | |
| Кара жердин өзүнө | ||
| Кайыбынын баарысы | ||
| Каптап чыгат турбайбы | ||
| Ата кокуй дүнүйө! | ||
| 730 | Жети кабат кара жер | |
| Астындагы алп эрлер | ||
| Колдоп чыгат турбайбы | ||
| Жакшылыкка ушуну | ||
| Жолдоп чыгат турбайбы | ||
| 735 | Мына ошондо жанагы | |
| Ажыдаар үстүнө | ||
| Колдоп эми калганы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Ушу кезде береги | ||
| 740 | Кара чаар кабылан | |
| Чолок көр жар арыслан | ||
| Ушул жел кайыптын баарынан | ||
| Колдоп жүргөн улуу күч | ||
| Эми жакшылыкка бурулар | ||
| 745 | Ааламга гана даңкың угулаар уу | |
| Мына ошондо кырк бөрү | ||
| Ушу кырк атаң өткөн кыргыздын | ||
| Колдогонуң эмеспи | ||
| Жакшылыкка кырк атаң | ||
| 750 | Жолдогонуң эмеспи | |
| Кырк уруу кыргыз мура журт | ||
| Сыйынып келет турбайбы | ||
| Бир өзүңдүн артыңдан | ||
| Жыйылып келет турбайбы | ||
| 755 | Айланайын Жакыбым! | |
| Мындай түштү жанагы | ||
| Аалам пенде жаралып | ||
| Көрбөсө керек адамдан | ||
| Ото кокуй дүнүйө! | ||
| 760 | Улуулата кеп салсаң | |
| Уламалуу кеп салсаң | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Так ошондо сураса | ||
| 765 | Көкө теңир жараткан | |
| Адам болуп кубулуп | ||
| Көктөн жерге куюлуп | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| Маналуу болуп келүүчү | ||
| 770 | Бир өзүңө берүүчү | |
| Жараткандын ар белги | ||
| Жакшылыкка жолдоптур | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Отуз үч жүз миң ааламда | ||
| 775 | Ошо кезде береги | |
| Кайып үстү баарысы | ||
| Эми бул баланы колдоп | ||
| Туулалек кезинде | ||
| Туура чыгат жолунан | ||
| 780 | Төрөлөлек кезинде | |
| Как ошондо береги | ||
| Арта чыгат оюңдан | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Айланайын эр Жакып | ||
| 785 | Ошол чыгат боюңдан | |
| - деп ошондо Ак Балта | ||
| Кебин айтып эңгиреп | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Эс табалбай кеңгиреп | ||
| 790 | Оо булуң туруп калыптыр | |
| Ал аңгыча Бердике | ||
| Сөзүн улап салыптыр | ||
| Маңдайында көрүнүп | ||
| Эми элеси кетсе бөлүнүп | ||
| 795 | Мына ошондо Чыйырды | |
| Ушурээки байбиче | ||
| Ошол тууйт баланы | ||
| Ата кокуй дүнүйө! | ||
| Көрүнгөнү момундай | ||
| 800 | Ошонун эми карааны | |
| Так ошондо жанагы | ||
| Байбичеңдин түшү экен | ||
| Ээ так ошондо сурасаң | ||
| Ээ көрүп аткан иш экен | ||
| 805 | Андан кийин карасаң | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Алп каракуш болгону | ||
| Ата кокуй дүнүйө! | ||
| Ак өргөөнүн ичине | ||
| 810 | Желпингенде толгону | |
| Ушу байбиченин баласы | ||
| Арта тулуп эр болот | ||
| Телегейи тең болот | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 815 | Азыркысын карасаң | |
| Андан кийин жанагы | ||
| Кардай болгон ак боз үй | ||
| Жетөө бирдей тигилип | ||
| Ар бирине куш конгон | ||
| 820 | Так ошондо туш болгон | |
| Андан кийин жанагы | ||
| Бакдөөлөт тууйт жети уул | ||
| Так ошондо келер деп | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 825 | Тилегенин берер деп | |
| Азыркысын карасаң | ||
| Аганын жолун улантаар | ||
| Баскан жерин кубантаар | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 830 | Жети уул болор деп | |
| Жергеси менен толор деп | ||
| Айтып эми калыптыр | ||
| Азыркынын баарысы | ||
| Бата кылып калыптыр | ||
| 835 | Оңдоптур кудай ишиңди | |
| Келтириптир түшүңдү | ||
| Жараткан эми жар болсо | ||
| Ата-бабаң арбагы | ||
| Көз алдыңда колдосо | ||
| 840 | Оңдоп берсин оңунан | |
| Мына эми берсин чоңунан | ||
| Так ошондо тилеги | ||
| Муң зарыңар келсин деп | ||
| Тилекти эми берсин деп | ||
| 845 | Жалгыз болсо шер болсун | |
| Мына ошондо береги | ||
| Ааламдан артыкча | ||
| Арта турган эр болсун | ||
| - деп ошондо баарысы | ||
| 850 | Бата кылып калыптыр | |
| Аркан жазып алыптыр | ||
| Аны менен караса | ||
| Сүйүнүшүп калыптыр | ||
| Жооруп эми берди деп | ||
| 855 | Ылайыгы келди деп | |
| Ошо кезде карасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Жаагың эми момундай | ||
| Жербеген жорго мингизип | ||
| 860 | Мына ошондо эр Жакып | |
| Сый урматын билгизип | ||
| Жетиден жамбы бериптир | ||
| Так ошондо береги | ||
| Алтындаган сарпайын | ||
| 865 | Эми алып келиптир | |
| Ошо кезде жанагы | ||
| Түшүңөр эми түш келсин | ||
| Түш болбой эми түш болсун! | ||
| Оңунан чыккан иш болсун | ||
| 870 | - деп ошондо баарысы | |
| Батасын кылып салганы | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Эми Жакып мында калганы | ||
| Ай артынан күн өтүп | ||
| 875 | Ай караңгы түн өтүп | |
| Күн артынан күн өтүп | ||
| Күн караңгы түн өтүп | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Байбиченин боюна | ||
| 880 | Как ошондо караса | |
| Бала кирип калыптыр | ||
| Бала кирсе момундай | ||
| Даана кирип калыптыр | ||
| Тар курсагы чоюлуп | ||
| 885 | Баскан сайын чоюлуп | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Баскан жериң оюлуп | ||
| Ата кокуй дүнүйө! | ||
| Үч айга эми толуптур | ||
| 890 | Төрт ай алык болуптур | |
| Байбиченин өзүнө | ||
| Толгоо кирип калыптыр | ||
| Толгоо кирсе неткени | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| 895 | Талгак болуп кетти эми | |
| Азыркысын караса | ||
| Күсөгөнү табылбай | ||
| Ойлогону кабылбай | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 900 | Эмине болуп кетер деп | |
| Аш тамагын жайлатып | ||
| Дасторконун жайнатып | ||
| Бал шекерге карабай | ||
| Башка тамак жарабайт | ||
| 905 | Атаңдын көрү дүнүйө! | |
| Жесем деп жолборс жүрөгүн | ||
| Андан бөлөк самабай | ||
| Так ошондо байбиче | ||
| Ээ адаланып басыптыр | ||
| 910 | Как ошондо береги | |
| Чалкасынан жатыптыр | ||
| Өйдө болуп жүрө албай | ||
| Өйдөп жолгот кире албай | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 915 | Мына ошондо жанагы | |
| Өңүнөн азып байбиче | ||
| Так ошондо сурасаң | ||
| Бүбү менен бакшынын | ||
| Жаман менен жакшынын | ||
| 920 | Алып келип койдуруп | |
| Ойдогусун болдуруп | ||
| Алар эсин табалбай | ||
| Амал кетип алдырап | ||
| Айла түгөп шалдырап | ||
| 925 | Как ошондо туруптур | |
| Амалы кетип куруптур | ||
| Ал аңгыча караса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Мына ошондо чоң мерген | ||
| 930 | Атаңдын көрү дүнүйө! | |
| Ошо кезде береги | ||
| Эрениң эми эр Жакып | ||
| Жетимишин жыйдырды | ||
| Каалаганын кылдырды | ||
| 935 | Ар биринен сурасаң | |
| Сураганын берем деп | ||
| Ошо кезде жанагы | ||
| Ошо кезде Жакыптын | ||
| Алтыны алты там болгон | ||
| 940 | Эсепсиз мунуң бай болгон | |
| Жерге батпай момундай | ||
| Төр түүлүгү жайнаган | ||
| Как ошондо сурасаң | ||
| Жетимиш эми мергенди | ||
| 945 | Туш-тушуна чаптырып | |
| Как ошондо береги | ||
| Жолборс атып алгын деп | ||
| Как ошондо береги | ||
| Атып келе калгын деп | ||
| 950 | Эми кабар айттырды | |
| Как ошондо барыптыр | ||
| Жети күнгө жетпестен | ||
| Жети жолборс жүрөгүн | ||
| Атып келе калыптыр | ||
| 955 | Как ошондо неткени | |
| Азыркысын кеткеми | ||
| Жолборсттун эми жүрөгүн | ||
| Байбичең эми жалмады | ||
| Жеп эми калыптыр | ||
| 960 | Анда дагы талгагы | |
| Талгагы кайдан канганы | ||
| Талгагың эми канбады | ||
| Жети күнү толгондо | ||
| Как ушундай болгондо | ||
| 965 | Жолборсттун жүрөгүн | |
| Мына ошондо береги | ||
| Байбиченин башталды | ||
| Боюндагы күмөнү | ||
| Мына ошондо байбиче | ||
| 970 | Кайра жаман жүдөдү | |
| Амал кетип алдырап | ||
| Как ошондо береги | ||
| Амал кетип шалдырап | ||
| Как ошондо неткени | ||
| 975 | Азыркысын берени | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Кайран эми эр Жакып | ||
| Казына оозун ачтырып | ||
| Карк алтынын чачтырып | ||
| 980 | Бая жетимиш миңдей мергенди | |
| Кайра жыйып келди эми | ||
| Сурагандын баарысын | ||
| Так ошондо берди эми | ||
| Баргылаң эми дагы да | ||
| 985 | Так ошондо береги | |
| Бирден атып келгин деп | ||
| Таап алып момундай | ||
| Көк жалынан аткын деп | ||
| Жетөөсү эми барыптыр | ||
| 990 | Тогуз көк жал бөөрүнүн | |
| Эмиң атып алыптыр | ||
| Алып келип жүрөгүн | ||
| Байбиченин өзүнө | ||
| Эми берип салыптыр | ||
| 995 | Аны дагы жегени | |
| Как ошондо жанагы | ||
| Эми талгагы мынтип каныптыр | ||
| Жети күнгө барганда | ||
| Талгагы кайра жаныптыр | ||
| 1000 | Как ошондо неткени | |
| Балакет басып кетти эми | ||
| Жинди болуп байбиче | ||
| Жеригенден жүдөдү | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 1005 | Жарылчуудай жүрөгү | |
| Азыркысын Жакыптын | ||
| Алы кетти алдырап | ||
| Эси кетти шалдырап | ||
| Жолборсттун жүрөгүн | ||
| 1010 | Как ошондо күсөгөн | |
| Жомокчунун кебинен | ||
| Санжыранын эбинен | ||
| Угуп эми жүрчү элем | ||
| Жолборсттун жүрөгүн | ||
| 1015 | Жесең эми талгагы | |
| Так ошондо басылат | ||
| Кабагың эми ачылат | ||
| Деп ошондо билчи элем | ||
| Жеген сайын ушунун | ||
| 1020 | Талгагы жаман жанбастан | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Жалагыч жутуп алганбы | ||
| Же болбосо балакет | ||
| Ажалга эми калганбы | ||
| 1025 | Келе электе бул бала | |
| Так ошондо нетти деп | ||
| Ошо кезде байбичем | ||
| Эбинен жаман кетти деп | ||
| Минте берип байбиче | ||
| 1030 | Ажалы жетер бекен деп | |
| Өлүп кетсе бекер деп | ||
| Ошо кезде эр Жакып | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Балчылардын өзүнө | ||
| 1035 | Балын эми тарттырып | |
| Төлгөчүнүн өзүнө | ||
| Кабарын эми айттырып | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Далычы далы көрүшүп | ||
| 1040 | Көралбай көзү союлуп | |
| Кармагандын баарысы | ||
| Колу кетип чоюлуп | ||
| Амал кетип алдырап | ||
| Көралышпай жалдырап | ||
| 1045 | Так ошондо турганда | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Амалы кетип курганда | ||
| Ошо кезде сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1050 | Капчалдын Ала-Тоосунда | |
| Как ошондо сурасаң | ||
| Кайыпчынын оозунда | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Ата кокуй дүнүйө! | ||
| 1055 | Ошо кезде Бадалбай | |
| Бадалбайга барыптыр | ||
| Ак сакалчан думана | ||
| Как ошону сураба | ||
| Асмандан түшкөн чоң кыдыр | ||
| 1060 | Эми келип алыптыр | |
| Эбин таппай калды деп | ||
| Эби менен сурасаң | ||
| Кебин таппай калды деп | ||
| Так ошондо Жакыптын | ||
| 1065 | Амалы кетип алдырап | |
| Как ошондо бир өзү | ||
| Кеткен эле жалдырап | ||
| Эртерээк эми барсын деп | ||
| Азыркысын сураса | ||
| 1070 | Ажыдаардын жүрөгүн | |
| Таап алып келсин деп | ||
| Ошону менен сураса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Ажыдаардын жүрөгүн | ||
| 1075 | Жегенден эми талгагы | |
| Так ошондо канат деп | ||
| Күсөөгөнү жанат деп | ||
| Мынтип айтып калыптыр | ||
| Айтып эми салыптыр | ||
| 1080 | Как ошондо жанагы | |
| Ажыдаар кайдан табам деп | ||
| Эми кайда барам деп | ||
| Ажыдаар издеп тутулуп | ||
| Ажалга минтип момундай | ||
| 1085 | Кете албай эми кутулуп | |
| Балакетке каламбы | ||
| Эми кайдан табамбы | ||
| Же болбосо байбиче | ||
| Ажырап мындан каламбы | ||
| 1090 | Атаңдын көрү дүнүйө! | |
| Байбиченин ичинде | ||
| Төрөлелек баласы | ||
| Жин шайтанбы адамбы | ||
| Эмине болгон шумдук деп | ||
| 1095 | Эми кандай кылдык деп | |
| Периден келген өзүбү | ||
| Же болбосо береги | ||
| Балакеттин көзүбү | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1100 | Эмине болгон шумдук деп | |
| Эми кандай кылдык деп | ||
| Издей албай таба албай | ||
| Амалы кетип алдырап | ||
| Эси кетип жалдырап | ||
| 1105 | Баягы жетимиш миңдей мергенчи | |
| Баарың бирдей бери келчи | ||
| - деп ошондо жыйыптыр | ||
| Каалаганын кылыптыр | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1110 | Аз болгондо жанагы | |
| Алты аттан бериптир | ||
| Дегенине көнүптүр | ||
| Мына ошондо алтындан | ||
| Жакалуу тондон кийгизип | ||
| 1115 | Сый урматын билгизип | |
| Не болсо да жанагы | ||
| Өлсөң дагы талсаң да | ||
| Өөдө жерге барсаң да | ||
| Арга жолдо калсаң да | ||
| 1120 | Ажыдаар атып келгиле | |
| Таап алып жүрөгүн | ||
| Байбичеге бергиле | ||
| - деп ошондо издетип | ||
| Басар жолун түздөтүп | ||
| 1125 | Эми жолго салыптыр | |
| Жетимиши жанагы | ||
| Олжого мындай тулдук деп | ||
| Эми кандай кылдык деп | ||
| Эми кайда барабыз | ||
| 1130 | Ажыдаарды биз издеп | |
| Эми кайдан табабыз | ||
| - деп ошондо жанагы | ||
| Чөлдүн үстүн кыдырып | ||
| Жердин үстүн сыдырып | ||
| 1135 | Тоонун үстүн кыдырып | |
| Түзөңгү жерди кыдырып | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Ат боройлоп сыдырып | ||
| Ааламдын жүзүн кыдырып | ||
| 1140 | Эчендеген жер чалып | |
| Эчендеген бел чалып | ||
| Ашууң ашып таш басып | ||
| Оролдун бери тоосуна | ||
| Ошо кезде жанагы | ||
| 1145 | Кайыптуу тоонун оозуна | |
| Ошо жерге барыптыр | ||
| Канча күндө билбеймин | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1150 | Барган адам дүрбөгөн | |
| Кирип адам жүрбөгөн | ||
| Тирүү пенде барбаган | ||
| Барган аман калбаган | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| 1155 | Жети баштуу ажыдаар | |
| Жалгыз баштуу арам бар | ||
| Балакеттүү шор деген | ||
| Казып койгон нор деген | ||
| Так ошонун өзүнө | ||
| 1160 | Мына ошондо жанагы | |
| Оролдун бери тоосунда | ||
| Айлампалуу Ала-Тоо | ||
| Так ошонун оозунда | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1165 | Түнөктөп гана жаткан ажыдаар ооо | |
| Уламадан угуптур | ||
| Билгичтерден бек сурап | ||
| Ошондон кабар угушуп | ||
| Эми барсаң ажыдаар | ||
| 1170 | Ок тартып коёр бекен деп | |
| Жети баштуу ажыдаар | ||
| Жеп эми мындан сорор деп | ||
| Как ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1175 | Мына ошондо жанагы | |
| Басар жолун издешип | ||
| Ажыдаардын тоосуна | ||
| Эми жолун түздөшүп | ||
| Ошо жердин өзүндө | ||
| 1180 | Мына ошондо кабылып | |
| Так ошондо табылып | ||
| Жаткан жери момундай | ||
| Так ошондо кородой | ||
| Конгон жери ородой | ||
| 1185 | Атаңдын көрү дүнүйө! | |
| Баскан изи шородой | ||
| Балакеттүү чоң дүмүк | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Канча кыйын эр жүрөк | ||
| 1190 | Барып аман тутулуп | |
| Кете албастан кутулуп | ||
| Ажал таап өлүшкөн | ||
| Оо дүйнөнү көрүшкөн | ||
| Ошо жерде жанагы | ||
| 1195 | Жетимиш мерген бөлүнүп | |
| Жабалактап барыптыр | ||
| Айлампа сонун бурчукка | ||
| Оңурайган жанагы | ||
| Айламта тоонун тумшукка | ||
| 1200 | Как ошшондо конуптур | |
| Ажыдаар келип конуптур | ||
| Ажыдаар келип болуптур | ||
| Болгонунда жанагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1205 | Жетимиши залп атып | |
| Как ошондо жанагы | ||
| Жетимиши жалпы атып | ||
| Аз болгондо жанагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1210 | Жети жолдон атышты | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Эми карап жатышты | ||
| Ошо кезде ажыдаар | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1215 | Атканында жанагы | |
| Оозунан от чыгып | ||
| Илебинен чок чыгып | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| Жаман тоңдон ажырап | ||
| 1220 | Атаңдын көрү дүнүйө! | |
| Ушу кезде куралы | ||
| Бүтүн күйүп өлүптүр | ||
| Ажыдаар кайдан өлгөнү | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 1225 | Атаңдын көрү шумдукту | |
| Мергендер эми көргөнү | ||
| Ажыдаардын өзүнө | ||
| Өлө турган болгондо | ||
| Ажыдаарга тутулуп | ||
| 1230 | Чын дүнүйө момундай | |
| Көрө турган болгондо | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| Ал жол жолуна табылган | ||
| Бадалбайдын өзүнө | ||
| 1235 | Кайыбынан кабылган | |
| Ажыдаар таап алсын деп | ||
| Айтып барган жанагы | ||
| Дубана пайда болуптур | ||
| Өзү кыдыр чоң кыдыр | ||
| 1240 | Мына ошондо жанагы | |
| Көктөн эми имерип | ||
| Чагылган отун жиберип | ||
| Чагылган менен аткылап | ||
| Найзагай менен таш буулап | ||
| 1245 | Как ошондо карасаң | |
| Ажыдаар минтип өлүптүр | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Өлгөнүн эми мергендер | ||
| Анык баалап көрүптүр | ||
| 1250 | Жарып эми алыптыр | |
| Жанына жакын баралбай | ||
| Жети күнү момундай | ||
| Уусу тарап кетсин деп | ||
| Алысыраак калыптыр | ||
| 1255 | Так ошондо жанагы | |
| Жети күнү болгондо | ||
| Ичин жарып алыптыр | ||
| Жүрөгүн алып алышып | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| 1260 | Отуз күнү болгондо | |
| Аман кайра барышып | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Ажыдаардын жүрөгүн | ||
| Алып келип жанагы | ||
| 1265 | Байбичеге бериптир | |
| Өңдөн азып байбиче | ||
| Жинди болгон эмедей | ||
| Байлап балдуу көзү ачык | ||
| Билги болгон эмедей | ||
| 1270 | Өңдөн азган байбиче | |
| Так ошондо жанагы | ||
| Ажыдаардын жүрөгүн | ||
| Эми жээп алганда | ||
| Талгагы кетип басылып | ||
| 1275 | Өңүнө чыкты байбиче | |
| Так ошондо кулпурум | ||
| Жүзүнө келди байбиче | ||
| Как ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1280 | Көргөн адам кеп айтып | |
| Көрүнгөн адам бек айтып | ||
| Эмине болгон шумдук деп | ||
| Мунун туур баласы | ||
| Балакетти дүмөктөп | ||
| 1285 | Атаңдын көрү дүнүйө! | |
| Табылбай эми жүрөк деп | ||
| Өлүп кала таштадык | ||
| - деп ошондо мергендер | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1290 | Аман-эсен келгендер | |
| Ошо кезде жанагы | ||
| Уламалуу кеп кылып | ||
| Кыдырдын эми көргөнүн | ||
| Узун сабаа кеп кылып | ||
| 1295 | Улап-улап айтышып | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Эне бою балкышып | ||
| Байбиче качан тууйт деп | ||
| Аны күтүп жатышты | ||
| 1300 | Так ошондо жанагы | |
| Чоң үчкүгө батышты | ||
| Ошо кезде сурасаң | ||
| Тогуз айы толуптур | ||
| Тогуз күнү болуптур | ||
| 1305 | Ошо кезде байбиче | |
| Туур күнү болуптур | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Туур күнү болгондо | ||
| Тогосу эми башталды | ||
| 1310 | Так ошондо жанагы | |
| Өйдө болсо бели ооруп | ||
| Эки кара саны ооруп | ||
| Бүткөн бойдун баары ооруп | ||
| Кыймылдаса жанагы | ||
| 1315 | Эне бою былкылдап | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Өөдө бойдун баарысы | ||
| Ажырап эми кетти дейт | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1320 | Устаканы бөлүнүп | |
| Чыга жаалы жетчидей | ||
| Так ошондо байбиче | ||
| Көзүнүн жашы төгүлүп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1325 | Табылгы түбүн карманып | |
| Жаратканга жалбарып | ||
| Дооло түбүн карманып | ||
| Так ошондо береги | ||
| Ата-бабаң арбагы | ||
| 1330 | Колдой көр деп жалбарып | |
| Дабылгы түбүн кармаса | ||
| Бекемирээк болор деп | ||
| Тоодо түргүн кармаса | ||
| Күчтүү бала туар деп | ||
| 1335 | Аны менен караса | |
| Ырымын мындай кылдырды | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Эки күнү болгондо | ||
| Эби кетип байбичең | ||
| 1340 | Эстен танып алдырап | |
| Кеби кетип байбиче | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Балада курсак чирелсе | ||
| Курсактагы баласы | ||
| 1345 | Кадимкидей тирелсе | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Белдемчинин тигиши | ||
| Беш жеринен үзүлүп | ||
| Байбиче көзү сүзүлүп | ||
| 1350 | Анан сайын анталап | |
| Жаратканга санталап | ||
| Так ошондо жалбарып | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Менин жанымды жээчү балабы? | ||
| 1355 | Жарып ичтен алабы | |
| Же жарып жесир калабы | ||
| - деп ошентип жанагы | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Мына ошондо эр Жакып | ||
| 1360 | Байбичени көргөндө | |
| Ак өргөөнү көтөрүп | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Көтөргөндө киргизип | ||
| Сый урматын билгизип | ||
| 1365 | Бүбү менен бакшыны | |
| Жаман менен жакшыны | ||
| Жыйып эми турду эле | ||
| Аралаш ырым кылды эле | ||
| Ырымын кылып жалбарып | ||
| 1370 | Так ошондо береги | |
| Аз да жараткандын өзүнө | ||
| Арызын айтып турушту | ||
| Ырымын мындай кылышты | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1375 | Так ошондо жанагы | |
| Кыз келиндин баарысы | ||
| Эми минтип барышып | ||
| Жандалбастап суу үркүп | ||
| Азыркысын калышып | ||
| 1380 | Үчүнчү күнү болгондо | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Айкайын укса байбиче | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Анча мынча жүнү бош | ||
| 1385 | Эми жанда түңүлдү | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Кыз келиндин баарысы | ||
| Өөдө-төмөн жүгүрүп | ||
| Ээси кетип алдырап | ||
| 1390 | Эс табалбай жалдырап | |
| Как ошондо жанагы | ||
| Төртүнчү күнү болгондо | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Кереге түбүн карманып | ||
| 1395 | Мына ошондо береги | |
| Келиштире жарбарып | ||
| Умай эне Улукман | ||
| Уялбай ичин оңдотуп | ||
| Мына ошондо байбиче | ||
| 1400 | Жакшылыкка жолдотуп | |
| Бешинчи күнү болгондо | ||
| Так ошондо береги | ||
| Ата кокуй белим деп | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 1405 | Көзгө ажал көрүнүп | |
| Көөңүлү бөлүнүп | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Эс табалбай алдырап | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1410 | Бакаңды бермап? бакырды | |
| Бүбү менен бакшыны | ||
| Эми эсин койбой чакырды | ||
| Ата түндүктү кармап түйүлдү | ||
| Эми көргөндөр жандан түңүлдү | ||
| 1415 | Алтынчы күнү болгондо | |
| Ай аябай толгондо | ||
| Айланайын байбиче | ||
| Алдан сайын жанагы | ||
| Ай кайы катуу дуу болду | ||
| 1420 | Так ошондо жанагы | |
| Баскан жери чуу болду | ||
| Как ошондо нетти деп | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Айлы калбай энтелеп | ||
| 1425 | Ээси кетип жалдырап | |
| Эс табалбай алдырап | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Жетинчи күнү болгондо | ||
| Ошо кезде эр Жакып | ||
| 1430 | Ак сар башы төө айтып | |
| Ай туякка бээ айтып | ||
| Айракөчтөн төө айтып | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Ай эми деп? уй айтып | ||
| 1435 | Мына ошондо жанагы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| А Чолпон Ата тукуму | ||
| Ак сар башы кой айтып | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| 1440 | Курман кылып ушуну | |
| Жетим менен жесирге | ||
| Мына ошондо мискинге | ||
| Садага кылып таратып | ||
| Жан жанына каратып | ||
| 1445 | Садагасын тарттырып | |
| Сар улагын чаптырып | ||
| Ырымын эми кылдырып | ||
| Так ошондо турду эле | ||
| Амалы кетип курду эле | ||
| 1450 | Ошо кезде береги | |
| Сегизинчи күнү толуптур | ||
| Мына мындай болуптур | ||
| Байбичени караса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1455 | Баскан жери оюлуп | |
| Кармаганы чоюлуп | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Жандан эми тоюнуп | ||
| Өлө турган болуптур | ||
| 1460 | Атаңдын көрү дүнүйө! | |
| Ажалы келип чоң мүшкүл | ||
| Көрө турган болуптур | ||
| Мына ошону көргөндө | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1465 | Ээ кырк сегиз катын жабылды | |
| Жанагы чыдай камынды | ||
| Жыйырма төрттөн бөлүндү | ||
| Кызыгы мындай көрүндү | ||
| Кыл арканын артышып | ||
| 1470 | Басаң эми курсактан | |
| Мына ошондо тартышып | ||
| Тарткын эми тарткын деп | ||
| Как ошондо сурасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1475 | Минтип эми жан бөлүп | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Абалы кетип алдырап | ||
| Ээси кетип жалдырап | ||
| Тогузунчу күнүндө | ||
| 1480 | Атаңдын көрү эр Жакып | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Токсон бирдей мергенди | ||
| Азыркысын жыйдыйрды | ||
| Ырымын мындай кылдырды | ||
| 1485 | Атаңдын көрү дүнүйө! | |
| Ошо кезде береги | ||
| Көккө эми сундуруп | ||
| Тосону бирдей залп атып | ||
| Как ошондо сурасаң | ||
| 1490 | Тогуз жолу жанагы | |
| Асманды көздөй аттырып | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| Жыкаранын баары чачылсын | ||
| Агы кетип ачылсын | ||
| 1495 | Так ошондо жанагы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Мына ошондо будалап? | ||
| Каранын баарын кубалап | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| 1500 | Жакшылыкка берсин деп | |
| Эми жараткан бала берсин деп | ||
| Как ошондо сурасаң | ||
| Кырк кара боз быштыны | ||
| Кыдырата байлатып | ||
| 1505 | Кыракан эми шайлатып | |
| Азыркысын сурасаң | ||
| Кыз болсоң үйдө калгыла | ||
| Кыймылдабай момунда | ||
| Эркек болсо баргыла | ||
| 1510 | Талаадан мени тапкыла | |
| Мына ошондо береги | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Эртерээк эми жеткиле | ||
| Сүйүнчү деп кеткиле | ||
| 1515 | Атаңдын көрү курган жан | |
| Эркек бекен кыз бекен | ||
| Аныгын билип алгыла | ||
| Андан кийин баргыла | ||
| Эркек тууса момундай | ||
| 1520 | Анда Кудай бергениң | |
| Эгер эми кыз тууса | ||
| Балакет гана башка да келген уу | ||
| Башка чукак мен элем | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 1525 | Эркек тууп койсо эгер | |
| Ээ мына ошондо жанагы | ||
| Кулап кетип жүрбөйүн | ||
| Кулап кетсем эгерде | ||
| Ар ким шылдың кылбасын | ||
| 1530 | Атакебиз куулап калды деп | |
| Кыз келиндин баарысы | ||
| Шылдың кылып турбасын | ||
| Өлсөм дагы талсам да | ||
| Жыгылсам да калсам да | ||
| 1535 | Ээн жерге барайын | |
| Эмне болсо анысын | ||
| Ошондон угуп алайын | ||
| деп ошондо эр Жакып | ||
| Тоону көздөй салыптыр | ||
| 1540 | Камбар боздун үйрүнө | |
| Аттанып үйрүп алыптыр | ||
| Ал аңгыча жанагы | ||
| Мына ошондо айылы | ||
| Ошо жерде калыптыр | ||
| 1545 | Кыз-келиндин баарысы | |
| Кырк-сегизи жабылып | ||
| Сууну бүркүп камынып | ||
| Ал да Кудай берсин деп | ||
| Оо жараткан Теңирим | ||
| 1550 | Мына ошондо жардамга | |
| Өзүң эми келсин деп | ||
| Тогуз кабат асмандын | ||
| Күчү колдоп турсун деп | ||
| Жети кабат кара жер | ||
| 1555 | Бүтү колдоп турсун деп | |
| Мына ошондо жел кайып | ||
| Булу татф буруккан ? | ||
| Аның колдоп турсун деп | ||
| Ата кокуй дүнүйө! | ||
| 1560 | Ырымын мындай кылышты | |
| Ырым кылып турушту | ||
| Ал аңгыча караса | ||
| Умай эне Улукман | ||
| Мына ошондо сурасаң | ||
| 1565 | Эми келдиң улуктан | |
| Азыркысын караса | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Жантууда жаткан балага | ||
| Жанына жакын барганы | ||
| 1570 | Карында жаткан баланын | |
| Как ошондо камыны | ||
| Чыгарылбай калганы | ||
| Чыккын эми баланы | ||
| - деп ошондо баланы | ||
| 1575 | Мына ошондо береги | |
| Урутту көздөй уруптур | ||
| Мына ошондо баланы | ||
| Тышты көздөй кууптур | ||
| Анда бала кеп айтат | ||
| 1580 | Барбаймын эми талаага | |
| Так ошондо өзүмдүн | ||
| Ырысым кайда деп айтат | ||
| Ырысың сенин элде деп | ||
| Мына ошондо береги | ||
| 1585 | Кыйнай бербей энеңди | |
| Так ошондо береги | ||
| Эртерээк эми чыккын деп | ||
| Айтканымды уккун деп | ||
| Как ошондо калганы | ||
| 1590 | Калкым менин кайда деп | |
| Балаң айтып салганы | ||
| Калкың сенин калкта деп | ||
| Элиң сенин элде деп | ||
| Элиң сенин жерде деп | ||
| 1595 | Как ошондо береги | |
| Ушуреки турмушка | ||
| Келгин эми кыргызга | ||
| Деп ошондо калганы | ||
| Айтып эми салганы | ||
| 1600 | Ал аңгыча жанагы | |
| Урутту барып уруптур | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Азыркысын бул бала | ||
| Карынды катуу сүзгөнү | ||
| 1605 | Мына ошондо түшкөнү | |
| Азыркысын карасаң | ||
| Эки колун толтура | ||
| Кан чеңгелдеп түшкөнү | ||
| Мына ошондо карасаң | ||
| 1610 | Атаңдын көрү байбиче | |
| Эстен ооп кетиптир | ||
| Ажалың эми жетиптир | ||
| Как ошондо береги | ||
| Марту басып кетти деп | ||
| 1615 | Байбичеге нетти деп | |
| Катындын баары жабылып | ||
| Жаны калбай камынып | ||
| Сууну алып бүркүшүп | ||
| Так ошондо дүрбүшүп | ||
| 1620 | Мына булар минтип калганы | |
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Эсине эми байбиче | ||
| Ошо кезде алганы | ||
| 1625 | Ал аңгыча караса | |
| Бала жерде калыптыр | ||
| Аркасында баланын | ||
| Айдай кара жалы бар | ||
| Оң далынын астында | ||
| 1630 | Алакандай калы бар | |
| Оозун ачып караса | ||
| Эки чыккан азуу бар | ||
| Так ошондо береги | ||
| Маңдайы жазы башы кууш | ||
| 1635 | Бар боюнда турат туш | |
| Кочкор тумшук кош кирпик | ||
| Көркү калча көзү тик | ||
| Жалаяк ооз жар кабак | ||
| Жаагы жазы ээги узун | ||
| 1640 | Бил мүчөлүү бадырек | |
| Эр мүнөзү көрүнөт | ||
| Алакан жазып кол ачып | ||
| Шер мүнөзү көрүнөт | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| 1645 | Оозунда Манастын | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Эки чыккан азуу бар | ||
| Оң бөлтөктүн астында | ||
| Манас деген жазуу бар | ||
| 1650 | Аны көрүп алыптыр | |
| Айран азыр калыптыр | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Иши кетип оңолду | ||
| Оң бөлтөктүн астында | ||
| 1655 | Манас деген жазуусу | |
| Азыркысын жоголду | ||
| Так ошондо неткени | ||
| Байбичеге момундай | ||
| Эс-акыл кирип жетти эми | ||
| 1660 | Балам кайда экен деп | |
| Мына ошондо жанагы | ||
| Сөзүн салып кетти эми | ||
| Ал аңгыча баланы | ||
| Как ошондо карасаң | ||
| 1665 | Чочогу жатат чормоюп | |
| Как ошондо береги | ||
| Өзү жатат болтоюп | ||
| Баркырап бала ыйласа | ||
| Тай чабым жерге уулду | ||
| 1670 | Анча-мынча катындар | |
| Эси кетип жыгылды | ||
| Ээ так ошондо береги | ||
| Баланы алып бергин деп | ||
| Эми айтып калганы | ||
| 1675 | Бердикенин катыны | |
| Безилдеп баса барганы | ||
| Мына ошондо баланы | ||
| Эми жерден алганы | ||
| Көтөрө албай ошондо | ||
| 1680 | Көлтөктөп чочуп калганы | |
| Ал аңгыча карасаң | ||
| Ак Балтанын катыны | ||
| Ал да жетип барганы | ||
| Экөө бирдей момундай | ||
| 1685 | Ал алышпай калганы | |
| Ээ көзү тийип кетет деп | ||
| Ошо кезде катындар | ||
| Ээ сөзү тийип кетет деп | ||
| Мына ошондо жанагы | ||
| 1690 | Бакдөөлөт басып барыптыр | |
| Этегине салыптыр | ||
| Этегине салганда | ||
| Таманынан эки ээли | ||
| Жерге кирип калыптыр | ||
| 1695 | Как ошондо билдирбей | |
| Азыркысын барагы | ||
| Жамандарга сездирбей | ||
| Бакдөөлөт алып барганы | ||
| Как ошондо жанагы | ||
| 1700 | Кайран энең Чыйырды | |
| Өзүнө бере салганы | ||
| Мына ошондо Чыйырды | ||
| Азыркысын карасаң | ||
| Майдан алып келгин деп | ||
| 1705 | Мына ошондо жанагы | |
| Үч карынды момундай | ||
| Үч кайтара салыптыр | ||
| Ошол кезде бул бала | ||
| Үч карындын майларын | ||
| 1710 | Чай кайнам калбай момундай | |
| Эми соруп алыптыр | ||
| Ошо кезде береги | ||
| Кайран энең момундай | ||
| Ырымын мындай кылган соң | ||
| 1715 | Оң эмчегин салганы | |
| Адегенде уз чыкты | ||
| Андан кийин сүт чыкты | ||
| Андан кийин кан чыкты | ||
| Чыдай албай энеңден | ||
| 1720 | Кадимкидей жан чыкты | |
| Так ошондо жанагы | ||
| Айланайын энекең | ||
| Ошондо союп жентекке | ||
| Ээ мына ошондо береги | ||
| 1725 | Эркелетип тентекти | |
| Азыркысын карасаң | ||
| Атаңдын көрү дүнүйө! | ||
| Жетим менен жесирге | ||
| Ачык менен мискинге | ||
| 1730 | Таратып эми салганы | |
| Ырымын мындай кылыптыр | ||
| Так ошондо жанагы | ||
| Азыркысын караса | ||
| Ээ колдогондун баарысы | ||
| 1735 | Колтугунда чамынат | |
| Жөлөгөндүн баарысы | ||
| Жайнай салып камынат | ||
| Колдогону кырк-тогуз | ||
| Жайнай басып билинет | ||
| 1740 | Так ошондо баланын | |
| Сүрү мынча көрүнөт | ||
| Анча-мынча катындар | ||
| Ичи бузук жамандар | ||
| Көрө албаган арамдар | ||
| 1745 | Жанына эми баралбай | |
| Азыркысын карасаң | ||
| Баланы эми алалбай | ||
| Ээ чекесинен сүйө албай | ||
| Так ошондо баланы | ||
| 1750 | Үстүнө басып кире албай | |
| Так ошондо коркоктор | ||
| Үч төмөндөп жыгылды | ||
| Мына ошондо береги | ||
| Эси чыгып момундай | ||
| 1755 | Азыркысын карасаң | |
| Мындай болду кылыгы | ||
| Так ошондо туруптур | ||
| Ээ мына ошондо береги | ||
| Баласы мындай болуптур | ||
| 1760 | Эми айтылып оозго толуптур уу |