American University of Central Asia - AUCA - Transcription 1

Doolot Sydykov - Transcription One

 

D1

Doolot Sydykov, 'Birth of Manas', recorded 16 February 2018

Audiovisual recording by Kamila Baimuratova [available here]

Transcription below by Alymkan Jeenbekova

 

    Ээй Атаң Жакып кайгырып
    Кара жандын өзүнөн
    Кетүүчүдөй айрылып
    Өөдө болосоң көлөктөп
5   Ылдый болсо жөлөктөп
    Ала сакал калганда
    Алтымышка чукулап
    Атакең Жакып барганда
    Артында туяк жок болуп
10   Мына ошондо атакең
    Көпкө капа топтолуп
    Көп кайгырып бөлүнүп
    Эрдемсинген атаңдын
    Көзүнөн жашы төгүлүп
15   Көрүнгөндөн кеп угуп
    Куу баш тагып деп угуп
    Ар кимден айың кеп угуп
    Ушул эки карыганда
    Туяксыз болду деп угуп
20   Атаңдын көрү бу дүйнө
    Оо жараткан бу дүйнө
    Кай жериңден жаздым деп
    Жараткандын өзүнөн
    Не күнө кылып салдым деп
25   Жан-жаныбар макулук
    Текши бала бердиң деп
    Ушул эки жараткан
    Мына ошондо чоң үшкүл
    Бу дүйнөдөн көрдүм деп
30   Эсепсиз жыйган сан кара
    Айдаса бүгүн дд
    Жыйылып жаткан сан кара
    Кыйкырса бир күн жолу ку
    Аталап эми чыгарга
35   Малды айдап жыйарга
    Жалгыз туяк жок болду
    Көңүл оору шок болду
    Алоолонуп курган жан
    Күйүп жүрө от болду
40   Оо жараткан кудурет!
    Кай жерден жаздым бул ирет
    Айланайын жараткан
    Бар экениң чын болсо
    Он сегиз миң ааламга
45   Кан экениң чын болсо
    Отуз жүз миң опсуздун
    Ушул эрки ааламды
    Бийлегениң чын болсо
    Ушул эрки жараткан
50   Кара мүртөз жаманга
    Ага да бала бердиң деп
    Жамандык кылган жерим жок
    Айланайын жараткан
    Мага да бала бергин деп
55   Өзөлөнүп көп ыйлап
    Өзгөчө Жакып бек ыйлап
    Топту көрсө баралбай
    Додолонгон тобуна
    Толукшуп кебин сала албай
60   Жыйынды көрсө баралбай
    Жыйылып турган жыйынга
    Жылдыздуу кебин сала албай
    Айла кетип үмөрүп
    Акыл кетип түгөнүп
65   Ошондо Жакып туруптур
    Амалы кетип куруптур
    Эрен Жакып атаңыз
    Капаланып кайгырып
    Мына ошондо байбиче
70   Атты токуп берчи деп
    Канаң эми Бакдөөлөт
    Экинчи ушул катыны
    Мына ошондо сурасаң
    Эр Жакыптын жакыны
75   Кымыз алып келчи деп
    Экөөнү жумшап калыптыр
    Айтып кебин салыптыр
    Экөөң бир балага жарабай
    Согончогуң канабай
80   Кордук кылдың аябай
    Өөдө болсом бүгүлүп
    Карылык көзгө көрүнүп
    Атанын жолун улантып
    Аталар чыгар кубантып
85   Мында туяк жок болду
    - деп ошондо Жакыптын
    Көңүлү күйүп от болду
    Айтып кебин чунаңдап
    Мына ошондо жанагы
90   Экөөнү бирдей жемелеп
    Кара жерди тебелеп
    Эми жолго салыптыр
    Жылкыга жүрүп алыптыр
    Жылкыга бара жатканда
95   Как ошондо сурасаң
    Аземил суунун боюнда
    А саздын берин боюнда
    Үбүл токой жегинде
    Үрмө суунун белинде
100   Ошол кезде караса
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Түшүндө эмес өңүндө
    Эр Жакыптын өзүнө
    Көрүнгөн экен кырк бала
105   Кырк баланы караса
    Мына ошондо сурасаң
    Жайдак айгыр коштогон
    Жал арыстан окшогон
    Жаалданып киргенде
110   Алдынан пенде тоспогон
    Жалаң өңчөй тон кийген
    Мына ошондо тулпары
    Жалаң бээ дөө ат минген
    Азыр колдорунда шумкары
115   Мына ошондо Жакыптын
    Бара жаткан жолунда
    Ордо атышып ойношуп
    Ата кокуй кызыкты
    Булар минтип салыптыр
120   Жыйырмадан бөлүнүп
    Кырктама чийип ордо атып
    Эр Жакыптын көзүнө
    Турган экен көрүнүп
    Ал аңгыча караса
125   Алтындан кылган тактада
    Такты үстүндө пактада
    Как ошондо сураса
    Аю талпа как үстөн
    Так ошонун үстүндө
130   Мына ошондо зор бала
    Кырк баладан чоң бала
    Эки жагын каранып
    Эрди мурду жаланып
    Бир жагында караса
135   Кара чаар кабылан
    Капталында чамынат
    Чоло көк жал арсылан
    Жайнай басып бөлүнөт
    Колдогону кырк бөөрү
140   Аркасында көрүнөт
    Алп кара куш зымырык
    Төбөдөн бутун салыптыр
    Ажыдаары маржылдан
    Алды жакты тактанын
145   Оролуп жатып алыптыр
    Мына ошондо жанагы
    Ордо аткан оюнга
    Как ошондо атакең
    Эми келип кезикти
150   Ошо кезде жанагы
    Өз Жакыпты көргөндө
    Кырк балаң оюн таштады
    Аталап айтып баштады
    Арыбаңыз ата деп
155   Жалпы салам бергени
    Жанына басып келди эми
    Так ошондо жанагы
    Бар болгула балдарым
    - деп ошондо эр Жакып
160   Булардын көзүн көргөнү
    Балам деп айтып алыптыр
    Как ошондо жанагы
    Ошо кезде эр Жакып
    Балам менин жок эле
165   - деп ошондо ойлонуп
    Эми оюна Жакып алыптыр
    Ал аңгыча караса
    Мына ошондо жанагы
    Төөдөй болгон алтын так
170   Алтын тактын үстүнөн
    Ошондо бала жанагы
    Түшкөн экен жүгүрүп
    Алдына келди Жакыптын
    Мына ошондо сүйүндөп
175   Азыркысын күлүңдөп
    Мына ошондо караса
    Эми туруп кеп айтат
    Ой атаке деп айтат
    Ата десе Жакыптын
180   Эт жүрөгү эзилип
    Мына ошондо береги
    Эбегейиң эзилип
    Эт жүрөгү кесилип
    Эми не деп турат деп
185   Жакып оюн жыйгыча
    Жана кепти куруптур
    Аталап айтып туруптур
    Айланайын атаке!
    Көп кайгыра бербеңиз
190   Мына ошондо атаке
    Тогуз айы толгондо
    Тогуз күндүү болгондо
    Үйүңдүн келем төрүнө
    Төрөлүп ата келемин
195   Ушуреки калкыңа
    Мына ошондо атаке
    Эп этпей жардам беремин
    Ушуреки кыргыздын
    Аккан жашын тыямын
200   Чачылганын жыямын
    Айланайын атаке!
    Ата болом өзүңө
    Мына ошондо жанагы
    Бата болом сөзүңө
205   Бала болом өзүңө
    Айланайын атаке!
    Көп кайгыга салбаңыз
    Так ошондо бере көр
    Азыр өзүңүздү кармаңыз
210   Кайрылып үйгө барыңыз
    Мына ошондо жанагы
    Көргөн менен билгенди
    Жан кишиге билгизбей
    Ата курмандыкты чалыңыз
215   - деп ошондо жанагы
    Балаң айтып калыптыр
    Аны көрүп алганда
    Мына ошондо эр Жакып
    Акылынан таныптыр
220   Эмне деп айтып жатат деп
    Как ошондо караса
    Эки көздөн аккан жаш
    Ителгидей кайран күч
    Жакыбың ирмебей көзгө жаш алып
225   Сан санаага мат алып
    Айтар көздөн такалып
    Так ошондо сурасаң
    Эми мындай кылып турганда
    Амал кетип курганда
230   Караса көзгө илинбей
    Кайда экени билинбей
    Кайып болду кырк бала
    Кайып болуп кеткени
    Мына ошондо жанагы
235   Жылкыга эми барбастан
    Үйүнө жакын кетти эми
    Как ошондо жанагы
    Күгүм кире күн бата
    Үйүнө барып жетти эми
240   Как ошондо караса
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Кара карыш салынып
    Жаратканга жалынып
    Жайнай басып бөлүнүп
245   Көзүнүн жашы төгүлүп
    Эми жете барыптыр
    Эми жете барганда
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Эки бирдей байбиче
250   Чылбырынан алыптыр
    Мына ошондо жанагы
    Атын байлай салыптыр
    Үйүнө Жакып кириптир
    Капаланып келгени
255   Мына ошондо байбиче
    Азыркысын билиптир
    Сурабастан сурасаң
    Как ошондо сурасаң
    Мына ошондо көлдөлөң
260   Тура кантып абаңды
    Мына ошондо тушуна
    Эми салып берди эле
    Көлдөлөңдүн өзүнө
    Эрен Жакып келди эле
265   Көбөлөнүп жыгылды
    Мына ошондо береги
    Жыгылганда Жакыпты
    Уйкуга көзү илинди
    Уктаганы билинди
270   Уктап атып түш көрдү
    Мына ошондо эр Жакып
    Бир көргөнүн үч көрдү
    Үч көрбөсө нетиптир
    Ошо кезде береги
275   Эми кайыптан гана аялы жетиптир уу
    Ээ байбичем эмне болду деп
    Уу как ошондо карасаң
    Ээ кайдагары эр Жакып
    Ойлоп койгон жери жок
280   Оюн эми булары
    Ээ толгоп койгон жери жок
    Уйкуга көзү илинип
    Уктаганы билинип
    Как ошондо карасаң
285   Ошо көргөн түшүндө
    Мына ошондо эр Жакып
    Ээ чөлдө ара жатыптыр
    Чөлдө ара жатканда
    Как ошондо сурасаң
290   Өрдөп ара жатыптыр
    Өрдөп ара жаткканда
    Мына ошондо чоң чоку
    Чолубайдан оң чоку
    Атаңдын көрү дүнүйө!
295   Кошкондо эми он чоку
    Ааламга учу илинген
    Мына ошондо жанагы
    Ааламда жок чокусу
    Ошо жерден билинген
300   Азыркысын караса
    Чокунун эми үстүнө
    Тайылбай Жакып барды эле
    Эми чыгып алды эле
    Чыгып барса жанагы
305   Булуттан башы өтүптүр
    Мына ошондо Жакыптын
    Күнгө башы жетиптир
    Аягы жерде болуптур
    Ошо кезде береги
310   Ээ так ошондо жанагы
    Ааламга көзүн салыптыр
    Бүтүн аалам баарысы
    Эми Жакып көрүп алыптыр
    Жакып көрүп алганда
315   Атаңдын көрү дүнүйө
    Жазып ийсе кучагы
    Ааламды ороп жетиптир
    Тоголоп бүткөн жер бети
    Бүтүн курчап алыптыр
320   Аны менен эр Жакып
    Коюнуна салыптыр
    Ал аңгыча караса
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Кайдан келди билбеймин
325   Атаңдын көрү дүнүйө!
    Алтың көлдүн жээгинде
    Кең Алтайдын бегинде
    Так ошондо сурасаң
    Алтың көлдүн беп жагы
330   Бер жагы эмес мен жагы
    Мен жагы эмес сен жагы
    Так ошондо жанагы
    Атаңдын көрү коюлган
    Эре бериш чоюлган
335   Маңжылынын мазарга
    Так ошондо барыптыр
    Экөөнү эми ээрчитип
    Эми жолго салыптыр
    Маңжылынын мазарга
340   Ак боз менен алдырып
    Ай туягын чалдырып
    Мына ошондо жанагы
    Ата-бабаң арбакка
    Ырым кылып койдуруп
345   Ошо кезде береги
    Тура колдуу болор деп
    Кечээ күнү жолунда
    Так ошондо кабылып
    Кайыбынан табылып
350   Эмне болуп кетти деп
    Өңүмбү же түшүмбү
    Көрүп аткан ишимби
    Эмне болду кызык деп
    Же болбосо ааламда
355   Арта турган бузук деп
    Же болбосо береги
    Адамдын акылы жетпейт деп
    Мына ошондо береги
    Пендеден эми момундай
360   Айткан менен өтпөйт деп
    Жан кишиге билгизбей
    Курмандыкты чалды эле
    Аны менен караса
    Атаңдын көрү дүнүйө!
365   Азыркысын моюнга
    Так ошондо ал деген
    Курмандыгын чал деген
    Ошо кезде ырымы
    Эми Жакып кылыптыр
370   Маңжылыны мазарга
    Бала тилеп туруптур
    Так ошондо жанагы
    Жана тилеп туруптур
    Жана эми кылыптыр
375   Ата-бабаң арбагы
    Ээ жараткан кудурет
    деп ошондо жанагы
    Алты атабыз кан өткөн
    Аалам журтка даң өткөн
380   Жети атабыз кан өткөн
    Жерге журтка даң өткөн
    Тогуз атам кан өткөн
    Толгон журтка даң өткөн
    Ошолордун арбагы
385   Жакшылыкка жолосо
    Мына ошондо жанагы
    Эптеп тукумдарга уулу журтуу ушулар
    Эми жалгыз эле туяк берсечи ууу
    Тилегим эми келсечи
390   Эээ деп ошондо ойлонуп
    Албан түрлүү ой жооруп
    Эми жолго салыптыр
    Эми жолго салганда
    Атаңдын көрү дүнүйө!
395   Так ошондо караса
    Атаңдын көрү ордодо
    Күгүм кире күн бата
    Эки бирдей байбиче
    Аян көрүп алыптыр
400   Аян көрсө момундай
    Аян көрүп алыптыр
    Так ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Таң агарып атканда
405   Чыйырды туруп кеп айтат
    Ооо байым деп айтат
    Мен көргөндү көрдүңбү?
    Мен билгенди билдиңби?
    Мен туйганды туйдуңбу?
410   Түндө жатып түш көрдүм
    Ошондо кызык иш көрдүм
    Ошо көргөн түшүмдө
    Так ошондо жанагы
    Аргай болгон ак боз үй
415   Атаңдын көрү ак ордо
    Ак ордонун ичине
    Мына ошондо көтөрүп
    Эми кирип барыпмын
    Ак өргөөнү жасадым
420   Тогуз айы жасадым
    Мына ошондо жанагы
    Ууктарын кынаптап
    Алтын менен баталып
    Атаңдын көрү дүнүйө!
425   Ээй күмүш менен сырдаган
    Көргөн адам ырдаган
    Кирген адам жыргаган
    Ошорээкин өргөөгө
    Эми кирип мен барсам
430   Тууруна кондурган
    айдегесин болтурган
    Мына ошондо жанагы
    Алп каракуш зымырык
    Турган экен байланып
435   Мына ошондо жанагы
    Ошону кетпей айланып
    Колума кондуруп
    Атаңдын көрү алыпмын
    Мына ошондо жанагы
440   Жакын көрүп калыпмын
    Айланайын жарыктык
    Алтымыш кулач коозу
    Так ошондо тагыпмын
    Эээ бул эмине болучу?
445   деп ошондо калганы
    Айтып эми салганы
    Ал аңгыча карасам
    Эшикке чыгып момундай
    Ата кызык тамаша
450   Жети бирдей момундай
    Мына ошондо боз үйдү
    Азыр көрүп алгамын
    Ошо кезде береги
    Ар бириндн кушу бар
455   Көрүп турган ушу бар
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Мына ошондо жанагы
    Төөрдөгү боз үйдү
    Алп каракуш момундай
460   Талпынып эми койгондо
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Башын ийет ушулар
    Бөпөлөктөп үндөбөй
    Так ошондо жанагы
465   Жакшылыкка карасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Эми жоруп койгомун
    Ал эмине болучу?
    - деп ошондо калганы
470   Айтып кебин салганы
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Анда Жакып кеп айтат
    Айланайын байбиче
    Кызык экен деп айтат
475   Канча күндөн бер карай
    Мына ошондо жанагы
    Өңүмдө да түшүмдө
    Аралашып ишимде
    Эң кызыктуу иш көрдүм
480   Атаңдын көрү дүнүйө!
    Мындан бир күн мурдараак
    Мына ошондо түш көрдүм
    Бир көргөндү үч көрдүм
    Бул эмине болчу деп
485   Азыркысын бир куудай
    Берейин деп калганбы?
    Чоң кудайдан тилеген
    Келейин деп калганбы?
    Так ошондо барагы
490   Мына ошондо жанагы
    Калайыктын өзүнө
    Айтып кепти салалы
    - деп ошентип калыптыр
    Айтып кебин салыптыр
495   Ал аңгыча караса
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ырас айтат байым деп
    Түшүндүрдүр жайын деп
    Так ошондо сурасаң
500   Атаңдын көрү дүнүйө!
    Эми байбиче буйрук берди эле
    Ошо кезде жанагы
    Тогуз бирдей жылкыны
    Азыркысын алдыр деп
505   Ай туягын чалдыр деп
    Ошо кезде жанагы
    Ат улуунун баарысын
    Аксакалдап жыйдыр деп
    Калаганын кылдыр деп
510   Ошо кезде жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Жетим менен жесирди
    Бир тойгузуп салгың деп
    Мына ошондо жанагы
515   Азыркысын карасаң
    Аксакалдын баарына
    Кээ бирөөнүн сөзүндө
    Кээ бирөөнүн оозунда
    Кээ бирөөнүн деминде
520   Кээ бирөөнүн кеминде
    Так ошондо сурасаң
    Айтып эми берели
    Жакшылыкка жоруса
    Ошо кезде тилеги
525   Оңдоп чыгып калар деп
    Жакшылыкка ушуну
    Жолдоп чыгып алар деп
    Айтып кебин салыптыр
    Айтып аны калыптыр
530   Ал аңгыча караса
    Бадалбайга чаптырып
    Мына ошондо айттырып
    Тогуз бирдей жылкыны
    Атаңдын көрү алдырып
535   Ай туягын чалдырып
    Кызыл канга малдырып
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ошолрээки жанагы
    Алтайлыкка барганда
540   Кырк уруу кыргыз эл эле
    Кырк түтүн эми кем эле
    Азыркысын сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Аксакалдын баарынан
545   Ак аксакал карыдан
    Эми жыйылткан экен ушундан уу
    Ак сакалдын эр келип
    Ээй эчендеген шер келип
    Ак аксакал бөлүнгөн
550   Көк аксакал көрүнгөн
    Узун кулак карыдан
    Узун сакал баарынан
    Ак сакалдуу демдүүдөн
    Жазы жаак жалпак тил
555   Жумуру баштуу чеченден
    Көптү көргөн көсөмдөн
    Жеке чыгаар жарыштан
    Көптү билген даанышман
    Так ошондо карыдан
560   Эрениң Жакып жыйдырды
    Жыйдырганын кылдырды
    Как ошондо туруптур
    Эми мындай кылыптыр
    Атаңдын көрү дүнүйө!
565   Ылайыктуу иш болду
    Түндө көргөн түш болду
    - деп ошондо жанагы
    Ашын тартып болтуруп
    Мына ошондо жанагы
570   Оюн айтып олтуруп
    Мына ошондо жанагы
    Айтар кептен шашпады
    Сарпайыдан кийгизип
    Жер кетпеген жоргодон
575   Ар бирине мингизип
    Ок өтпөгөн торкодон
    Ар бирине кийгизип
    Андан кийин сурасаң
    Мына ошондо жанагы
580   Ай туяк эми Жамбыдан
    Колуна кармап бердирип
    Ойдогусун келтирип
    Мына ошондо жанагы
    Кызый-кызый кеп чыгып
585   Сылый-сылай сөз чыгып
    Андан кийин олтуруп
    Ой бойуна толтуруп
    Сызылтып кымыз ичишип
    Так ошондо жанагы
590   Кийген ичип чечишип
    Кеп кызыгып калганда
    Кадимкидей тамылжып
    Эт ысышып калганда
    Айтар кептен шашпады
595   Эми Жакып баштады
    Айланайын карылар
    Калк бийлеген баарыңар
    Айта турган кебим бар
    Келтире турган эбим бар
600   Эки бирде байбиче
    Мына ошондо түш көрдү
    Ага чейин эр Жакып
    Бир көргөнүн үч көрдү
    Ошону жооруп бергиле
605   Ынайыктуу түш болсо
    Дегениңе көнөйүн
    Сураганың берейин
    Түштүн башы казандай
    Мойнуң ичке кылдай дейт
610   Кайсы жакка жоруса
    Ошол жакка кетичү
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ылайыктуу түш кылып
    Ошо жакшы иш кылып
615   Эми жоруп бергиле
    - деп ошондо калганы
    Айтып кебин салганы
    Ырас айтат макул деп
    Ушунукун акыл деп
620   Как ошондо сурасаң
    Ак Балта баштап кары бар
    Так ошондо жанагы
    Ногойдон чалы дагы бар
    Атаңдын көрү Ошпурбай
625   Жылкычысы Бадалбай
    Ары жагын сурасаң
    Эчендеген кары бар
    Мына ошондо жанагы
    Атаңдын көрү Жамагат
630   Жамагаттан Саламат
    Ошол келген чагы бар
    Эним баары дагы бар
    Мына ошондо береги
    Биз билбеген канча бар
635   Отурган экен аксакал
    Ак сакалдуу баарыдан
    Ошол кезде эр Жакып
    Түшүн айтып таштады
    Мына ошондо жанагы
640   Жорур киши жок болуп
    Мына ошондо баарысы
    Калган экен токтолуп
    Токтолуп турган кезинде
    Аш бышымдай аңгырап
645   Кеп табалбай каңгырап
    Канаке эми айтчы деп
    Бирин-бири жөлөшүп
    Бирин-бири сөздөшүп
    Бирин-бири көздөшүп
650   Турган экен момундай
    Амал кетип алдырап
    Турган экен момундай
    Ошо кезде береги
    Оозуна кеп келип
655   Оо сөз кайыптын иши деп
    Жараткандын күчү деп
    Мына ошондо дем берип
    Ак Балта сөзүн баштады
    Айтар кептен шашпады
660   Айланайын калайык
    Ылайыктуу кеп болсо
    Калайыкка эп болсо
    Ушу түштү жоруюн
    Оңдоптур кудай ишиңди
665   Бериптир оңду түшүңдү
    Мындай түштү жанагы
    Адамзат жаралып
    Көрбөсө керек мындайды
    Тартпа Жакып муң кайгы
670   Так ошондо береги
    Ошол кезде чөл бүтүп
    Чөл бүткөндө өр бүтүп
    Андан чыгып барыңыз
    Андан чыгып барганда
675   Чокуга чыгып алганда
    Жоболоңуз өсөт кен
    Тилегениң бек көктөп
    Жаратканга жетет кен
    Айланайын чокуга
680   Так ошондо барганда
    Жерди эми алганда
    Мына ошондо эр Жакып
    Бериптир кудай түшүңдү
    Келтириптир момундай
685   Оңунан эми ишиңди
    Ай ааламдын өзүнөн
    Арта турган эр келет
    Мына ошондо жанагы
    Жер ааламдын өзүнөн
690   Артыгыраак шер келет
    Ушулэрек балаңыз
    Жакшылап эми караңыз
    Так ошондо сурасаң
    Тогуз кабат асмандан
695   Толуп түшкөн жанагы
    Ойдогунун баарысы
    Болуп түшкөн береги
    Алп каракуш зымырык
    Айланып учуп алганы
700   Айды жаап калганы
    Сол канаты күндү жаап
    Аягы жерге жеткени
    Башы көккө кеткени
    Айың менен күнүңдүн
705   Бир өзүнөн бүткөндөй
    Асман менен жериңдин
    Тиресинен бүткөндөй
    Мына ошондо жанагы
    Ата кокуй дүнүйө!
710   Арта турган эр келет
    Ааламдын өзүнөн
    Артыгыраак шер келет
    Айланайын кулунум
    Ээ бериптир кудай ишиңди
715   Келтириптир оңунан
    Так ошондо түшүңдү
    Тогуз кабат асманда
    Так ошондо жанагы
    Толгон күчтүн баарысы
720   Колдоп түшөт турбайбы
    Ажыдаар чыгып жериңден
    Жети кабат тегиңден
    Так ошондо келгени
    Атаңдын көрү дүнүйө!
725   Жети кабат кара жер
    Кара жердин өзүнө
    Кайыбынын баарысы
    Каптап чыгат турбайбы
    Ата кокуй дүнүйө!
730   Жети кабат кара жер
    Астындагы алп эрлер
    Колдоп чыгат турбайбы
    Жакшылыкка ушуну
    Жолдоп чыгат турбайбы
735   Мына ошондо жанагы
    Ажыдаар үстүнө
    Колдоп эми калганы
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ушу кезде береги
740   Кара чаар кабылан
    Чолок көр жар арыслан
    Ушул жел кайыптын баарынан
    Колдоп жүргөн улуу күч
    Эми жакшылыкка бурулар
745   Ааламга гана даңкың угулаар уу
    Мына ошондо кырк бөрү
    Ушу кырк атаң өткөн кыргыздын
    Колдогонуң эмеспи
    Жакшылыкка кырк атаң
750   Жолдогонуң эмеспи
    Кырк уруу кыргыз мура журт
    Сыйынып келет турбайбы
    Бир өзүңдүн артыңдан
    Жыйылып келет турбайбы
755   Айланайын Жакыбым!
    Мындай түштү жанагы
    Аалам пенде жаралып
    Көрбөсө керек адамдан
    Ото кокуй дүнүйө!
760   Улуулата кеп салсаң
    Уламалуу кеп салсаң
    Так ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Так ошондо сураса
765   Көкө теңир жараткан
    Адам болуп кубулуп
    Көктөн жерге куюлуп
    Мына ошондо сурасаң
    Маналуу болуп келүүчү
770   Бир өзүңө берүүчү
    Жараткандын ар белги
    Жакшылыкка жолдоптур
    Мына ошондо береги
    Отуз үч жүз миң ааламда
775   Ошо кезде береги
    Кайып үстү баарысы
    Эми бул баланы колдоп
    Туулалек кезинде
    Туура чыгат жолунан
780   Төрөлөлек кезинде
    Как ошондо береги
    Арта чыгат оюңдан
    Мына ошондо береги
    Айланайын эр Жакып
785   Ошол чыгат боюңдан
    - деп ошондо Ак Балта
    Кебин айтып эңгиреп
    Ошо кезде береги
    Эс табалбай кеңгиреп
790   Оо булуң туруп калыптыр
    Ал аңгыча Бердике
    Сөзүн улап салыптыр
    Маңдайында көрүнүп
    Эми элеси кетсе бөлүнүп
795   Мына ошондо Чыйырды
    Ушурээки байбиче
    Ошол тууйт баланы
    Ата кокуй дүнүйө!
    Көрүнгөнү момундай
800   Ошонун эми карааны
    Так ошондо жанагы
    Байбичеңдин түшү экен
    Ээ так ошондо сурасаң
    Ээ көрүп аткан иш экен
805   Андан кийин карасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Алп каракуш болгону
    Ата кокуй дүнүйө!
    Ак өргөөнүн ичине
810   Желпингенде толгону
    Ушу байбиченин баласы
    Арта тулуп эр болот
    Телегейи тең болот
    Мына ошондо береги
815   Азыркысын карасаң
    Андан кийин жанагы
    Кардай болгон ак боз үй
    Жетөө бирдей тигилип
    Ар бирине куш конгон
820   Так ошондо туш болгон
    Андан кийин жанагы
    Бакдөөлөт тууйт жети уул
    Так ошондо келер деп
    Мына ошондо жанагы
825   Тилегенин берер деп
    Азыркысын карасаң
    Аганын жолун улантаар
    Баскан жерин кубантаар
    Мына ошондо береги
830   Жети уул болор деп
    Жергеси менен толор деп
    Айтып эми калыптыр
    Азыркынын баарысы
    Бата кылып калыптыр
835   Оңдоптур кудай ишиңди
    Келтириптир түшүңдү
    Жараткан эми жар болсо
    Ата-бабаң арбагы
    Көз алдыңда колдосо
840   Оңдоп берсин оңунан
    Мына эми берсин чоңунан
    Так ошондо тилеги
    Муң зарыңар келсин деп
    Тилекти эми берсин деп
845   Жалгыз болсо шер болсун
    Мына ошондо береги
    Ааламдан артыкча
    Арта турган эр болсун
    - деп ошондо баарысы
850   Бата кылып калыптыр
    Аркан жазып алыптыр
    Аны менен караса
    Сүйүнүшүп калыптыр
    Жооруп эми берди деп
855   Ылайыгы келди деп
    Ошо кезде карасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Жаагың эми момундай
    Жербеген жорго мингизип
860   Мына ошондо эр Жакып
    Сый урматын билгизип
    Жетиден жамбы бериптир
    Так ошондо береги
    Алтындаган сарпайын
865   Эми алып келиптир
    Ошо кезде жанагы
    Түшүңөр эми түш келсин
    Түш болбой эми түш болсун!
    Оңунан чыккан иш болсун
870   - деп ошондо баарысы
    Батасын кылып салганы
    Мына ошондо жанагы
    Эми Жакып мында калганы
    Ай артынан күн өтүп
875   Ай караңгы түн өтүп
    Күн артынан күн өтүп
    Күн караңгы түн өтүп
    Так ошондо жанагы
    Байбиченин боюна
880   Как ошондо караса
    Бала кирип калыптыр
    Бала кирсе момундай
    Даана кирип калыптыр
    Тар курсагы чоюлуп
885   Баскан сайын чоюлуп
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Баскан жериң оюлуп
    Ата кокуй дүнүйө!
    Үч айга эми толуптур
890   Төрт ай алык болуптур
    Байбиченин өзүнө
    Толгоо кирип калыптыр
    Толгоо кирсе неткени
    Как ошондо жанагы
895   Талгак болуп кетти эми
    Азыркысын караса
    Күсөгөнү табылбай
    Ойлогону кабылбай
    Атаңдын көрү дүнүйө!
900   Эмине болуп кетер деп
    Аш тамагын жайлатып
    Дасторконун жайнатып
    Бал шекерге карабай
    Башка тамак жарабайт
905   Атаңдын көрү дүнүйө!
    Жесем деп жолборс жүрөгүн
    Андан бөлөк самабай
    Так ошондо байбиче
    Ээ адаланып басыптыр
910   Как ошондо береги
    Чалкасынан жатыптыр
    Өйдө болуп жүрө албай
    Өйдөп жолгот кире албай
    Атаңдын көрү дүнүйө!
915   Мына ошондо жанагы
    Өңүнөн азып байбиче
    Так ошондо сурасаң
    Бүбү менен бакшынын
    Жаман менен жакшынын
920   Алып келип койдуруп
    Ойдогусун болдуруп
    Алар эсин табалбай
    Амал кетип алдырап
    Айла түгөп шалдырап
925   Как ошондо туруптур
    Амалы кетип куруптур
    Ал аңгыча караса
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Мына ошондо чоң мерген
930   Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ошо кезде береги
    Эрениң эми эр Жакып
    Жетимишин жыйдырды
    Каалаганын кылдырды
935   Ар биринен сурасаң
    Сураганын берем деп
    Ошо кезде жанагы
    Ошо кезде Жакыптын
    Алтыны алты там болгон
940   Эсепсиз мунуң бай болгон
    Жерге батпай момундай
    Төр түүлүгү жайнаган
    Как ошондо сурасаң
    Жетимиш эми мергенди
945   Туш-тушуна чаптырып
    Как ошондо береги
    Жолборс атып алгын деп
    Как ошондо береги
    Атып келе калгын деп
950   Эми кабар айттырды
    Как ошондо барыптыр
    Жети күнгө жетпестен
    Жети жолборс жүрөгүн
    Атып келе калыптыр
955   Как ошондо неткени
    Азыркысын кеткеми
    Жолборсттун эми жүрөгүн
    Байбичең эми жалмады
    Жеп эми калыптыр
960   Анда дагы талгагы
    Талгагы кайдан канганы
    Талгагың эми канбады
    Жети күнү толгондо
    Как ушундай болгондо
965   Жолборсттун жүрөгүн
    Мына ошондо береги
    Байбиченин башталды
    Боюндагы күмөнү
    Мына ошондо байбиче
970   Кайра жаман жүдөдү
    Амал кетип алдырап
    Как ошондо береги
    Амал кетип шалдырап
    Как ошондо неткени
975   Азыркысын берени
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Кайран эми эр Жакып
    Казына оозун ачтырып
    Карк алтынын чачтырып
980   Бая жетимиш миңдей мергенди
    Кайра жыйып келди эми
    Сурагандын баарысын
    Так ошондо берди эми
    Баргылаң эми дагы да
985   Так ошондо береги
    Бирден атып келгин деп
    Таап алып момундай
    Көк жалынан аткын деп
    Жетөөсү эми барыптыр
990   Тогуз көк жал бөөрүнүн
    Эмиң атып алыптыр
    Алып келип жүрөгүн
    Байбиченин өзүнө
    Эми берип салыптыр
995   Аны дагы жегени
    Как ошондо жанагы
    Эми талгагы мынтип каныптыр
    Жети күнгө барганда
    Талгагы кайра жаныптыр
1000   Как ошондо неткени
    Балакет басып кетти эми
    Жинди болуп байбиче
    Жеригенден жүдөдү
    Мына ошондо береги
1005   Жарылчуудай жүрөгү
    Азыркысын Жакыптын
    Алы кетти алдырап
    Эси кетти шалдырап
    Жолборсттун жүрөгүн
1010   Как ошондо күсөгөн
    Жомокчунун кебинен
    Санжыранын эбинен
    Угуп эми жүрчү элем
    Жолборсттун жүрөгүн
1015   Жесең эми талгагы
    Так ошондо басылат
    Кабагың эми ачылат
    Деп ошондо билчи элем
    Жеген сайын ушунун
1020   Талгагы жаман жанбастан
    Мына ошондо жанагы
    Жалагыч жутуп алганбы
    Же болбосо балакет
    Ажалга эми калганбы
1025   Келе электе бул бала
    Так ошондо нетти деп
    Ошо кезде байбичем
    Эбинен жаман кетти деп
    Минте берип байбиче
1030   Ажалы жетер бекен деп
    Өлүп кетсе бекер деп
    Ошо кезде эр Жакып
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Балчылардын өзүнө
1035   Балын эми тарттырып
    Төлгөчүнүн өзүнө
    Кабарын эми айттырып
    Так ошондо жанагы
    Далычы далы көрүшүп
1040   Көралбай көзү союлуп
    Кармагандын баарысы
    Колу кетип чоюлуп
    Амал кетип алдырап
    Көралышпай жалдырап
1045   Так ошондо турганда
    Мына ошондо жанагы
    Амалы кетип курганда
    Ошо кезде сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1050   Капчалдын Ала-Тоосунда
    Как ошондо сурасаң
    Кайыпчынын оозунда
    Мына ошондо береги
    Ата кокуй дүнүйө!
1055   Ошо кезде Бадалбай
    Бадалбайга барыптыр
    Ак сакалчан думана
    Как ошону сураба
    Асмандан түшкөн чоң кыдыр
1060   Эми келип алыптыр
    Эбин таппай калды деп
    Эби менен сурасаң
    Кебин таппай калды деп
    Так ошондо Жакыптын
1065   Амалы кетип алдырап
    Как ошондо бир өзү
    Кеткен эле жалдырап
    Эртерээк эми барсын деп
    Азыркысын сураса
1070   Ажыдаардын жүрөгүн
    Таап алып келсин деп
    Ошону менен сураса
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ажыдаардын жүрөгүн
1075   Жегенден эми талгагы
    Так ошондо канат деп
    Күсөөгөнү жанат деп
    Мынтип айтып калыптыр
    Айтып эми салыптыр
1080   Как ошондо жанагы
    Ажыдаар кайдан табам деп
    Эми кайда барам деп
    Ажыдаар издеп тутулуп
    Ажалга минтип момундай
1085   Кете албай эми кутулуп
    Балакетке каламбы
    Эми кайдан табамбы
    Же болбосо байбиче
    Ажырап мындан каламбы
1090   Атаңдын көрү дүнүйө!
    Байбиченин ичинде
    Төрөлелек баласы
    Жин шайтанбы адамбы
    Эмине болгон шумдук деп
1095   Эми кандай кылдык деп
    Периден келген өзүбү
    Же болбосо береги
    Балакеттин көзүбү
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1100   Эмине болгон шумдук деп
    Эми кандай кылдык деп
    Издей албай таба албай
    Амалы кетип алдырап
    Эси кетип жалдырап
1105   Баягы жетимиш миңдей мергенчи
    Баарың бирдей бери келчи
    - деп ошондо жыйыптыр
    Каалаганын кылыптыр
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1110   Аз болгондо жанагы
    Алты аттан бериптир
    Дегенине көнүптүр
    Мына ошондо алтындан
    Жакалуу тондон кийгизип
1115   Сый урматын билгизип
    Не болсо да жанагы
    Өлсөң дагы талсаң да
    Өөдө жерге барсаң да
    Арга жолдо калсаң да
1120   Ажыдаар атып келгиле
    Таап алып жүрөгүн
    Байбичеге бергиле
    - деп ошондо издетип
    Басар жолун түздөтүп
1125   Эми жолго салыптыр
    Жетимиши жанагы
    Олжого мындай тулдук деп
    Эми кандай кылдык деп
    Эми кайда барабыз
1130   Ажыдаарды биз издеп
    Эми кайдан табабыз
    - деп ошондо жанагы
    Чөлдүн үстүн кыдырып
    Жердин үстүн сыдырып
1135   Тоонун үстүн кыдырып
    Түзөңгү жерди кыдырып
    Так ошондо жанагы
    Ат боройлоп сыдырып
    Ааламдын жүзүн кыдырып
1140   Эчендеген жер чалып
    Эчендеген бел чалып
    Ашууң ашып таш басып
    Оролдун бери тоосуна
    Ошо кезде жанагы
1145   Кайыптуу тоонун оозуна
    Ошо жерге барыптыр
    Канча күндө билбеймин
    Так ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1150   Барган адам дүрбөгөн
    Кирип адам жүрбөгөн
    Тирүү пенде барбаган
    Барган аман калбаган
    Так ошондо жанагы
1155   Жети баштуу ажыдаар
    Жалгыз баштуу арам бар
    Балакеттүү шор деген
    Казып койгон нор деген
    Так ошонун өзүнө
1160   Мына ошондо жанагы
    Оролдун бери тоосунда
    Айлампалуу Ала-Тоо
    Так ошонун оозунда
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1165   Түнөктөп гана жаткан ажыдаар ооо
    Уламадан угуптур
    Билгичтерден бек сурап
    Ошондон кабар угушуп
    Эми барсаң ажыдаар
1170   Ок тартып коёр бекен деп
    Жети баштуу ажыдаар
    Жеп эми мындан сорор деп
    Как ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1175   Мына ошондо жанагы
    Басар жолун издешип
    Ажыдаардын тоосуна
    Эми жолун түздөшүп
    Ошо жердин өзүндө
1180   Мына ошондо кабылып
    Так ошондо табылып
    Жаткан жери момундай
    Так ошондо кородой
    Конгон жери ородой
1185   Атаңдын көрү дүнүйө!
    Баскан изи шородой
    Балакеттүү чоң дүмүк
    Мына ошондо береги
    Канча кыйын эр жүрөк
1190   Барып аман тутулуп
    Кете албастан кутулуп
    Ажал таап өлүшкөн
    Оо дүйнөнү көрүшкөн
    Ошо жерде жанагы
1195   Жетимиш мерген бөлүнүп
    Жабалактап барыптыр
    Айлампа сонун бурчукка
    Оңурайган жанагы
    Айламта тоонун тумшукка
1200   Как ошшондо конуптур
    Ажыдаар келип конуптур
    Ажыдаар келип болуптур
    Болгонунда жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1205   Жетимиши залп атып
    Как ошондо жанагы
    Жетимиши жалпы атып
    Аз болгондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1210   Жети жолдон атышты
    Мына ошондо жанагы
    Эми карап жатышты
    Ошо кезде ажыдаар
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1215   Атканында жанагы
    Оозунан от чыгып
    Илебинен чок чыгып
    Как ошондо жанагы
    Жаман тоңдон ажырап
1220   Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ушу кезде куралы
    Бүтүн күйүп өлүптүр
    Ажыдаар кайдан өлгөнү
    Мына ошондо жанагы
1225   Атаңдын көрү шумдукту
    Мергендер эми көргөнү
    Ажыдаардын өзүнө
    Өлө турган болгондо
    Ажыдаарга тутулуп
1230   Чын дүнүйө момундай
    Көрө турган болгондо
    Как ошондо жанагы
    Ал жол жолуна табылган
    Бадалбайдын өзүнө
1235   Кайыбынан кабылган
    Ажыдаар таап алсын деп
    Айтып барган жанагы
    Дубана пайда болуптур
    Өзү кыдыр чоң кыдыр
1240   Мына ошондо жанагы
    Көктөн эми имерип
    Чагылган отун жиберип
    Чагылган менен аткылап
    Найзагай менен таш буулап
1245   Как ошондо карасаң
    Ажыдаар минтип өлүптүр
    Мына ошондо жанагы
    Өлгөнүн эми мергендер
    Анык баалап көрүптүр
1250   Жарып эми алыптыр
    Жанына жакын баралбай
    Жети күнү момундай
    Уусу тарап кетсин деп
    Алысыраак калыптыр
1255   Так ошондо жанагы
    Жети күнү болгондо
    Ичин жарып алыптыр
    Жүрөгүн алып алышып
    Как ошондо жанагы
1260   Отуз күнү болгондо
    Аман кайра барышып
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ажыдаардын жүрөгүн
    Алып келип жанагы
1265   Байбичеге бериптир
    Өңдөн азып байбиче
    Жинди болгон эмедей
    Байлап балдуу көзү ачык
    Билги болгон эмедей
1270   Өңдөн азган байбиче
    Так ошондо жанагы
    Ажыдаардын жүрөгүн
    Эми жээп алганда
    Талгагы кетип басылып
1275   Өңүнө чыкты байбиче
    Так ошондо кулпурум
    Жүзүнө келди байбиче
    Как ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1280   Көргөн адам кеп айтып
    Көрүнгөн адам бек айтып
    Эмине болгон шумдук деп
    Мунун туур баласы
    Балакетти дүмөктөп
1285   Атаңдын көрү дүнүйө!
    Табылбай эми жүрөк деп
    Өлүп кала таштадык
    - деп ошондо мергендер
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1290   Аман-эсен келгендер
    Ошо кезде жанагы
    Уламалуу кеп кылып
    Кыдырдын эми көргөнүн
    Узун сабаа кеп кылып
1295   Улап-улап айтышып
    Мына ошондо жанагы
    Эне бою балкышып
    Байбиче качан тууйт деп
    Аны күтүп жатышты
1300   Так ошондо жанагы
    Чоң үчкүгө батышты
    Ошо кезде сурасаң
    Тогуз айы толуптур
    Тогуз күнү болуптур
1305   Ошо кезде байбиче
    Туур күнү болуптур
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Туур күнү болгондо
    Тогосу эми башталды
1310   Так ошондо жанагы
    Өйдө болсо бели ооруп
    Эки кара саны ооруп
    Бүткөн бойдун баары ооруп
    Кыймылдаса жанагы
1315   Эне бою былкылдап
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Өөдө бойдун баарысы
    Ажырап эми кетти дейт
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1320   Устаканы бөлүнүп
    Чыга жаалы жетчидей
    Так ошондо байбиче
    Көзүнүн жашы төгүлүп
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1325   Табылгы түбүн карманып
    Жаратканга жалбарып
    Дооло түбүн карманып
    Так ошондо береги
    Ата-бабаң арбагы
1330   Колдой көр деп жалбарып
    Дабылгы түбүн кармаса
    Бекемирээк болор деп
    Тоодо түргүн кармаса
    Күчтүү бала туар деп
1335   Аны менен караса
    Ырымын мындай кылдырды
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Эки күнү болгондо
    Эби кетип байбичең
1340   Эстен танып алдырап
    Кеби кетип байбиче
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Балада курсак чирелсе
    Курсактагы баласы
1345   Кадимкидей тирелсе
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Белдемчинин тигиши
    Беш жеринен үзүлүп
    Байбиче көзү сүзүлүп
1350   Анан сайын анталап
    Жаратканга санталап
    Так ошондо жалбарып
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Менин жанымды жээчү балабы?
1355   Жарып ичтен алабы
    Же жарып жесир калабы
    - деп ошентип жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Мына ошондо эр Жакып
1360   Байбичени көргөндө
    Ак өргөөнү көтөрүп
    Мына ошондо жанагы
    Көтөргөндө киргизип
    Сый урматын билгизип
1365   Бүбү менен бакшыны
    Жаман менен жакшыны
    Жыйып эми турду эле
    Аралаш ырым кылды эле
    Ырымын кылып жалбарып
1370   Так ошондо береги
    Аз да жараткандын өзүнө
    Арызын айтып турушту
    Ырымын мындай кылышты
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1375   Так ошондо жанагы
    Кыз келиндин баарысы
    Эми минтип барышып
    Жандалбастап суу үркүп
    Азыркысын калышып
1380   Үчүнчү күнү болгондо
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Айкайын укса байбиче
    Мына ошондо жанагы
    Анча мынча жүнү бош
1385   Эми жанда түңүлдү
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Кыз келиндин баарысы
    Өөдө-төмөн жүгүрүп
    Ээси кетип алдырап
1390   Эс табалбай жалдырап
    Как ошондо жанагы
    Төртүнчү күнү болгондо
    Так ошондо жанагы
    Кереге түбүн карманып
1395   Мына ошондо береги
    Келиштире жарбарып
    Умай эне Улукман
    Уялбай ичин оңдотуп
    Мына ошондо байбиче
1400   Жакшылыкка жолдотуп
    Бешинчи күнү болгондо
    Так ошондо береги
    Ата кокуй белим деп
    Мына ошондо береги
1405   Көзгө ажал көрүнүп
    Көөңүлү бөлүнүп
    Мына ошондо жанагы
    Эс табалбай алдырап
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1410   Бакаңды бермап? бакырды
    Бүбү менен бакшыны
    Эми эсин койбой чакырды
    Ата түндүктү кармап түйүлдү
    Эми көргөндөр жандан түңүлдү
1415   Алтынчы күнү болгондо
    Ай аябай толгондо
    Айланайын байбиче
    Алдан сайын жанагы
    Ай кайы катуу дуу болду
1420   Так ошондо жанагы
    Баскан жери чуу болду
    Как ошондо нетти деп
    Мына ошондо береги
    Айлы калбай энтелеп
1425   Ээси кетип жалдырап
    Эс табалбай алдырап
    Мына ошондо жанагы
    Жетинчи күнү болгондо
    Ошо кезде эр Жакып
1430   Ак сар башы төө айтып
    Ай туякка бээ айтып
    Айракөчтөн төө айтып
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ай эми деп? уй айтып
1435   Мына ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    А Чолпон Ата тукуму
    Ак сар башы кой айтып
    Как ошондо жанагы
1440   Курман кылып ушуну
    Жетим менен жесирге
    Мына ошондо мискинге
    Садага кылып таратып
    Жан жанына каратып
1445   Садагасын тарттырып
    Сар улагын чаптырып
    Ырымын эми кылдырып
    Так ошондо турду эле
    Амалы кетип курду эле
1450   Ошо кезде береги
    Сегизинчи күнү толуптур
    Мына мындай болуптур
    Байбичени караса
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1455   Баскан жери оюлуп
    Кармаганы чоюлуп
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Жандан эми тоюнуп
    Өлө турган болуптур
1460   Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ажалы келип чоң мүшкүл
    Көрө турган болуптур
    Мына ошону көргөндө
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1465   Ээ кырк сегиз катын жабылды
    Жанагы чыдай камынды
    Жыйырма төрттөн бөлүндү
    Кызыгы мындай көрүндү
    Кыл арканын артышып
1470   Басаң эми курсактан
    Мына ошондо тартышып
    Тарткын эми тарткын деп
    Как ошондо сурасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1475   Минтип эми жан бөлүп
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Абалы кетип алдырап
    Ээси кетип жалдырап
    Тогузунчу күнүндө
1480   Атаңдын көрү эр Жакып
    Мына ошондо жанагы
    Токсон бирдей мергенди
    Азыркысын жыйдыйрды
    Ырымын мындай кылдырды
1485   Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ошо кезде береги
    Көккө эми сундуруп
    Тосону бирдей залп атып
    Как ошондо сурасаң
1490   Тогуз жолу жанагы
    Асманды көздөй аттырып
    Мына ошондо жанагы
    Жыкаранын баары чачылсын
    Агы кетип ачылсын
1495   Так ошондо жанагы
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Мына ошондо будалап?
    Каранын баарын кубалап
    Атаңдын көрү дүнүйө!
1500   Жакшылыкка берсин деп
    Эми жараткан бала берсин деп
    Как ошондо сурасаң
    Кырк кара боз быштыны
    Кыдырата байлатып
1505   Кыракан эми шайлатып
    Азыркысын сурасаң
    Кыз болсоң үйдө калгыла
    Кыймылдабай момунда
    Эркек болсо баргыла
1510   Талаадан мени тапкыла
    Мына ошондо береги
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Эртерээк эми жеткиле
    Сүйүнчү деп кеткиле
1515   Атаңдын көрү курган жан
    Эркек бекен кыз бекен
    Аныгын билип алгыла
    Андан кийин баргыла
    Эркек тууса момундай
1520   Анда Кудай бергениң
    Эгер эми кыз тууса
    Балакет гана башка да келген уу
    Башка чукак мен элем
    Мына ошондо жанагы
1525   Эркек тууп койсо эгер
    Ээ мына ошондо жанагы
    Кулап кетип жүрбөйүн
    Кулап кетсем эгерде
    Ар ким шылдың кылбасын
1530   Атакебиз куулап калды деп
    Кыз келиндин баарысы
    Шылдың кылып турбасын
    Өлсөм дагы талсам да
    Жыгылсам да калсам да
1535   Ээн жерге барайын
    Эмне болсо анысын
    Ошондон угуп алайын
    деп ошондо эр Жакып
    Тоону көздөй салыптыр
1540   Камбар боздун үйрүнө
    Аттанып үйрүп алыптыр
    Ал аңгыча жанагы
    Мына ошондо айылы
    Ошо жерде калыптыр
1545   Кыз-келиндин баарысы
    Кырк-сегизи жабылып
    Сууну бүркүп камынып
    Ал да Кудай берсин деп
    Оо жараткан Теңирим
1550   Мына ошондо жардамга
    Өзүң эми келсин деп
    Тогуз кабат асмандын
    Күчү колдоп турсун деп
    Жети кабат кара жер
1555   Бүтү колдоп турсун деп
    Мына ошондо жел кайып
    Булу татф буруккан ?
    Аның колдоп турсун деп
    Ата кокуй дүнүйө!
1560   Ырымын мындай кылышты
    Ырым кылып турушту
    Ал аңгыча караса
    Умай эне Улукман
    Мына ошондо сурасаң
1565   Эми келдиң улуктан
    Азыркысын караса
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Жантууда жаткан балага
    Жанына жакын барганы
1570   Карында жаткан баланын
    Как ошондо камыны
    Чыгарылбай калганы
    Чыккын эми баланы
    - деп ошондо баланы
1575   Мына ошондо береги
    Урутту көздөй уруптур
    Мына ошондо баланы
    Тышты көздөй кууптур
    Анда бала кеп айтат
1580   Барбаймын эми талаага
    Так ошондо өзүмдүн
    Ырысым кайда деп айтат
    Ырысың сенин элде деп
    Мына ошондо береги
1585   Кыйнай бербей энеңди
    Так ошондо береги
    Эртерээк эми чыккын деп
    Айтканымды уккун деп
    Как ошондо калганы
1590   Калкым менин кайда деп
    Балаң айтып салганы
    Калкың сенин калкта деп
    Элиң сенин элде деп
    Элиң сенин жерде деп
1595   Как ошондо береги
    Ушуреки турмушка
    Келгин эми кыргызга
    Деп ошондо калганы
    Айтып эми салганы
1600   Ал аңгыча жанагы
    Урутту барып уруптур
    Мына ошондо береги
    Азыркысын бул бала
    Карынды катуу сүзгөнү
1605   Мына ошондо түшкөнү
    Азыркысын карасаң
    Эки колун толтура
    Кан чеңгелдеп түшкөнү
    Мына ошондо карасаң
1610   Атаңдын көрү байбиче
    Эстен ооп кетиптир
    Ажалың эми жетиптир
    Как ошондо береги
    Марту басып кетти деп
1615   Байбичеге нетти деп
    Катындын баары жабылып
    Жаны калбай камынып
    Сууну алып бүркүшүп
    Так ошондо дүрбүшүп
1620   Мына булар минтип калганы
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Ошо кезде береги
    Эсине эми байбиче
    Ошо кезде алганы
1625   Ал аңгыча караса
    Бала жерде калыптыр
    Аркасында баланын
    Айдай кара жалы бар
    Оң далынын астында
1630   Алакандай калы бар
    Оозун ачып караса
    Эки чыккан азуу бар
    Так ошондо береги
    Маңдайы жазы башы кууш
1635   Бар боюнда турат туш
    Кочкор тумшук кош кирпик
    Көркү калча көзү тик
    Жалаяк ооз жар кабак
    Жаагы жазы ээги узун
1640   Бил мүчөлүү бадырек
    Эр мүнөзү көрүнөт
    Алакан жазып кол ачып
    Шер мүнөзү көрүнөт
    Так ошондо жанагы
1645   Оозунда Манастын
    Мына ошондо жанагы
    Эки чыккан азуу бар
    Оң бөлтөктүн астында
    Манас деген жазуу бар
1650   Аны көрүп алыптыр
    Айран азыр калыптыр
    Так ошондо жанагы
    Иши кетип оңолду
    Оң бөлтөктүн астында
1655   Манас деген жазуусу
    Азыркысын жоголду
    Так ошондо неткени
    Байбичеге момундай
    Эс-акыл кирип жетти эми
1660   Балам кайда экен деп
    Мына ошондо жанагы
    Сөзүн салып кетти эми
    Ал аңгыча баланы
    Как ошондо карасаң
1665   Чочогу жатат чормоюп
    Как ошондо береги
    Өзү жатат болтоюп
    Баркырап бала ыйласа
    Тай чабым жерге уулду
1670   Анча-мынча катындар
    Эси кетип жыгылды
    Ээ так ошондо береги
    Баланы алып бергин деп
    Эми айтып калганы
1675   Бердикенин катыны
    Безилдеп баса барганы
    Мына ошондо баланы
    Эми жерден алганы
    Көтөрө албай ошондо
1680   Көлтөктөп чочуп калганы
    Ал аңгыча карасаң
    Ак Балтанын катыны
    Ал да жетип барганы
    Экөө бирдей момундай
1685   Ал алышпай калганы
    Ээ көзү тийип кетет деп
    Ошо кезде катындар
    Ээ сөзү тийип кетет деп
    Мына ошондо жанагы
1690   Бакдөөлөт басып барыптыр
    Этегине салыптыр
    Этегине салганда
    Таманынан эки ээли
    Жерге кирип калыптыр
1695   Как ошондо билдирбей
    Азыркысын барагы
    Жамандарга сездирбей
    Бакдөөлөт алып барганы
    Как ошондо жанагы
1700   Кайран энең Чыйырды
    Өзүнө бере салганы
    Мына ошондо Чыйырды
    Азыркысын карасаң
    Майдан алып келгин деп
1705   Мына ошондо жанагы
    Үч карынды момундай
    Үч кайтара салыптыр
    Ошол кезде бул бала
    Үч карындын майларын
1710   Чай кайнам калбай момундай
    Эми соруп алыптыр
    Ошо кезде береги
    Кайран энең момундай
    Ырымын мындай кылган соң
1715   Оң эмчегин салганы
    Адегенде уз чыкты
    Андан кийин сүт чыкты
    Андан кийин кан чыкты
    Чыдай албай энеңден
1720   Кадимкидей жан чыкты
    Так ошондо жанагы
    Айланайын энекең
    Ошондо союп жентекке
    Ээ мына ошондо береги
1725   Эркелетип тентекти
    Азыркысын карасаң
    Атаңдын көрү дүнүйө!
    Жетим менен жесирге
    Ачык менен мискинге
1730   Таратып эми салганы
    Ырымын мындай кылыптыр
    Так ошондо жанагы
    Азыркысын караса
    Ээ колдогондун баарысы
1735   Колтугунда чамынат
    Жөлөгөндүн баарысы
    Жайнай салып камынат
    Колдогону кырк-тогуз
    Жайнай басып билинет
1740   Так ошондо баланын
    Сүрү мынча көрүнөт
    Анча-мынча катындар
    Ичи бузук жамандар
    Көрө албаган арамдар
1745   Жанына эми баралбай
    Азыркысын карасаң
    Баланы эми алалбай
    Ээ чекесинен сүйө албай
    Так ошондо баланы
1750   Үстүнө басып кире албай
    Так ошондо коркоктор
    Үч төмөндөп жыгылды
    Мына ошондо береги
    Эси чыгып момундай
1755   Азыркысын карасаң
    Мындай болду кылыгы
    Так ошондо туруптур
    Ээ мына ошондо береги
    Баласы мындай болуптур
1760   Эми айтылып оозго толуптур уу

American University of Central Asia
7/6 Aaly Tokombaev Street
Bishkek, Kyrgyz Republic 720060

Tel.: +996 (312) 915000 + Еxt.
Fax: +996 (312) 915 028
AUCA Contacts